Кыргыз эли мал жандуу калк болгондуктан, малдын чүкөсүн байыртадан эле пайдаланып келишкен. Кыштын узак түндөрүн чүкө ойноо менен өткөрүшкөн. Чүкө оюндары балдарды тактык, тыкандык, шамдагайлык, тапкычтык, кылдаттыкка машыктырган. Чүкөнү өкчөгөндө чик, бөк, таа, алчы жана оңко абалдарында түшөт.
Чүкө салган баштык – тулуп
Койдун чүкөсү – койгут
Эликтики – элик бапый
Кулжаныкы – сака
Эчкиники – чыймыт
Уйдуку – томпой
Ал эми чүкөгө куюлган коргошунду кыт деп атап коюшкан.
Дамира Арстанова
balakai@super.kg