Бишкек шаарында үрөй учурган кылмыш катталды. Уйгур улутундагы киши өзгөчө мыкаачылык менен жаш аялды өлтүрүптүр. Маньякпы? Көпчүлүктүн оюна түз эле ушул суроо келди.
ТАШТАНДЫ САЛУУЧУ ЧЕЛЕКТЕН АДАМДЫН КОЛУ ЧЫГЫП КАЛГАН
11-январь күнү Биринчи Май РИИБине белгисиз адамдын кескиленген денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды салуучу челектен ички органдары жана башы жок аялдын 20дан ашык бөлүккө кескиленген денеси табылган. Адамдын сөөгүн ошол аймактын жашоочулары байкап калышкан. Челектердин ортосуна ташталган көгүш түстөгү жууркандын ачык калган жеринен адамдын колу чыгып калган экен. Андан соң дененин калган бөлүктөрүн табышып, милицияга кабарлашкан.
Кылмышкер дененин калган бөлүктөрүн дагы майдалап, полиэтилен баштыктарга салып, жуурканга ороп таштанды салуучу челекке ыргытыптыр. Анда акырек жана жамбаш сөөктөрү, 22 кабыргасы, арка сөөктөрү, эки колу жана оң колунун аты жок манжасы өзүнчө табылып, соттук-медициналык экспертизага жеткирилген. Кескиленген дене аялдыкы экени аныкталган соң бул кылмыш боюнча киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.
«СОЙКУ» ДЕГЕН ВИЗИТКАСЫН БЕРГЕН
Көп өтпөй Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган НАИЛЬ НАДИРОВ аттуу жаран колго түштү. Ал кылмышын моюнуна алып, төмөнкүдөй көрсөтмө берди: – Эч жерде иштебейм. 2013-жылдын декабрь айында Карина аттуу кыз менен интернет клубдардын биринен таанышкам. Ал мага визиткасын берип, анда жазылган номери аркылуу сүйлөшүп жүрчүбүз. Сойкулук кызмат көрсөтүп иштээрин айткан. Окуя болгон күнү аны үйгө чакыргам. Ортодо пикир келишпестик болуп кетип, ал мени жерде жаткан аттиш менен чаап жиберди. Ачуум келип балка менен уруп жибергенимде ал жыгылып калды. Каза тапкан Каринанын денесин кантип жашырарымды билбей, балта, ашкана бычактары менен майда бөлүктөргө бөлүп, уктоочу бөлмөдөгү жууркандарга ороп, жакын жерде жайгашкан таштанды салуучу челекке таштап келдим. Калган экинчи бөлүгүн экинчи жуурканга ороп, дагы алып барып таштадым. Анан башын өзүнчө баштыкка салып, жаныбыздагы курулуп бүтө элек үйдүн жер төлөсүнө ыргытып салгам. Ички органдарын да өзүнчө ыргыткам.
Кылмышка шектүү ушундай көрсөтмө берүүдө. Укук коргоо органдары кылмышка шектүү адам колго түшүрүлгөн соң ал жашаган жана окуя болгон Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйдү тинткенде шектүүнүн кандан тазаланып-жуулган кийимдери, кандын тактары бар жуулган шейшептер табылган. Ошондой эле ичилген энергетикалык суусундуктардын бөтөлкөлөрү, кылмыш жасоо үчүн колдонулган шаймандар алынган. Мындан сырткары ашканада мискейде бышкан эт болгон. Аны дагы эксперттер текшерүүдөн өткөрүү үчүн алып кетишкен. Эгер ал эт кишиники болсо, анда кылмышка шектүү каннибализмге да айыпталмакчы.
КЕСКИЛЕНГЕН АЯЛДЫН ӨЗДҮГҮ ТАКТАЛДЫАл эми мыкаачылык менен өлтүрүлүп, денеси бир нече бөлүктөргө ажыратылган Карина аттуу кыздын чыныгы аты-жөнү ким экендигин тактоо кыйынга турду. Себеби аны милиция кызматкерлери мурда сойкулук кызмат көрсөтүп жүргөн жеринен 3 жолу кармашкан. Бирок аны каттоого алганда үчөөндө тең ар башка аттарды айтып койгон. Өлкөдө сойкулук менен алектенгендер үчүн атайын жоопко тартуучу мыйзамдар жок болгондуктан, сойкуларды кармаган учурда укук коргоо органдары каттоого алышып, медициналык кароодон өткөрүшкөн соң кайрадан эркиндикке чыгарып жиберишет. Мыкаачынын колунан өлүм тапкан Карина аттуу кызды 15-январь күнү эртең менен бейтааныш аял "менин кызым" деп милицияга кабарлады. Апасынын берген маалыматына караганда, маркум Карина Кыштыбаева 1997-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү документтерди топтоп, кыздын сөөгүн туугандарына өткөрүп бермекчи.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg