Баткен районунун Ак-Сай айылындагы абал акыркы эки айдан бери тынч эмес. Өткөн жылдын аягында 17-декабрда дал ушул айылда кыргыз жаранына тиешелүү чайканадан өрт чыгып, ага ак-сайлыктар коңшу жайгашкан тажиктерди айыпташкан эле.
11-январь күнү чак түштө Ак-Сай – Көк-Таш айылдарынын ортосундагы суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетишип, кыргыз тараптан 6 адам жаракат алды. Ал эми тажиктерден 3 адам жабыркаганы айтылды. Жергиликтүү калктан кабар алып, учурдагы абал тууралуу сурадык.
Ак-Сай айылдык округу Тажикстандын Ворух анклавы жана Мачайи айылы менен чектешет.
Аянты – 30 миң гектар.
Калкы – 7765 киши.
1980-жылы – Ак-Сай совхозу болуп түзүлгөн.
Негизинен кыргыз жана тажик улутундагылар жашайт.
ТИРЕШТЕН 6 КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫСЫ ЖАРАКАТ АЛДЫ
Чырдын башы Ак-Сай – Тамдык – Көк-Таш унаажолун курууга тажик тараптын каршылык көрсөтүүсүнөн улам чыккан. Кыргызстандын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьери Токон Мамытов «Тажикстандын чек ара кызматынын атайын күчтөрүнүн командири кырк чакты аскери менен келип, кыргыз чек арачысынын башына тапанча такап, Ак-Сай – Көк-Таш жолун курууну токтотууну талап кылган. Эки тарап айтыша кетип, тажик өкүлү үч жолу кыргыз чек арачысынын ичине аткан, андан соң эки тараптан тең атышуулар башталган» деп окуя боюнча билдирүү таратты.
Буга байланыштуу «тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына 100 метр кирип келишип, биринчи болуп ок аткан, эл аралык келишимдер боюнча тыюу салынган миномёт, гранатомётторду колдонгон» деп Кыргызстан тажик тарапты күнөөлөдү. Тажикстан Кыргызстанды «эки өлкө ортосундагы такталбаган аймакка жол куруу иштерин жүргүзүп жатат» деп айыптоодо. Тажик бийлиги Кыргызстанга талаштуу жерге жол курбай турууну талап кылып бир нече ирет кайрылганын, ага карабай кыргыз тарап ишин улантып жатканын кошумчалады. Бизден «жол курулуп жаткан аймак Кыргызстандыкы жана жол куруу иши эл аралык мыйзамдарга каршы келбейт» деген жооп болду. Учурда чырдын чыгышына шылтоо болгон жолду куруу иштери ИИМдин күзөтү аркасында улантылууда.
14-январда кайрадан кыргыз-тажик чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болуп, анда тажик тарап аталган жолдун курулушуна кескин түрдө каршылык көрсөтөрүн айтышты. «Жолугушууга тажик чек арачылары толук куралданып, бронежилетчен келишти»,- деп чек ара кызматы билдирди. Кыргызстан жолду куруу тажик тараптын каршылыгына карабай улантыларын айтты. Жолугушуудан соң атышуу болгон аймакта кырдаал күчөтүлгөнүн аталган кызмат кабарлап, көп өтпөй эки өлкөнүн чек ара жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүшкөнүн, маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө макулдашышканын кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, 14-январь күнү КРнын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандагы Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Урмат Саралаевди мамлекеттик кеңешмеге катышуу үчүн чакырып алгандыгын, ал чек ара чырына байланыштуу тергөө иштери бүтмөйүн Дүйшөмбүгө жиберилбей тургандыгын маалымдады.
Ушул эле күнү президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчы өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин улантуу зарылчылыгын баса белгиледи.
Эртеси күнү, 15-январда эки тараптуу жолугушуу болуп, анда кыргыз-тажик чек арасындагы калктуу жайлардан аскерий бөлүктөрдү чыгаруу боюнча макулдашылды.
Бул кагылыш чет өлкөлүктөрдү да кызыктырып, орусиялык «РИА-Новости» маалымат агенттиги кыргыз-тажик чек ара чатагы боюнча «2014-жылдын биринчи согушу бир саатка созулду» деген макала жарыялады. Анда алар «Орто Азиядагы коопсуздук коркунучу НАТОнун аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышында эмес, коңшу мамлекеттердин ортосундагы эле мамиледе» деген пикирди билдиришкен.
МААНИЛҮҮ ОБЪЕКТИЛЕРДИ МЭЭЛЕП АТЫШКАН
КРнын Чек ара кызматынын чек араларды коргоо боюнча башкармалыгынын башчысы Саитжан Эратовдун айтымында, тажик чек арачылар стратегиялык маанилүү объектилерди мээлеп атышкан. «Тажик тарап жалпысынан миномёттон 7 ок чыгарышты. Алар көпүрөгө, жаңы жол курулуп жаткан аймакка, биздин снайпер жайгашкан жайга, суу топтом жана аскерлердин турак жайларына мээленгендиги аныкталды. Жарылбаган снаряд аталган суу топтомдун жанында экен. Эгер ал жарылса, анда аймактагы айылдарды суу каптап кетмек. Ал эми миномёттун бири электр трансформаторунун жанында жарылып, ал керектен чыккан. Анын кесепетинен Ак-Сай айылы трансформатор алмаштырылгыча жарым күн жарыксыз калды»,- дейт Эратов.
Бир саатка созулган атышуудан алты кыргыз чек арачысы жаракат алды. Алардын бирөөсүнө Баткен облустук ооруканасында операция жасалды. Жараат алгандардын үчөөсүн 12-январда Бишкекке алып келишти.
Учурда эки мамлекет тең өз чек ара бекеттерин жаап, каттоону убактылуу токтотту.
Эки өлкө тең ЖККУнун мүчөсү. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевдин айтымында, Кыргызстан да, Тажикстан да бул маселе боюнча уюмга кайрылган жок.
«ЧЕК АРАНЫ ЭЛДИК КОШУУНДАР ДА КАЙТАРУУДА»
Окуядан кийинки элдин абалын билели деп Ак-Сай айыл округунун башчысы АБДИПАТТА БЕРДИЕВге 14-январда байланышканыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду:
– Айылда азыр абал турукташып калды. «Айыл тургундары көчүп кетип жатат» деген маалыматтар жалган. Бардык ишканалар, мектеп, бала бакчалары демейдегидей эле иштеп жатат. Учурда элдин коопсуздугун коргоп облустук жана райондук ички иштер башкармалыгынын, чек ара кызматынын кызматкерлери чек араларды кайтарышууда. Негизи Ак-Сай айыл аймагына караштуу 6 айыл бар. Алардын ар биринде элдик кошуундар түзүлүп, кезектешип айылды кайтарууга алышууда.
«ЭРКЕКТЕР ДАЯР ЭЛЕ ТУРУШАТ»
Ак-Сайдын тургуну ЫРЫСБЕК ЭЛЧИЕВ буларды кошумчалады:
– Атышуу болгон учурда мен үйдө эс алып жаткам. Бир кезде коңшулар ызы-чуу болуп калышты. Көчөгө чыгып, «эмне болуптур?» деп сурасам, «Айылдагы суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз-тажик чек арачылары атышып жатыптыр» дешти. Айылдагылар бат эле чогулуп калдык. Биздин айылда мындай окуялар көп болгондуктан, эркектер даяр эле турабыз. Чалышып, чогулуп эле элдик кошуунду түзүп, кезектешип күзөткө туруп калдык.
«ЖОЛ ЖАБЫЛЫП, АЙЫЛГА ТООНУ АШЫП КЕЛДИК»
Ак-Сай айылынын айыл башчысы ЭРКИНБАЙ ЖОЛЧИЕВ абал боюнча буларды айтып берди:
– 11-январь күнү айылда эмес болчумун. Окуя боюнча мага биринчи эле шаардык милициядан кабарлашты. Алар айылга алгачкы кошумча күч катары чек арачыларды ала кетишим керектигин айтышты. Аларды ээрчитип баратсам жол жабык экен. Атышуу болгондон кийин эле тажиктер жолду жаап коюшуптур. Биздин Ак-Сайга Тажикстан аркылуу гана өтөбүз.
Ошентип, чек арачылар менен тоону ашып, башка айылдар аркылуу Ак-Сайга келгиче кеч кирип кетти. Келсек элдик кошуун түзүлүптүр. Мен айыл башчы катары элге «Эртең бир нерсе болсо мен жооп бере албайм. Уруш болот деп да, болбойт деп да айта албайм. Тууган-уругуңардын үйүнө үй-бүлөңөрдү жеткиргиле» дедим. Азыр тажик тараптан майда-барат чагымчыл иш-аракеттер болуп жатат. 13-январь күнү Ворухтун бир жараны мас абалында унаасы менен биздин айылга кирип, авария болуптур. Жанында куралы да бар экен.
«АЙЫЛ ЭЛИ УБАКТЫЛУУ БАШКА ЖАКТАРГА КЕТИП ЖАТЫШАТ»
Ак-Сайдын дагы бир жашоочусу ЗИКИР САБИРОВ кырдаал боюнча:
– Учурда айыл тынч болгону менен, жашоочуларда кооптонуу бар. Окуядан кийин айыл тургундары бала-бакырасын, кары-картаңын Баткенге, башка коңшу айылдарга жиберип жатышат. Бирок биз үй-бүлөбүз менен эч жакка кеткен жокпуз.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg