Кыргызстандык Азат Усеналиев 11-январда Дүйнөлүк бокс сериясында (WSB) кезектеги беттешин өткөрдү.
Усеналиев курамында болгон «Украина атамандары» клубу Алжирдин Блида шаарына барып, жергиликтүү клуб менен беттеш өткөрүштү. Азат 52 килограммга чейинки салмакта Амин Хентачи аттуу мушкер менен рингге чыгып, ишенимдүү жеңишке ээ болду. Бул жеңиши менен Азат Дүйнөлүк бокс сериясында (WSB) өзүнүн салмагынын рейтингинде 1-орунга чыкты.
Азаттын клубу бардыгы болуп 5 беттеш өткөрүп, 4:1 эсебинде жеңишке жетишишти.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg