КЫЗДЫН ДЕНЕСИН ЖЫЙЫРМАГА БӨЛҮП, КЕСКИЛЕП ӨЛТҮРГӨН

Бишкек шаарында үрөй учурган кылмыш катталды. Уйгур улутундагы киши өзгөчө мыкаачылык менен жаш аялды өлтүрүптүр. Маньякпы? Көпчүлүктүн оюна түз эле ушул суроо келди.

ТАШТАНДЫ САЛУУЧУ ЧЕЛЕКТЕН АДАМДЫН КОЛУ ЧЫГЫП КАЛГАН
11-январь күнү Биринчи Май РИИБине белгисиз адамдын кескиленген денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды салуучу челектен ички органдары жана башы жок аялдын 20дан ашык бөлүккө кескиленген денеси табылган. Адамдын сөөгүн ошол аймактын жашоочулары байкап калышкан. Челектердин ортосуна ташталган көгүш түстөгү жууркандын ачык калган жеринен адамдын колу чыгып калган экен. Андан соң дененин калган бөлүктөрүн табышып, милицияга кабарлашкан.
Кылмышкер дененин калган бөлүктөрүн дагы майдалап, полиэтилен баштыктарга салып, жуурканга ороп таштанды салуучу челекке ыргытыптыр. Анда акырек жана жамбаш сөөктөрү, 22 кабыргасы, арка сөөктөрү, эки колу жана оң колунун аты жок манжасы өзүнчө табылып, соттук-медициналык экспертизага жеткирилген. Кескиленген дене аялдыкы экени аныкталган соң бул кылмыш боюнча киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

«СОЙКУ» ДЕГЕН ВИЗИТКАСЫН БЕРГЕН
Көп өтпөй Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган НАИЛЬ НАДИРОВ аттуу жаран колго түштү. Ал кылмышын моюнуна алып, төмөнкүдөй көрсөтмө берди:
– Эч жерде иштебейм. 2013-жылдын декабрь айында Карина аттуу кыз менен интернет клубдардын биринен таанышкам. Ал мага визиткасын берип, анда жазылган номери аркылуу сүйлөшүп жүрчүбүз. Сойкулук кызмат көрсөтүп иштээрин айткан. Окуя болгон күнү аны үйгө чакыргам. Ортодо пикир келишпестик болуп кетип, ал мени жерде жаткан аттиш менен чаап жиберди. Ачуум келип балка менен уруп жибергенимде ал жыгылып калды. Каза тапкан Каринанын денесин кантип жашырарымды билбей, балта, ашкана бычактары менен майда бөлүктөргө бөлүп, уктоочу бөлмөдөгү жууркандарга ороп, жакын жерде жайгашкан таштанды салуучу челекке таштап келдим. Калган экинчи бөлүгүн экинчи жуурканга ороп, дагы алып барып таштадым. Анан башын өзүнчө баштыкка салып, жаныбыздагы курулуп бүтө элек үйдүн жер төлөсүнө ыргытып салгам. Ички органдарын да өзүнчө ыргыткам.
Кылмышка шектүү ушундай көрсөтмө берүүдө. Укук коргоо органдары кылмышка шектүү адам колго түшүрүлгөн соң ал жашаган жана окуя болгон Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйдү тинткенде шектүүнүн кандан тазаланып-жуулган кийимдери, кандын тактары бар жуулган шейшептер табылган. Ошондой эле ичилген энергетикалык суусундуктардын бөтөлкөлөрү, кылмыш жасоо үчүн колдонулган шаймандар алынган. Мындан сырткары ашканада мискейде бышкан эт болгон. Аны дагы эксперттер текшерүүдөн өткөрүү үчүн алып кетишкен. Эгер ал эт кишиники болсо, анда кылмышка шектүү каннибализмге да айыпталмакчы.

КЕСКИЛЕНГЕН АЯЛДЫН ӨЗДҮГҮ ТАКТАЛДЫ
Ал эми мыкаачылык менен өлтүрүлүп, денеси бир нече бөлүктөргө ажыратылган Карина аттуу кыздын чыныгы аты-жөнү ким экендигин тактоо кыйынга турду. Себеби аны милиция кызматкерлери мурда сойкулук кызмат көрсөтүп жүргөн жеринен 3 жолу кармашкан. Бирок аны каттоого алганда үчөөндө тең ар башка аттарды айтып койгон. Өлкөдө сойкулук менен алектенгендер үчүн атайын жоопко тартуучу мыйзамдар жок болгондуктан, сойкуларды кармаган учурда укук коргоо органдары каттоого алышып, медициналык кароодон өткөрүшкөн соң кайрадан эркиндикке чыгарып жиберишет. Мыкаачынын колунан өлүм тапкан Карина аттуу кызды 15-январь күнү эртең менен бейтааныш аял "менин кызым" деп милицияга кабарлады. Апасынын берген маалыматына караганда, маркум Карина Кыштыбаева 1997-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү документтерди топтоп, кыздын сөөгүн туугандарына өткөрүп бермекчи.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Таштандыдан жиликтенген аялдын денеси табылды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
Diana92kg
2014-01-21 17:11:06
кудаай 97 жылкы кыз сойку болуп журсо.... Ата энеси карабай эмне кылып журушот! блин, мен эмне дешимди да билбей калдым. бирок чынында эле кыз олумду озуно озу эле алып келиптир, мектепте окубайт беле кочодо темселеп, ар кимге озун сатып журбой.
0
bektashova_ayzada
2014-01-21 22:50:34
Билип билбей каза болгон кызды күнөөлөгөнүбүз туурабы, туугандар? биринчи кезекте мыкаачылык менен өлтүргөн кишини мыкаачылык менен жазалаш керек, эки ай деп атышат, эки айдан кийин эмне болору белгизис, эгер чыгып кете турган болсо, чыгарган кишилер да күнөөлүү болоор. Акыры мындай иштер жазасыз кала берсе кайталана бериши мүмкүн го, катуу жазалаш керек. Аман бололу!
+1
cristiano
2014-01-21 23:59:17
Байкуш кыз, жаткан жери жаннатта болсун!
+1
kuba7888
2014-03-10 18:07:09
cristiano, Сойку болсо ..Жаннатан оорун жокко дейм ...
0
Muni-muni
2014-01-22 00:23:01
Мындай адамдарды озу ошол кызды кандай кыйнаса дал ошондой кыйнаш керек. Мына бизде закондун иштебегендигин ушундан билсек болот. Сойку кыздарды да жазалоо боюнча неге закон жок??? биздин чондорубуз ушундай окуяларды коруп билип туруп неге закон чыгарышпайт??? анын ордуна кантип элдин акчасын жесем, кандай машина алсам деп ойлоп тапканы жакшы да ээ. Башка ларга да сабак боло тургандай чара корулуш керек бул мыкаачыга жана башка сойкуларга да!!! бул менин оюм.
0
mersedes2013
2014-01-22 02:04:01
кудай сактай кор .маньк экен таптаза эле ички органдардан бери кескилесе.тоокту сойо албайсын го коркуп.бул эмне шумдук.
0
mersedes2013
2014-01-22 02:05:25
биздин Бишкек шаары криминалдуу болуп баратат.тартип жок.мындай болсо келечекте эмне болот
+1
Nurs19.kg
2014-01-22 14:33:12
Мискейде эт бар экен дептир го,киши жейт го бул желмогуз
0
Nakinai
2014-01-22 17:35:45
бул баланын эки колун мясровкадан откоруп, чолок кылып анан камаш керек.
0
aisuluwa
2014-01-22 23:52:08
Ой тообо кудай сакта 97кыз жон эле мектепке барып окуп эле журбойбу ата-энеси козомолдобойбу.ошондуктан ачкалыктан олуп баратсанда сойкулука барбаш керек,сойку деп ар нерсе кылып билгенин жазашат
0
alibekova94
2014-01-23 15:03:14
ужас какой-то! журогум тушуп отурам Аллах озу сактасын ! Кыргызстанда ушул сыяктуу окуялар болуп жатса биз чет жакта кантип кун откорот экенбиз.... ОЙ БИЙЛИКТЕГИЛЕР КОЗУНОРДУ ЧОООООООН АЧКЫЛАЧЫ!!!!!! ЗАКОН КАЯКТА? ех чарчап кетесин сагынып кеткин келет жакшы кабар угамбы деп окусан ужасные истории ..... МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ кичине честный болуп иштесе хотя бы олко онолмок!!!!!!
+1
ayva
2014-01-23 18:47:04
сойкуларды коркутуптур эми калбай калса экен сойку дегендер
0
kuzya90
2014-01-23 18:50:33
Саламатсыздар! ушундай мыкаачыны атып жок кылган жакшы да мактангансып корсотосунор коп болсо 10жыл отурат.
0
kolya121212
2014-01-24 04:23:33
Суд медэксперттерге не завидую. Кандай гана байкуштардын жумушу оор ээ. 97- ж кызга окшобойт. Чон корунот экен. Маркум жаш каза болуптур. Мыкаачы псих-к оорукчан. Ото жырткыч экен. Андайлар адам болбойт. Олум жазасын беруу керек
+1
KaSuBa
2014-01-24 10:54:32
Ай ай ай абдан коркунучтуу жана кейиштуу окуя болуптур
0
temi
2014-01-25 11:31:09
Неге супер инфодо видео жакшы корсотпойт админ??? скорость деле жакшы учат бирок сиздердин сайтыныздарга келгенде еле видео башталып барып токтоп ошол бойдон перезагрузка кылсам дагы иштебей калат ушуну карап бересиздерби админ???
+1
№ 585, 17-январь-23-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан