ЭРЕЖЕСИЗ ЭР УРУШ ФЕДЕРАЦИЯСЫ ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫН АТАДЫ

Жаңы жыл алдында, тактап айтсак, 16-декабрда КРнын Вале-тудо федерациясы 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдын мыктыларын салтанаттуу түрдө сыйлады. Ата мекендик спорттун тарыхында биринчи жолу мушкерлерибиз кызыл килемден өтүштү.

КЫЗЫЛ КИЛЕМ, СЫЙЛУУ ТӨР ЖАНА ЖАГЫМДУУ АТМОСФЕРА
Мыктылардын мыктысын сыйлоо салтанаты Бишкектеги «Аврора» ресторанында өткөрүлдү. Иш-чарада сыйлуу төрдөн жыл ичинде кыргыздын туусун бийик желбиреткен эрежесиз эр урушчулар орун алды. Алар төрдөн орун алардан мурда ресторанга лимузин менен келишип, кызыл килемден өтүштү. Келген коноктордун баары ар бир азаматты кол чабуулар менен тосуп алышып, ордуна узатып жатышты. Чынында, жигиттерибиз мындай сыйга татыктуу.
Куттуктап келгендердин арасында спортчулардын жакындарынан тышкары кыргыздын белгилүү инсандары да отурду. Атай кетсек, саясатчы Акылбек Жапаров, КРнын Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев, ардагер-чемпион Алмаз Масабиров жана башкалар. Федерация жетекчилиги өнөктөштөрүн унутта калтырбаптыр. Иш-чарада тыгыз иштешкен компаниялардын өкүлдөрү мыкты спортчуларга наам тапшыруу менен бирге куттуктоо сөзүн айтып өтүштү. Алардын ичинен Мухаммедкалый Абулгазиевдин куттуктоосу өзгөчө болду:
«Эрежесиз эр урушчулар, сиздер башка жарандарыбыз сыяктуу 63 жашка аман-эсен жетип пенсияга чыккыла».
Кыргызда кайсы салтанат ыр-бийсиз өтсүн? Кечени ырчылар Добр, Гүлнур Асанова, Иса Өмүркулов шаңга бөлөштү. Алпаруучулук кызматта кезинде ди-джей катары таанылган Бегимай Дастанова болду.

«СПОРТЧУЛАР МЫКТЫ КОЛДООГО ТАТЫКТУУ»
Кыргызстандагы ондогон федерациялардын ичинен Вале-тудо федерациясы биринчи болуп ушундай иш-чара уюштурду. Белгилей кетчү нерсе, кечени уюштурууда көп жылдар бою АКШда жашап, бул жаатта тажрыйба топтоп келген Динара Орозбаеванын эмгеги зор. Учурда Борбор Азиядагы Америка университетинин PR директорунун милдетин аркалап жаткан Динара айым спортчуларга да колдоо көрсөтүп келет. Салтанаттын ачылышында: «Биздин спортчулар дүйнөлүк аренада туубузду бийик желбиретип келет. Тилекке каршы, аларды баары эле биле беришпейт. Андыктан эр-азаматтарыбызды таанытуу үчүн бардык аракеттерди жумшайбыз. Алар мыкты колдоого татыктуу»,- деди ал.
Ал эми КРнын Вале-тудо федерациясынын президенти Эмил Токтогонов федерациянын тарыхына токтолуп, жетишкендиктери тууралуу кеп салды:
– Эрежесиз эр уруштун вале-тудо түрү боюнча 2008-жылы машыктыруучу Павел Федотов Бразилиядан расмий лицензия алып келип, бизде жайылышына шарт түзгөн. Кыска убакыттын ичинде ата мекендик вале-тудочуларыбыз зор ийгиликтерге жетишти. Бүгүнкү күндө бизде вале-тудо боюнча Азия жана Дүйнө чемпиондору бар. Жаш балдардан тартып чоңдорго чейин өлкө биринчиликтери өткөрүлүп келет. Булардын баарына колдоо болбосо жетишмек эмеспиз. Андыктан бизге колдоо көрсөтүп, тыгыз кызматташып келаткандардын баарына ыраазычылык билдиребиз.
Иш-чара тууралуу ага түздөн-түз күбө болгон аттуу-баштуу инсандарыбыз төмөнкүчө ой бөлүштү.

Акылбек Жапаров:«СПОРТЧУЛАР САЯСАТЧЫЛАРГА ҮЛГҮ БОЛУУДА»
– Акыркы мезгилде саясий окуялардан улам өлкөбүз эл аралык аренада жаман жагынан таанылып жатса, спортчулар чоң жеңиштерге жетишип, аброюбузду сактап келе жатышат. Спортчулар саясатчыларга үлгү болууда. Алар айрым саясатчыларга окшоп шайлоо сыяктуу күрөштөрдө жеңилип калса, интригаларды жаратпай, талыкпас эмгектин аркасында кайрадан күч топтоп көздөгөн максаттарга жетишүүдө. Аман-эсен болгула. Намысыбызга жарап жүрө бергиле. Биз өз кезегибизде колдон келген жардамыбызды аябайбыз.


Нурбек Исмаилов:«МЫНДАЙ САЛТАНАТ ЖАҢЫЛЫК БОЛДУ»
– Адашпасам, мындай иш-чара уюштуруу демилгесин Динара Орозбаева көтөрүп чыккан. Бул кече биз үчүн чоң жаңылык болду. Динара айымга ыраазычылык билдиребиз. Эрежесиз эр урушчулардын башын бириктирип жүргөн Эмил Токтогоновго да рахмат! Албетте, мындай салтанаттар спортчуларга зор күч-кубат, ишеним берет. Мындан ары да чоң жеңиштерге жетишүү үчүн мыкты аракеттерди жасай бермекчибиз.




Кылычбек Саркарбаев:«ЭМГЕК БААЛАНСА, ДЕМЕК, БИЗ АГА ТАТЫКТУУБУЗ!»
– Атак-даңк бакубат жашоонун образына кирет эмеспи. Жасаган эмгектин баасы, албетте, спорт чеберлери гана эмес, ар бир ишкерге күч-кубат, эргүү тартуулайт. Мен үчүн кызыл килем мааракеси жашоомдогу эң жакшы окуялардын бири болду. Биздин мушкерлер эчен ирет чоң жетишкендиктерди багындырып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, Кыргызстандын желегин дүйнөгө таанытып келген. Бул жылы дагы көптөгөн жеңиштерге жетүүлөрүнө ишенебиз. Биздин спорт чеберлерибизге ушундай деңгээлде көңүл бургандыгы үчүн уюштуруучуларга чоң ыраазычылык. Федерациянын президенти Эмил Токтогоновго жана мен терең урматтап сыйлаган Динара эжекеме рахмат! Учурдан пайдаланып, мекендештеримди Жаңы жылы менен куттуктайм! Сиздерге жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм.


Мирлан Асеков:«ДИНАРА ОРОЗБАЕВАГА ЧОҢ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕМ»
– Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү арасында спортчулардын кызыл килемден өтүп, сыйлык алышы алгачкы ирет болду окшойт. Жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Мыктылар да татыктуу тандалган. Негизи, биздин жигиттер азаматтар. КМШда Орусиядан кийинки эле орунда турабыз десем жаңылышпайм. 2013-жылы эл аралык мелдештерге орусиялыктардан кийин эле биз массалык түрдө катышып, ийгиликтерди жараттык. Мында Эмил Токтогоновдун эмгеги зор. Анан ушундай салтанатты уюштурган Динара Орозбаевага чоң ыраазычылык билдирем. Буга чейин деле уюштуруп беребиз деп убада кылышкан, бирок эч ким жасаган эмес.

 

АР БИР САЛМАКТА МЫКТЫ АТАЛГАНДАР:
55 кг чейин – Кубанычбек Эгемберди уулу
60 кг чейин – Рустам Өмүрбеков
65 кг чейин – Канат Келдибеков
70 кг чейин – Нурбек Эрлан уулу
75 кг чейин – Актилек Жумабек уулу
80 кг чейин – Рамазан Никарамазанов
85 кг чейин – Бакыт Бекбоев
90 кг чейин – Хайрулло Кокеев
95 кг чейин – Кылыч Саркарбаев
100 кг чейин – Нурбек Исмаилов
Кыз-келиндер арасында – Таңсулуу Муратбекова

Спортчуларыбыз кызыл килемден өтүштү.

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Jamalym
2014-01-22 02:23:53
Динара Орозбаева Алмазбек Раимкуловдун аялы эмеспи???Суроттон да окшоштурдум.
0
snejinka
2014-01-22 12:07:34
Jamalym, Экоонун ажырашканына коп болду
0
aika0906
2014-01-25 11:33:43
да ошол динара орозбаева мурунку ажырашкан аялы
0
sergo
2014-01-27 05:32:47
Огоо мурунку чыкан кулактан кийинки чыкан муйуз озот болуп бир молодец Динара эже алга.
0
Akil8484
2014-03-17 10:59:21
Нурбек Исмаилов атын Алайга данкын далайга жеткен боломсун сага ийгилик
0
№ 585, 17-январь-23-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан