– Менин балалыгым Ысык-Көлдө өткөн. Анан кичинемде үйдөн качып көлгө түшмөй адатым бар эле. Бир жолу күндөгүдөй апамдан жашынып көлгө кеттим. Эч ким билбеши керек да, ошондуктан кийимдерим суу болбосун деп баарын чечип коюп, жылаңач болуп сууга кирип кетсем кайдан-жайдан кошуна кыздар жээкке келип калып жатышпайбы. «Өлдүм» дедим ичимден. Аларды карап кыйын болуп чыга албайм, сууда сүзүп жүрөм, тоңуп баратам. Чыгайын десем жылаңачмын, кашайып же алар кетишпейт. Ошентип, кошуна кыздардан уялып бир сааттан ашык суудан чыга албай отургам.
Рахат Саидова
star@super.kg