«Бейиш эненин таманынын астында» деп бекеринен айтылбайт элибизде. Баласы канчалык жогору көтөрүлбөсүн, атагы таш жарып, таанымал болбосун, ал эне үчүн бала бойдон калат. «Азыр деле апам жылуу кийиндиңби, курсагың токпу деп сарсанаа боло берет» деген пародист, ырчы Мерген Турган апасы тууралуу кызыктарды айтып берди.
«АТАМА ЖАКШЫ КИЙИМ АЛЫП БЕРЕ АЛГАН ЖОКМУН»
– Мен Ат-Башынын Арпа жайлоосунда боз үйдө төрөлгөм. Апам Үмүт 28 жашында мени жарыкка алып келиптир. Атам ал кезде мергенчиликке кетип, аркар атып келген экен. Чоң атам аркардын майы менен мени оозантып, Мерген деген ысым коюптур. Апамдардын көптөн бери төрөй албай жүргөн теңтуш кошунасы ырымдап киндигимди кескен экен. Кызыгы, жыл айланбай ал төрөптүр. Менин катуу-катуу сүйлөп, шайыр жүргөнүмдөн апам «киндик энеңе окшошсуң» дей берет.
Балалыгым Нарындын Ак-Коргон айылында өттү. Үйдө 11 бир туугандын алтынчысымын. Атам 1993-жылы 56 жашында кайтыш болду. Азыр ойлосом, жаш эле кеткен экен. Бир өкүнгөнүм, атама жакшы кийим алып бере алган жокмун. Ырчы катары таанылып калганда үйгө майда-чүйдө алып барсам «Сен эмнеге ар нерсени ташып жатасың? Сени ырчы деп коёт, өзүңө алып кий. Мага эч нерсе алып келбе» деп урушту. Мен да унчукпай калыптырмын. Ошондо алып берсем болмок экен деп арман кылам эми.
«НАРЫН СУУСУНА ТҮШҮП ӨЛӨМ ДЕП...»
– Апам абдан жароокер жан, мага өзгөчө мамиле кылчу. Менден улуу үч эжем чоңоюп, окууга кетип калышты. Апам болсо дүкөндө иштейт, жумуштан чарчап келип, башым деп суй жыгылат. Балдарды тойгузуш керек да, анан тамак жасап кирет. Апамдын жасаган тамактарын байкап туруп, окшоштуруп даярдап жүрдүм. Тузу аз же көп болсо да апам аябай ыраазы болуп калар эле.
Анда азыркыдай кир жуугуч машина жок, 5-6-классымда керме-керме кир жууп баштагам. Апама «эч кимге айтпа» деп, дарбазаны ичинен илип алар элем. Бир күнү кошуна эже кирип калды. Маңдайымдан чыкканда колумдагы киримди таштап качып кеттим. Ыйлап, «экинчи жуубайм» деп алгам. Ал аял кийин «Үмүттүн баласы кир жууйт экен» деп элге жарыя кылыптыр. Ошону менен арданып көпкө чейин такыр кирге жолобой жүргөм.
Өткөөл курак болот эмеспи. Эч нерсе жакпай, өзүңчө кыйын болуп калган кез. Улуу агамдын жинине тийип койсом керек, бир күнү катуу сабап койду. Ал кезде «Нарын сууга түшүп өлөм» деген бизде мода болчу. Бир нерсе болсо эле Нарын суусун карай жөнөчүбүз. Мен да ошентип сууну көздөй кетип баратканымда агам кармап алып өлөрчө сабады. Апама келип «бүттү, мен жашабайм» десем, апам «Мени да кошо өлсүн десең, сууга өзүңдү таштай бер. Анда мен да жок болом» дебеспи. Ойлонуп отуруп калдым. Чекемден сылап, «Сен өзгөчөсүң, сен Күндүн уулусуң. Мага он балам бир тең, сен бир теңсиң. Сенин жасаган иштериң менин көңүлүмдү катуу оорутат, балам. Күлүп гана жүр» деп айткан. Азыр деле жашоомдо кыйынчылыктар, чыгармачылыгымда бут тосуулар болуп жаным ооруп турган чакта дайым апамдын ошол сөздөрүн эстеп, жаркырап чыга келем.
Биздин үйдө тарбия мындай эле. Атам балдарды кампа, койканага алып барып «эмдеп-домдочу». Ал эми апам кыздары жинине тийип койсо, үйдүн эң четки бөлмөсүнө алып кирип эшикти ичинен илип алчу. Бир кезде «Аа, апа-аа, экинчи антпейм!» деген үндөр чыгат. Көп өтпөй эшик ачылып, жазаланган кыз чыгат кызарып. Ошо менен 2-3 ай жакшынакай болуп жүрүшчү. Бирок мунун баарын апам атама айтчу эмес. Биз жаман иш кылып койгондо «сени менен атаң сүйлөшөт» дегени эле жетиштүү болчу.
«АСКЕРГЕ БАРЫП ЧЫНЫГЫ ЭРКЕК БОЛДУМ»
– Мектепти аяктаганда мени аскерге чакырып калышты. Бала кезимден эле кара күчкө жок, назик болдум. Аябай коркуп алгам. Апама «Аскерге барбай эле коёюнчу. Мени ал жактан өлтүрүп коюшат го. Атама айтчы, алып калсын» дедим. Атам кичинекей болгону менен, абдан каардуу, катуу киши болчу. «Инилеринин бирөөсүн алып калышым мүмкүн. Бирок дал ушул баланы иймелеңдетпей жиберем, аскерге барып чыныгы эркек болуп келсин» дептир. Эмне кылам анан, эки жакка басам, турникке тартынам, эптеп отжимания жасайм. Же элге окшоп согушканды билсемчи?! Ал убакта аскерге барбагандарды киши катарында көрчү эмес.
Ошентип, баарыбызды чогултуп, аскерге узатып жатышат. Апам «мен сүйлөшүп койдум, сени кетирбейбиз» деп кубантып койду. Мен байкуш алаңдап эки жакты карап отурам, качан мени чакырат экен деп. Чакырган киши жок. Аскерге кете бердик. Атам «жакшы кызмат өтөп кел» деп бетимден өөп, далыга катуу таптап туруп түртүп койду. Апамды карап бир буркурап ыйлайм десең. Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасындагы Майсалбек бар эмеспи, ошол кинону көрсөм эле апамды эстей берем. Апам биз түшкөн автобустун артынан далпактап чуркап келатат. Ыйлап алган. Мен болсо бир жагынан автобустагы балдардан уялам, эч нерсе боло элек жатып ыйлагандан. Ага карабай көзүмдүн жашы тыйылбайт. Апам артынан чуркаган боюнча кинодогудай болуп кала берди. Автобусту карасам башка балдар да бышылдап ыйлай башташты. Ошентип, Чехословакияда кызмат өтөп, ага сержант болуп келдим.
«АПАМДЫ СҮЙҮҮБҮЗ МЕНЕН ООРУДАН АЛЫП КАЛДЫК»
– Илгери апам айтып калчу, «баарыңар кичинекейсиңер, бирөөнү карагыча бирөө отко түшүп кетпесин дечүмүн» деп. Суу да жок, үйдөгү кийим менен эле жалаңдап сыртка чуркап чыгып карды чакага шилеп-шилеп келип үйдөн эритип, ошого кир жуучу экен. Ошондо бир абышка «балам, үстүңө бир нерсени илип алсаң боло, ушунун азабын тартасың го» десе маани бербептир. Ден соолугуна ошол нерселер деле таасир эткендир.
Азыр апам 74 жашка чыкты, 10 жылдан бери оору жабышып кетпей койду. Акыркы 5 жылдан бери буту баспай төшөктө жатып калды. Апам байкуш бир да жолу «бул жерим ооруп жатат» деп айткан эмес. Дарыгерлер берген гормон дарысын бизге билдирбей көбүрөөк ичип алган экен, бир күнү жыгылыптыр. Ал кезде мен гастролдо болчумун, келсем толук жаны тез эле чийдей болуп калыптыр. Ошондо катуу ыйладым. Ал жылдар биздин үй-бүлөбүз үчүн аябай оор болду. Он бирибиз ар жактан чыгып, мээримибизди төгүп, сүйүүбүз менен энебизди оорудан алып калдык. Кандай гана дарыгерлерге көрсөтпөдүк, өтүшүп кетиптир. Азыр апам менин колумда.
Үй-бүлө күтүп, ата болуп калсам деле «балам, курсагыңды тойгузуп ал, башың менен бутуңду жылуу алып жүр» дей берет. Кээде апам менен таарыныша кетебиз. Үй-бүлөбүздө түшүнбөстүктөр болуп кетсе, дароо келиндерине болушат. «Жап жаагыңды, унчукпа, сүйлөбө, чыгып кет» дей берет бизди. Келиндерин кызындай көрөт. Анан да апам иш билги аял.
Мерген Тургандын апасы Үмүт:«БАЛАМДЫ КҮНГӨ ТЕҢЕЙМ»
– Мергеним Күн сыяктуу шайыр бала эле кичине кезинде. Ошон үчүн аны Күнгө теңеп келем. Бала болуп бир тентектик кылган жок. Үйгө карамдуу, айткан сөзүмдү эки кылбаган дилгир чыкты. 10-классты бүткөндө бизге айтпай театрга кирип алыптыр, анан бизди Нарында өткөргөн концертине чакырып жатпайбы. Биринчи көргөндө атасы экөөбүз ыйлап жибердик, «Сен ушунча бала болдуңбу?» деп. Баламды солдатка алып кетебиз деп машинага салып жөнөгөндө артынан ээрчип ыйлап далай жерге чейин баргам. «Сен солдатка барсаң абалың эмне болот? Мүнөзүң жумшак, эми кантер экенсиң?» деп жаман болдум. Мергенди кыргыз элине белгилүү бала болот экен деген оюбузда жок болчу. Азыр балам менен сыймыктанам.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Мерген Тургандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg