15-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Кылмыш жана жаза кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун колдобой коюшту. Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыккан мыйзам долбоор колдоо тапса, «мамлекеттик чыккынчылык», «паракорчулук» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш кылган чиновниктер убакытка шылтап кылмыш жообунан кутулуп кете алышмак эмес.
Добуш берүүгө 99 депутат катталып, 44ү «макул», 55и «каршы» деген добуш беришкен. "Ата Мекен" фракциясы мыйзам долбоорду 100 пайыз колдосо, КСДП, "Ар-Намыс" жана "Республика" эки ойдо калып кетишти. Ал эми "Ата Журттун" 1 дагы депутаты "макул" деген добушун бербөө менен 100 пайыздык каршылыгын көрсөттү.
Аталган мыйзам долбоорду “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыккан. Учурда жогоруда аталган беренелер боюнча 10 жыл ичинде кылмыш мөөнөтү эскирет. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анда 2003-жылы «Кумтөр» боюнча мамлекетке зыяндуу келишимди ишке ашырышкан деп айыпталып жаткан чиновниктер кылмыш жообуна тартылышмак. Ал келишимдин алкагында экс-министрлер Болот Абилдаев, Темирбек Акматалиев, ошондой эле учурдагы парламенттеги депутат Курманбек Осмоновго айып тагылган. Мамлекетке келтирген зыяндары үчүн жооп берип калуудан качып, мыйзам долбоорго каршы добуш бергендердин аты-жөнү менен бул жактан тааныша аласыздар.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg