Америкалык режиссёр, актёр Шон Пенн мыкты ролдорунан сырткары Голливуддун эң сулуу, акылдуу айымдары менен сүйүү мамилесин куруп таанымал болгон. Анын сүйүү архивинен Мадонна, Скарлетт Йоханссон, Робин Райт өңдүү айымдарды тапса болот. Бул жолу актриса Шарлиз Терон менен болгон мамилеси ачыкка чыкты.
Гаитидеги жер титирөөдөн жапа чеккен адамдарга колдоо көрсөтүү кечесинде папараццичилер Шарлиз менен Шондун ынак, жакын мамилесин тастыктаган сүрөттөрдү интернетке жүктөшкөн. Маалымат каражаттары билдиргендей, 53 жаштагы Шон менен 38 жаштагы Шарлиз Рождество майрамын Гавайиде чогуу тосушкан.