Кыргыздын жери кереметтерге бай. Алардын бири – көпчүлүгүбүз биле бербеген алыскы Лейлек районунда, кадимки Түркстан тоолорунун этегинде жайгашкан, кыргыздын каңды уруусунун түп ордосу Баул-Ата айылында. Ал эмне болгон керемет экен? Ушундай суроо туулары бышык. Бул айылдын өйдө тушунда башынан эчен кылымдын жакшылык-кыйынчылыктарын кечирген чынар терек бар. Жергиликтүү калк аны Катта-Терек деп атайт.
Алты чоң киши катар туруп кулачтаса кулачы жетпеген бул теректин жашын билүүгө кызыкдар болгон Баул-Атанын тургундары демилге көтөрүп, Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан дарак жашын өлчөөчүлөрдү чакыртышканын айтышат. Айыл тургундарынын айтымында, алар «чынар терек болжол менен 1150-1200 жашта» деген тыянак чыгарып кетишкен.
Көңүлдү кытыгылаган мындай маалымат акын жана журналист Бектуруш Салгаманинин «Каңдылар-1» аттуу китебине жарыяланды. Колубузга капыстан тийген бул китеп кызыгууну жана бир топ суроолорду жаратты. Алсак, ошол эле чынар терек баяны. Китепте ал атактуу Бабур хандын ысымы менен да байланыштырылат. Мисалы, ал өзү жазып калтырган «Бабур-наамада» «...Андарак суу, Илек суунун (Андарак суусу азыр деле ушул аталышта, атүгүл Лейлекте ушундай аталыштагы айыл да бар. Ал эми Козу-Баглан дайрасы ал кезде Илек суу деп аталган) наийасында (ортосундагы аймакта), чоң чынардын түбүндө энеме өз хаймамды (чатыр) тиктирип бердим. Өзүмө талдан алачык жасап отурдум. 23 жашымда ошол чынардын түбүндө устара койдум» деген баяндоо бар.
«Устара койдум» дегени «сакал-мурутумду кырдым» дегени. Ошондо бул окуя 1505-1509-жылдардын аралыгында болуп, Бабур биринчи мертебе ээгиндеги кылды алган. «Чоң чынар» деп азыркы Баул-Атадагы даракты айтып жатпайбы! Азыр алты адамдын кулачы жетпеген терек ошондо эле, 1500-жылдары аябай үлкөн болгону ырасталат. Бабур ал жерде убактылуу гана өргүү алып, анан Хорасан аркылуу Ооганстанга ооп кеткен»,- дейт китептин автору Бектуруш Салгамани.
Тарых барактарына кайрылсак, Бабур Орто Азия аймагынан куулган соң Ооганстанга ооп, учурдагы Индия, Пакистан, Ооганстандын басымдуу бөлүктөрүн бириктирген Улуу Могол империясын түптөгөн.
Аталган китепте учурда кыргыз элинин катарындагы каңды уруусунун таржымалы иликтенип, ал тээ биздин заманга чейинки шумерлерге, же кытайлар атагандай айтсак, гунндарга барып такалган. «Бул китепти жазууга белсенгендеги максатым – кыргыз элинин түптөлүшүндө каңдылардын орду чоң экенин айткым келди. Ал эми кыргыздар – башка түрк элдеринин тамыры. Бул казактар же өзбектер буза албай турган чындык»,- дейт автор.
«1100-жылдары азыркы Ала-Бука, Чаткал тараптан Түркияны көздөй 100 000 атчан кеткен. Түркмөнстан, Сирия, Иран, Ирактарды кезип барып, 12 деңиздин ортосун жактырышып, ошол жерди байырлап калышкан. Мына ушул топту баштаган лидерлер каңдылар болчу. Ал маалда 12 деңиздин ортосунда 200 жылдан ашуун өкүм сүрүп келе жаткан Византия империясы бар эле. Учурдагы Кыргызстандын аймагынан ооп баргандардын салган тамы, сайган талы жок, ат жалындагы адамдар эле. Согушуп, улам тартып алып отуруп Константинополду талкалап, Осмон империясын курушту. Андан кийин 35 император өкүм сүрдү. Ошон үчүн түркиялыктар башка түрк элдерине караганда кыргыздарды жакын тутуп, «биздин түпкү тегибиз» дешет. Мисалы, 1993-жылы Кыргызстанга келген Түркиянын ошол кездеги президенти Тургут Өзал «Сиздер, кыргыздар, «биз 3 миллион элебиз» дебеңиздер. Биз Түркияда 60 миллионбуз, биз сиздердин бир тууганыңарбыз» деген».
Осмон түрктөрүнүн түпкү теги каңдылар болгонун казак санжырачысы Шаакерим Кудайберди уулу «Түрктөрдүн, казактардын, кыргыздардын жана хандардын чежиреси» аттуу китебинде белгилеп, «Каңдылар күчтүү жана даңктуу уруу болушкан. Стамбулдагы осмон түрктөрү – каңдылардын тукумдары» дейт.
Мына ушундай кызыктар жана дагы бир топ тарыхый иликтөөлөр «Каңдылар-1» китебинде чагылдырылыптыр.
Асия Алиева
koom@super.kg