Сочиде боло турган XXII кышкы Олимпиадага Кыргызстандан жалгыз гана тоо-лыжачы Дмитрий Трелевский барат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдайт.
Биздин спортчу Олимпиадага катышууга керектүү упайды топтоп, жолдомо алган. Бардыгы болуп Кыргызстандын делегациясынан спортчу, анын машыктыруучусу, делегациянын жетекчиси жана топтун башчысы барат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg