«FONEX» БАНКРОТ...

  • 2013-жылы «Түндүкэлектр» ишканасына электр энергиясынын керектөөчүлөрүнөн түшкөн сумма 4,2 МИЛЛИАРД сомду түздү.
  • Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкөдө 80 миң тонна ТӨӨ БУУРЧАК өндүрүлүп, 40 миң тоннага жакыны дүйнөнүн 16 өлкөсүнө экспорттолгон.
  • 14-январда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен болуп өткөн кеңешмеде президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ чек арага жакын жайгашкан райондун жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылууну, ал аймактардагы инфраструктураны жакшыртуу тапшырмасын берди.
  • 1-марттан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин айрым категорияларынын ЭМГЕК МАЯНАЛАРЫ 37 пайызга жогорулайт.
  • Түштүк Кореянын Ханяң университетинде окуган жердешибиз Нурсултан Алтыбаев аталган өлкөдө КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАҢГАГЫ сатылып жатканын жана жогорку суроо-талапка ээ экенин маалымдады.
  • СОВЕТБЕК АРБАЕВ Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүнүн кол башчысы болчу.
  • Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими менен «АкТел» ЖЧКсы («FONEX») 2013-жылдын 22-ноябрынан тартып БАНКРОТ деп табылды.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 585, 17-январь-23-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан