Гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе, koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.
Барак эксклавына өзбек чек арачылары бир да ММК өкүлдөрүн киргизишпейт. Жергиликтүү элге да фото, видеоаппаратураларды алып кирүүгө- алып чыгууга уруксат жок. Буга чейин Барактын абалын чагылдыруу максатында чек арадан өтүүгө аракет жасап, бирок андан майнап чыккан эмес эле. «Учурда Барак айылынын элинин көпчүлүгү Ош шаарынын айлана-тегерегинде, түйүнчөктөрүн көтөрүп ар кимдин үйүндө күн кечирип жүрүшөт» деген кепти угуп айылга кире албасак да, алардын жашоосун өздөрүнүн айтуусунда чагылдырып берүүгө далалат жасадык.
БАРАК ТУУРАЛУУ
Барак – Өзбекстан аймагындагы Кыргызстанга караштуу эксклав (эксклав – бир же бир нече мамлекеттин аймагы менен толук курчалган бир өлкөнүн аймагынын бөлүгү. Барак - биздин өлкө үчүн эксклав болсо, Өзбекстан үчүн анклав болот). Өзбекстандын Анжиян облусу курчап турат. Оштун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт. Чек арадан 1,5 чакырым алыстыкта орун алган. Аймагы 4 чарчы чакырым. Айылда 158 түтүн, 2 миңге жакын жаран жашайт.«Айылга Кыргызстан тараптан дан азыктары менен мөмө-жемиштерди гана киргизүүгө уруксат берилген. Эт жана башка азыктарды, шириндиктерди биздин балдарыбыз тоё жешпеди»,- дешет жашоочулар.
Саткын Зиаидинова:«ӨЛСӨМ СӨӨГҮМ АЙЫЛЫМА КОЮЛБАЙ КАЛАБЫ ДЕП КОРКОМ»– Барактыктар кыйынчылыкты аябай эле тарттык. Мурунку азаптары аз келгенсип, былтыр 17-январда өзбек тарап Сох анклавына байланыштуу жолду жаап, чычкан өткүс кылып коюшту.
Министрлер келишет, бир буудайдын данынчалык пайдасы тийбей кайра кетишет. Эки ирет мамлекеттен жардам киргизишти. Анын да бир жолкусунун унун бекер, ал эми май, пияз, картошка, самындарын карызга беришти. Акчасы барлар төлөштү, жоктор төлөй албай азыркыга чейин кыйналып жүрүшөт.
Биз көргөн күндү ит да көрбөсүн. Базарыбыз алыс, дарыгерибиз жок. Дарыгер бар болсо дарысы жок, дарысы болсо ийнеси жок, дары, ийне болсо дарыгер өзү жок. 15 мүнөттүк жолду жаап салып, 12 саат айланып Оштогу ооруканага жеткенче өлүп калган балдарыбыз да болду. Аябай кыйналганда былтыр май айынан баштап үйлөрдү бекитип, казан-аяк, кийим-кечектерибизди алып Ош шаарынын тегерегиндеги ар кимдин короосуна отурукташа баштадык. Айылдан бир тоок, бир мал алып чыга албайбыз. Жашообуз дыйканчылык менен өтчү, жыйналган дан эгиндерибизди да сата албайбыз. Малды сата алгандар сатып чыктык, азыраак малы калгандардын үйлөрүндө бир-экиден адам жашап жатат.
Азыр биз бейтааныш эле бирөөнүн үйүндө күн кечирүүдөбүз. Жакшы адамдар экен, үйүнүн 2 бөлмөсүн жашап турганга берип, өздөрүнө азык-түлүк, көмүр алса бизге да кошо алышат. Кызымдын 3 баласы менен кошо чыкканбыз, менин 4 миң сом пенсиям менен жашап жатабыз. Жашоо татаалдашып баратат.
Жашым 86да, баарын көрүп бүткөм, менин бир гана өлөрүм калды. Тилегибиз – артыбыздагы балдарыбыздын жашоосу жакшы болсо. Анан бирөөнүн үйүндө жүрүп өлүп калсам, сөөгүм өзүбүздүн үйдөн чыкпай, өзүбүздүн көрүстөнгө коюлбай калабы деп корком.
Диларам Мурзаева:«БИЗ КЕТСЕК ЖЕРИБИЗДИ ӨЗБЕКТЕР ЭЭЛЕП АЛЫШАТ»– Баракта малыбыз да көп уурдалат. Короо-короо койлор, бир нече баш уйларды айдап кетишет. Чоңдор «сабыр кылгыла, чыдагыла» дегенден башканы айтышпайт. Чыдаган сайын өнүкпөй, артка кетип жатабыз. Эл чыгып кетебиз деп жатат, анда жерди өзбектер ээлеп алышат. Өкмөт шарт түзүп берсе, айылда эле жашап, жерди коруп бермекпиз.
Мектепте онго жетпеген окуучу, музыка, кол эмгек жана дене тарбиядан сабак берген 3 эле мугалим калды. Бир бөлмөдө бир тактаны 3-4кө бөлүп, бир бөлүгүнө 3-класска тийиштүүсүн жазышса, экинчи бөлүгүнө 4-класска тийиштүүсүн жазып, 3 мугалим кыргыз тилин да, математикасын да окутуп жатышат. Калганы чыгып кетишкен, балдарыбызды бул жактагы мектептерге, интернаттарга бердик. Балдар бирөөнүн үйүнүн кайсы жерин чийип коёт деп кооптонуп жашайт экенсиң.
Постто туруп суук, шамал аркыраган жерде ички кийимиңден бери 2-3 саат текшеришет. Өткөнчө балдарыбыз эмес, биз да ооруп калабыз.
Чек арадан өтүү учурунда посттогу ажатканага Барак айылынын тургундарын киргизишпейт экен. «Кирбегиле, кыргыздарда микроб бар» деп айтышат. Эгер кирип калсак, кайра алып кирип ажаткананы жуудуруп, анан чыгарышат»,- дешет айыл тургундары.
Азада Мамытова:«АЧ КАЛГАН ИТТЕР БИРИН-БИРИ ЖЕЙ БАШТАШТЫ»– Бул жакта жүрүп айылыбызды сагынабыз. Көчөдөн барактык кошунабызды көрүп калсак ыйлап-ыйлап алабыз. Айылга барсаң ээн, мурдагы шаңдуу, бакылдаган эл жок. Көпчүлүк үйлөр бош калып, иттер ачкалыктан бирин-бири жей башташыптыр. Аларды атканга айыл боюнча бир да курал жок, дары берип араң өлтүрүштү.
Айылыбыз аябай берекелүү жер. Бир жылда 2 жолудан, кээде 3 жолудан эгин жыйнап алчубуз. Кыргызстанга өтчү жолду ачып берип койсо жашай берет элек. Анте алышпаса, Оштон эле жер үлүшүн беришсе, Барактагы үйлөрүбүздү бузуп келип ушул жакка там тургузуп алмакпыз.
Жакында кыз бердим, үйүм жок, кудаларым бир келгенде тууганымдын үйүнө коноктодум, экинчи келишинде башка тууганымдыкында коноктодум. Кызымды узатканда дагы бир тууганымдын үйүнөн чыгардым. Бойго жеткен балдарыбыз бар, аларды үйлөнтүш керек. «Кайдан үйлөнмөк элек?» деп коюп жүрүшөт, ойлоп алып ыйлайм. Ылайдан дубал тургузуп, үстүн жаап, терезесин кагаздан тосуп болсо да үй куруп алсам арманым жок эле. Алачыкка да зарбыз. Көпчүлүгүбүздүн балдарыбыз мигрант болуп жүрүшөт. «Келгиле» десек «Барганда кайда жашайбыз?» дешет.
Шааркан Мырзаева:«БАРАК ОБАМАГА КАТ ЖАЗГАНБЫЗ»– Мурун кыйналганда «бул жерден кетебиз» десек, абышкам так секирип «кичи мекенимди, элимди таштап эч жакка кетпейм» дечү эле. Оңолбосуна көзү жетти окшойт, эми «кетпесек болбой калды» деп, Ошко келдик. Азыр ар кимдин үйүндө жүрөбүз.
Айылыбызды 2 жыл мурун бай уулу деген канаттуу каптап кеткен. Ал үкүгө окшогон, бирок тумшугу узунураак канаттуу. Илгертеден «бай уулу байырлаган жерде адам калбайт» деп айтылган кеп бар. Ошол сыңары биздин айылда да адам калбады.
Мектепте иштеген чет тили боюнча мугалим бир күнү үйүбүзгө келип калган экен. Менин абышкам «Ай, Дөөлөт, Барак Обамага кат жазып көрбөйсүңбү, сенин атыңда айыл, ал айылда аябай чоң көйгөй бар деп» дегенинен ал мугалим Барак Обамага кат жазган. Аз убакыттын ичинде эле «Мен эки мамлекеттин чек ара иштерине кийлигише албайм. Эгер силерге жер берилип калса, ал жерге оорукана, мектеп куруп берүүгө жардам берем» деген жооп келди.
Сары-Колоттон жер беришти. Төрт ашуу ашып бир колотко барат экенбиз. Жеткенче унаабыз чаң болуп, айнегинен сырт тарап көрүнбөй калды. Ал жерде кантип жашаарыбызды элестете албай жатабыз.
Элдин учурдагы абалына ыйлагың келет. Көздөрү үмүттүү карап, «кайсы чиновник келип, жол маселесин чечип берер экен...» деген сөздү айтып жатышты.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg