РЫСАЛИЕВ МЕНЕН ЮСУПОВДУН ТАНДЕМИНДЕГИ БЫЛЫКТАР

10-январь күнү Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясы жыйын өткөрүп, анда мародёрчулук боюнча коомчулукка айтылбай келген кептердин көбүнүн бети ачылды.

ЮСУПОВ КИМДИН КУРАЛЫ?
«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары жаңы жыл алдында Бишкек шаарындагы №1-тергөө абагына соттолгон Раушан Рыкунованын кайрылуусунан улам жагдайды текшерүүгө барышкан. Р.Рыкунова «Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган мезгилдеги тартип бузууларга көңүл буруп койсоңуздар» деп жазган өз кайрылуусунда. Ал абакта кармалып отургандардын айрымдары үчүн өзгөчө шарт түзүлүп берилгенин билдирген. Сөз төркүнүндө – Абдулла Юсупов. "Зарылбек Рысалиев аны «Ата Мекен» партиясына мародёрчулук боюнча жалаа жабууга курал катары гана колдонгон" деп айтып берди №1-СИЗОго барган депутаттардын бири Ташболот Балтабаев. Эске салсак, Абдулла Юсупов Апрель окуясындагы талап-тоноочулук иши боюнча Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынан депутаттар Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековду айыптаган көрсөтмөлөрдү берген.
Курал болгонунун акысы да белен чыгар, абакта отурган Абдулла Юсуповго сырттан түрдүү тамак-аш ташылгандан тышкары, сойкулар (!) да киргизилип турганын билдирген атайын прокурор бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалады.
«Зарылбек Рысалиев өз кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди Абдулла Юсупов отурган абакка тынбай жөнөтүп турган. Алты ай ичинде экөөнүн 66 жолу көрүшкөнү боюнча тиешелүү кагаздар бар. Мындай окуя тарыхта болбоптур. Ушундай эле мисал Калыбек Качкыналиевдин уюшкан кылмыштуу дүйнөнүн лидери Азиз Батукаевди аэропортко чейин узатып барганынан көрүнөт. Зарылбек Рысалиев криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен байланышы бар. Погондорун героин жана акчага теңеп калган генералдарды камоо керек»,- деди жыйында депутат Жоомарт Сапарбаев.

СИЗОНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭМНЕ ДЕЙТ?
№1-тергөө абагынын мурдагы жана учурда иштеп жаткан ондон ашуун кызматкерлери «Абдулла Юсупов өзүн Кудай сезип алып, абакта хандай жүрөт» деп билдиришти. Айтымдарында, абакта отурган Юсупов СИЗОдо көмүскөдөн кадрдык маселелерди чечүүчү адамга айланып алган. «Биз бир канча жолу анын жанындагы тыюу салынган буюмдарын, уюлдук телефонун алууга аракет кылганбыз. Бирок ал дароо эле Зарылбек Рысалиевге чалып, арызданууга өтчү. Атүгүл «силерди иштен алдыртам, жумушу жок каласыңар» деп опузалоого киришер эле. Юсупов «мен кимге эмне тууралуу айтып берсем, мага чоңдоруңан баштап баары ишенет» дечү. Барып-барып Абдулла Юсуповду көргөндө качып калганбыз» дешет алар.

ДАЛИЛДЕР ЖАСАЛМА БОЛУП ЧЫКТЫ
Жыйынга Абдулла Юсуповду Жалал-Абад облусунун Сузак районуна коштоп барган Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын «Омега» атайын бөлүмүнүн кызматкерлери да катышты. Анын бири Юсупов сарайдан алып чыккан гранаталарды "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден алдым" деп көрсөтмө бергенин айтып берди. Кийинчерээк кылмыш ишинин материалдарында Өмүрбек Текебаевдин аты-жөнү башка «ата мекенчи» депутат Райкан Төлөгөнов менен алмаштырылып калган. «Ата мекенчи» депутаттардын пикиринде, бул – фальсификация. Башында Юсуповго «ушинтип айтасың» деп буюрушкан, бирок кийин башка далилдерине туура келбей калганы үчүн «Райкан Төлөгөнов деп койсок, эл ишене берет» дешип, "далилдерди жасалмалашкан" деп жыйынтык чыгарышты депутаттар.
Сузак РИИБинин башчысы Нурбек Жаныбековго байланышсак: «Абдулла Юсуповду Сузак районуна алып келишкенде аймак бизге караштуу болгондуктан жана коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында биздин кызматкерлер менен өзүм да коштоп баргам. Иш боюнча процессти Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен Тергөө башкы башкармалыгы жүргүзүшкөн. Юсупов сарайдан гранаталарды алып чыга электе «Гранатаны мага Текебаев берип жөнөткөн, Бакиевдердин дачасын жардыруу максатында» деп сүйлөп жатканын уккам. Бирок жардыруучу заттарды сарайдан алып чыгууда мен кирген эмесмин, кичинекей сарайга батууга мүмкүнчүлүк жок эле»,- деди.
Ошентип, «Ата Мекен» фракциясы Зарылбек Рысалиевдин жана анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жана тергөө тобунун Жогорку Кеңештин депутаттарына карата далилдерди жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылып Башкы прокуратурага кайрылды.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
future_kg
2014-01-20 10:16:21
Гранаталарды Юсупов озу алып чыгыптыр, кантип ишенип озуно алып чыктырды, жардырып жиберсе не болмок! Ушул жери окшобой калыптыр)
0
Saiha.84
2014-01-20 16:15:54
Кимисиники туура кимисиники чын экени белгисиз айтор,бири биринин былыктарын чукуп эле келеатышат,андан кору Кыргызстандын экономикасын ушундай энтузиазм менен которсонор кана
0
omurbekkutibaev77
2014-01-23 11:51:10
Кайактагы бир эшектин созуно кирип кайактагы бир эшек келип, Кыргыздарды, Кыргызстанды ондойм дегендердин убактысын алып жок кылууга аракет кылып жатат...
0
hakker
2014-01-25 17:58:50
Мумкун Юсуповдун айтканы чын чыгаар.Бийлик алмашпайынча бул нерсе ачыкка чыкпайт.Текебаевди азыр ким камай алмак эле андай ою бар адамды наоборот Текебаев кызматтан шыпыртып таштады.Мурунку бийлик элдин мулкун кандай талап-тоноп жеп келген болсо азыркы бийлик андан бешбетер кылып атат.Бийлик алмашканда чыныгы жуздорун коробуз же чет олкодогу хан сарайларына качып кетишеби..........
0
№ 585, 17-январь-23-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан