(Монгол эл жомогу)
Илгери-илгери бир хандын эгиз уулу болуптур. Хан «менин орун басарларым» деп алар менен сыймыктанчу экен. Күндөр өтүп, эгиздер эр жетишет. Бир күнү эле эгиздердин табити жоголуп, такыр тамак ичпей калышат. Буга сарсанаа болгон хан өлкөсүндөгү кыйынмын деген дарыгерлерди, ашпозчуларды алдыртып, уулдарын көрсөтөт. Бирок алардын бири да эгиздерди сакайта алышпайт. Айласы кеткен балдар:
– Ата, табит ачуучу дарыны өзүбүз эле издейличи,- деп суранышат.
Атасы макул болуп, жигиттер дары издеп жөнөшөт. Көп жол жүрүшкөндөн кийин ээн талаада катуу жерди кетмендеп жаткан дыйканды жолуктурушат.
– Амансызбы, дыйкан аке? Биз табитти ачуучу дары издеп жүрөбүз. Аны кайдан тапсак болот?
– Аны табуу жеңил эле. Өзүңөр көрүп турасыңар, жүгөрү эгейин дедим эле... Эгер силер жардам берсеңер, анда бат эле бүтөбүз. Анан чогуу дарыга барабыз,- дейт дыйкан.
Жигиттер макул болушат. Дыйкан кетменин эгиздерге таштап, өзү үйүнө барат да, кемпирине айтат:
– Кемпир, бүгүн биздикине конок келет. Чоң казан толо палоо бас. Эгер сабизиң жетпесе, анда түрптөн кошо бер.
Дыйкан талаага келсе, эгиздер тердеп-кургап бир кетмен менен алмак-салмак иштеп жаткан болушат.
Аларды көргөн дыйкан:
– Азаматсыңар! Жерди майдалап бүтүп калыпсыңар. Эми жүгөрүнү эгип салалы,- дейт.
Ошентип, үчөө күүгүм киргенче жүгөрүнү эгип бүтүшөт. Дыйкан жигиттерди үйүнө ээрчитип келет.
– Кемпир, тамагың даярбы? Даяр болсо алып келе бер.
Дыйкандын аялы палоону дасторконго коёру менен эгиздер эч нерсеге карабай жеп киришет. Курсактары жакшы тойбой калат. Сурап жейли дешет, бирок тартынышат. Бир убакта эгиздердин бири:
– Тамагыңыздар абдан даамдуу болуптур. Канча айдан бери тамакка табитибиз тартпаган жаныбыз күрүчтүн бир да данын калтырбай жедик. Деги тамакка кандай сыйкырдуу дары коштуңуздар эле?- деп таң калып сурайт.
– Эч кандай сыйкырдуу дары кошкон жокпуз. Сыйкырдуу нерсе – мен силерге таштап кеткен кетмен. Канчалык эмгек кылсаңар, ошончолук курсагыңар ачат. Анан да өзү эмгек кылып тапкан нан таттуу болот,- дейт дыйкан.
Эгиздер дыйкандын сөзүн түшүнүшүп, ага рахмат айтып, үйүнө кайтышат. Анан атасына:
– Ата, көрсө, табитти ачуучу дары эмгек тура. Мындан ары кызматчы жалдабай эле коюңуз. Бардык жумушту өзүбүз жасайбыз,- деп эмгектенгенге өтүшүптүр.
Дамира Арстанова
balakai@super.kg