«САЛАВАТТЫ 15 ЖЫЛДАН БЕРИ КҮТҮП КЕЛЕБИЗ»
– Мен 1978-жылы 24-октябрда Талас районуна караштуу Жон-Арык айылында туулган Бердикожоев Салават Семетеевичти издейм. Ал 2002-жылы Бишкек шаарында таякесинин үйүнөн «2 бала сыртка чакырып жатышат» деп чыгып кеткен бойдон дарексиз. Арадан 15 жыл өтсө да туугандардын үмүтү өчө элек. Бир күнү «мен келдим!» деп кирип келет деген тилек менен жашайбыз.
Мээрим Кожомбердиева,
meri-7@list.ru,
тел.: 8 925 132 38 05
«СИҢДИМДИ ИЗДЕЙМ»
– Сиңдим төрөлөрдүн алдында атам менен апам ажырашып кетишиптир. Мен атам менен Кеминде калып, апам Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районуна кетет. Ошол жактан сиңдимди төрөп, аны ак-талаалык баласы жок үй-бүлөгө берген экен. Кийин апам каза болуп калыптыр. Угушума караганда, сиңдимди багып алгандар ага Максуда деп ат коюшуп, чоңойтушуптур. Болжол менен сиңдим 1978-79-жылдар аралыгында төрөлгөн. Атамдын аты Керим, ал эми каза болуп калган апабыздын аты Алтын. Сиңдимди тааныгандар болсо кабарлашып коюңуздар.
Мээргүл Турусбекова,
Кемин району,
тел.: 0779 26 25 05
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43