Кыргыз кереметинин тарыхта чоң тамга менен жазылышына салым кошкон Кадыржан Кыдыралиев деген ысым бар. «Уркуя», «Жамиля», «Улан», «Мен – Тянь-Шань», «Көк серек» фильмдерин тарткан оператор Кадыржан агайдын уулу, КРнын Эл артисти 54 жаштагы Хасан Кыдыралиев да, «Алма сабагынан алыс түшпөйт» демекчи, атасынын жолун жолдоп таланттуу кинооператор. Учурда кыргыз жана казак тасмаларынын даңкын алыска чыгарып жүрөт.
ЭМГЕКТЕРИ:
Кыргыз тасмалары
«Селкинчек, «Ата конуш», «Беш кемпир», «Маймыл», «Свет аке», «Ханбийке Назик», «Аномалия» сыяктуу 12 көркөм тасма, 7 документалдык фильмде операторлук кызматты аркалаган.
Казак тасмалары
«Абай», «Мергенчи», «Рэкетир», «Мустафа Шокай», «Жаужүрек мың бала», «Ликвидатор», «Из», баш-аягы 18 тасмада операторлук кылган. Мындан тышкары оператордун жардамчысы катары «Көчмөндөр» жана «Монгол» фильмдеринде иштеген.
– Атыңыз Хасан кыргыздарда сейрек кездешчү ат. Кыргызстанда эле төрөлдүңүз беле?
– Атам Кадыржан жетим өсүптүр. 4-5 жашка чыкканда атасы согушка кетип, дайынсыз жоголгон экен. Апасы да эрте эле көз жумуптур. Эр жеткенде Москвага барып апам Светлана менен таанышып калган. Апам москвалык казак кызы. Мен да ал жакта төрөлгөм. Москвада таенемдин колунда 8-класска чейин болдум. Ата-энем Фрунзеде жашашчу. 7-классымда эле фотоаппарат менен ар түрдүү кызыктарды, табиятты сүрөткө тарта баштагам, бирок бул кызыгуумду атама айткандан тартынчумун. Анткени кичинемден скрипкада ойноп, музыкалык мектептен да билим алгам. Классташтарым, теңтуштарым мектептен келип футбол ойноп жүрүшсө, мен скрипкамды асынып кайра мектепке кетчүмүн.
Эсимде, ал кезде скрипканы салган кап жок эле да, ата-энем кыздар асынган сумкага сал деп коюшкан. Ал сумканы көтөргөндөн аябай уялчумун. 3-класста дайыма ушул нерсе кайталанчу, мектепке эртең мененки 8де кетем, саат түшкү 12де келем. Балдар көчөдө футбол ойноп жүргөн болот. Алардын мени көрүүсүн каалабай, короодогу кермеде жайылып турган кирди аралап, кир түгөнгөндө арык менен сойлоп үйгө кирчүмүн. Ушинтип жүрсөм эле атам мени скрипкачы болот деп ойлоптур.
– Оператор болом десеңиз каршы болушу мүмкүн беле?
– Ооба, анткени оператор көп. Алардан бөлүнүп өзүн көрсөтө албай көп оператордун бири болуп калат го деп ойлочу. Ал кезде өзү Кыргызстандагы мыкты операторлордун бири катары таанылып калган. Мектептен кийин Москвага ВГИКке тапшырам деп барып, өтпөй калдым. Анткени бир орунга 100 адам тапшырыптыр, болгону 20 студент кабыл алынышы керек экен. «Кыргызфильмде» 1 жыл оператордун жардамчысы болуп иштедим. Анын арты менен көп нерсени үйрөндүм. Атам «Бишкектен оку» дейт, мен болбойм. Ошентип алыскы чыгышка аскерге кеттим. Аскерден келип 2 жыл дагы «Кыргызфильмде» иштедим. Анан максатыма жетип ВГИКти аяктап келдим. Келерим менен атам Баткендеги Зардалы айылы туурасында «Ата конуш» аттуу киного режиссёр, мен оператор катары иштедик.
– Атаңыз менен бир тасмада иштөө кыйын болдубу?
– Ал оператор болуп жүргөндө бир да жолу анын жардамчысы болгон жокмун. Мен оператор болгондо ал съёмка болуп жаткан жерге басып келчү эмес. Ал эми «Ата конушта» оңой эле түшүнүшүп иштештик. Атам менин эмгегимди эч качан сындаган эмес. Карап туруп «жакшы, балам, азамат» деп кетип калчу. Кичүү балам Жантай чоң атасы экөөбүздүн жолубузду жолдоп, оператор болуп жүрөт. Мен дагы атама окшоп балама «азамат» деген сөздөн башка эч нерсе айтпайм. Ал Алматыдагы киномектепти аяктаган, учурда 22 жашта. Алматыда азыр сериал тартып жатат. Ал жакта сериалдар күч алууда. «Жаужүрек мың бала» тасмасын тартканда 3 камера болчу. Экөөндө жардамчым менен мен өзүм болсом, үчүнчүсүндө балам турган.
– Көп учурда казак фильмдерин тартып Алматыда болот экенсиз, ал жакка кандайча кетип калгансыз?
– 1993-жылы мени бир казак фильмге чакырышты. Ал кийин көптөгөн сыйлыктарды жеңип атагы катуу чыкты. Анан 2 бөлүктөн турган «Абай» фильмин тартууну сунушташты. Келип-кетип 2 өлкөнүн ортосунда кино, жарнама тартып жүрдүм. Дагы бир фильмди тартууга чакырышты, кетейин деп жатсам жаңы фильм баштайлы дешти. Ошентип көп убактымды Алматыда өткөрө баштадым. Ал жакта менин туруктуу жашаган үйүм деле жок. Кино башталганда мен үчүн атайын батир алып беришет. Казактар мени жээн деп коюшат. Кыргызстанда дагы кино тартууну токтоткон жокмун. 2009-жылы «Свет аке», 2011-жылы «Ханбийке Назик» фильмдерине операторлук кылдым.
– Сизди Казакстандагы эң кымбат оператор, гонорары 50 миң доллар деген чынбы?
– Эң кымбатмын деп айта албайм. Акчасы сүйлөшкөнгө жараша. 50 миң доллар деп көп айтып жатышат. Ага жетпей калат го. 15-30 миң доллардын тегереги. Негизи акчага анча кызыкпайм, ким канча акча сунуштабасын чакырса барып, колдон келген жардамымды бере берем.
– Ошондой эле фильмди Кыргызстанда тартсаңыз канча төлөшү мүмкүн?
– Билбейм, мисалы, «Ханбийке Назик» үчүн мага 1 миң 500 доллар төлөшкөн. Эч качан мынча төлө деп соодалашкан эмесмин. Канча берсе да ишиме ыраазы болуп, акчаны чын жүрөктөн берсе болду.
– Казак режиссёрлору киносун сизге тарттырыш үчүн кезекке турушат деген маалымат уккам...
– Кезекке туруп калган учурлар болот. Мисалы, кино тартып жүрсөм, «качан бошойсуң?» деп режиссёрлор атайын келип сурашат. «Мынча айдан кийин же баланчасында» дейм. «Анда сен бошогондо баштайын» деп күтүп калышат. Же 2-3 кинону алдын ала сүйлөшүп, кол алыштык деп кетишет.
– Тилиңиз казакчага бурулуп калган окшойт...
– Ишиме байланыштуу казакча сүйлөөгө туура келет. 100 пайыз билем деп айта албайм.
– Атаңыздын азыр ден соолугу жакшыбы? Өткөндө маектешейин десем апаңыз «сүйлөп бере албайт» деп койду.
– Атам Кыргыз ССРинин Эл артисти. Учурда 78 жашта, ден соолугу жакшы эмес. Өзү тың эле басат, бирок жакшы сүйлөй албайт, апам карап жатат.
– Үй-бүлөңүз туурасында маалымат бере кетсеңиз. Канча балаңыз бар, жубайыңыз кайда иштейт?
– Жубайым Гаухар Сыдыкова экөөбүз 1985-жылы баш кошконбуз. Мен ВГИКте окуп жүргөндө Ленинградга практикага баргам, ошол жерден таанышып калганбыз. Кесиби үн режиссёру, бирок режиссёр катары эмгектенет. Көрсөтүүлөрдү, ар түрдүү роликтерди, документалдык тасмаларды тартат. 2 уул, 1 кызым бар. Улуу балам Абилбек менен кызым Асел Эмиратта иштешет. Экөө тең учак жүргүнчүлөрүн тейлеген борт коштоочу болуп иштешет.
– Жубайыңыз экөөңүздөр тең фильм тартуу жаатында эмгектенсеңиздер, ортодо «сен жакшы тарттың, мен көп фильм тарттым, акча аз таптың, көп таптың» деген сөздөр болобу?
– Экөөбүздүкү таптакыр эки башка багыт. Аныкы тарых, документалдуу, меники көркөм тасма. Ошондуктан эмгектерибизди сындабайбыз да, атаандашпайбыз. Мага сценарий алып келишкенде окуп эч качан түшүнбөйм. Аялыма «сен окуп анан айтып берчи» деп берем. Анткени аттарды, жылдарды жакшы эстей албайм. Ал 20 мүнөттө окуйт да, мага айтып берет. Анан сценарийди окуп, түшүнө баштайм.
– Мүнөзүңүз жумшак окшойт...
– Ооба, мен ак көңүл, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган адаммын. Мисалы, балдар үйгө кеч келип калса же чектен ашып кетишсе апасы тарбиялайт. Апасы өзү барып урушат, ар нерселерди айтат, анан мага келип «бар сен да бир нерсе дебейсиңби» дейт. Мен «ии, келдиңби, баары жакшыбы, эми укта» деп коём.
– Москвада төрөлүп, 8-класска чейин окудуңуз, учурда Казакстанда иштейсиз, сизге кайсы өлкө жакын?
– Мага Кыргызстан жагат, кыргыздар жакын. Ата-энем, досторум бул жерде. Абасы, суусу жүрөккө жакын.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!
Кыргыз эли таланттарга бай. Бирок ошол таланттарыбыз өз өлкөсүндө эмес, бөтөн жерде иштеп жатканы өкүнүчтүү. Кийинки сандарыбызда да чет жердин жылдызына айланган кыргыздын уул-кыздары менен тааныштырууну улантабыз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg