Убагында «Бешилик» тобунун куудул жигити Тынар Курбаналиевге ашык болгон кыздардын саны өтө эле көп болгон. Андан бери сан жылдар өтүп, узун бойлуу, сындуу Тынар «кеңейип», бир үй-бүлөнүн кожоюнуна айланды. Кичинекей баладан тартып, абышка, кемпирге чейин катыра туураган куудулдун жүрөгүн өйүткөн кандай маселелер бар, чогуу тыңдайлы.
– Тынар мырза, бала кезде азыркыдай куудул болом дечү белеңиз?
– Мен кичине кезимден эле актёр болгум келчү. Бала чактан азыркы күнгө чейин КРнын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовду кумир тутуп келем.
Мектепте тентектик кылып, мугалимдер менен талашып-тартышып, «эмнеге силер мен каалабаган сабакты окута бересиңер?» дей берчүмүн. Химия сабагынан берген эжеге «кааласаңыз эки эмес, нөл коюңуз, мен баары бир дарыгер же химик болбойм. Бул сабактардын мага кереги жок» дегенимчи. Чынында, азыркыдай куудул болуп борбордо иштеп калам деген ой жок эле. Алгач Жалал-Абаддын «Барпы» театрында аппарат коюучу болдум, аз-аздан театрда ойноп жүрүп куудулдукка аралашып кеттим.
– Куудулдук кесибиңиздин күнгөй-тескей жактарын айта кетпейсизби?
– Маданият министри Султан Раев муну окуса окуп, таарынса таарынып калар. Бирок Маданият министрлигине канча киши келсе, бирине да ичим жылыбады. Карасаң эле жаңы чыккан ырчылардан «бул наам алды, тиги наам алды» деп калышат. Ал эми эл болсо «эмнеге жаңы чыгып келаткан ырчыларга наам бере берет?» деп бизден сурайт. Мен, Абдылда байкем айтмакчы, наамды үйүмө көтөрүп келсе да албайм. Кыргыз маданиятына эмгек жараттым деп догурунбайм деле. Мен үчүн элдин берген наамы андан бийик турат.
Мына жакында Абдылда Иманкулов элүү жылдыгын өткөрүп Спорт Ордосунда эки күн концерт берди. Эки күн тең залга эл батпай, билет баасы 1500 сомго көтөрүлбөдүбү. Демек, анын кадыр-баркы бар үчүн, аны эл баалаган үчүн ушундай болуп жатат. Азыркы наам алып жаткан ырчылардын концертине эл батпай калганын көрө элекмин. Менин устаттарым Жаныбек Алыкулов, Жамбыл Камчиев, Абдылда Иманкуловдордун наамы жок. Айтылуу куудулдар Манас Бердибеков, Дөөлөт Мадымаевдердин да наамы жок өтүп кетишкени кейитет.
– Үйдө сизди колдоп, сүйөп-таяп турган жубайыңыз тууралуу билгибиз келди...
– Жубайымдын аты – Элиза, азыр бала менен үйдө отурат. Экөөбүздүн таанышканыбыз да кокустук болду. Ал кезде мен «Бешилик» куудулдар тобунда иштечүмүн. «Россия» кинотеатрында концерт бермекпиз. Эрте келип алган экем, күтө турайын деп скамейка жакка барсам кыздар отурушуптур. Аларга «ушакташып турбайлыбы, кыздар» деп тамашалашып, сүйлөшө кеттик. Кыздардын арасында менин келечектеги жубайым бар болчу. Элизаны ошондо эле жактыргам. Андан кийин кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. «Балалуу болгондо жубайлардын сезимдери балага өтүп кетет» дешет. Андай деле эмес экен, биздин сый-урматыбыз баштагыдай эле, Кудайга шүгүр.
– Бала демекчи, мурунку жубайыңыз Лилия Абдыбаитова экөөңөрдүн ортоңордогу уулуңуздан кабар алып турасызбы?
– Балада эмне күнөө? Уулум Эмир азыр 3-класста окуп калды. Кээде үйгө алып келип турам, карындашы экөөнүн мамилелери жакшы. Кызыбыз Адема болсо 1-класска барды.
– «Чыгармачыл адамдар менен жашоо түйшүктүү» дешет. Жубайыңыз андай нерселерди кантип жеңип келет?
– Башында бирөөлөр чалса кызганып, ыйлап, капалана берчү. Азыр баарын түшүнүп калган. Бирөө чалып жатса көңүл бөлүп да койбойт (күлүп). Негизи, менин жиним чукул. Ошон үчүн мага көп нерселерди айтпайт, билгизбегенге аракет кылат. Негизи, катуураак башкаруу, балдарга бекем тарбия берүү биздин, ата-энелердин милдети. Башкалардай болуп «бизде чыр болбойт, урушуп кеткенибизде мен ашканага кирип кетем» дебейм. Жашырбайм, жиним келгенде келинчегиме колум тийип эле жүргөн.
– Жиниңиз эмнеден улам келиши мүмкүн?
– Мен абдан баласаакмын. Жеңеңер баланы уруп жиберсе, жиним келип кетет. Ошондуктан үйдө көбүнчө баланын айынан чыр чыгат. Акыркы кезде келинчегим намаз окуп жүргөндүктөн, мурункудай уруш болбой калды. Таарыныша кеткенде күнөө менде болсо да, өзүнөн кетсе да кечирим сурайт. Ушул убакка чейин аял кишиден кечирим сураган жан эмесмин.
– Кайын журтка кандай күйөө бала болуп, кызмат кылуудасыз?
– Негизи, Казарманда күйөө балага от жактырып, иш кылдырышат экен. Бирок кайын журтума барсам мени андай иштерге аралаштырышпайт, сый көрүп келе берем.
– «Ата конушунда кичүү баласы болуш керек» дешет. «Атамдын үйүндө калышым керек эле» деп өкүнбөйсүзбү?
– Туура, мен үйдүн кенжесимин, үйдө калышым керек болчу. Бирок жумуш, шартка байланыштуу үйдөгүлөр уруксат беришкен. Апам Жалал-Абадда, колунда кичинесинен баккан небереси бар. Ал үйлөнүп, очор-бачар болуп калган. Уул катары акчалай болсо акчалай жардам көрсөтүп турам. Башка бир туугандарым 1000 сом беришсе, мен 2000 дегендей, эки эсе көбүрөөк берем. Айрымдар жумушу чыгып айылына барышса, мен бир туугандарымды, апамды сагынып кетсем жолдон баратып эле Жалал-Абадга кетип калам.
Эки-үч жыл мурун атамдын үйүн оңдоп коёюн деп куруу иштери бүткөнчө кыйналып кеттим. Ошондо атамдын кадырын билдим. Атам жети баласын өстүрүп, байкемдердин баарына үй салып бөлгөн эле. А биз болсо баарыбыз биригип бир атамдын үйүн оңдогончо жүдөп жатабыз.
– Адамды ыйлатуу оӊой, күлдүрүү кыйын эмеспи. Тамашаңыздын мурчу жок болуп калган учурлар кездешсе керек?
– Албетте, элди күлдүрүү бир топ түйшүктүү. Биздин кесип эстрада ырчыларыныкындай эмес да, фонограмма менен ырдап койгудай. Бизде музыка жок, кара сөз менен күлдүрөбүз. Башкалардыкындай даярданалы десек же театр жок. Таң атпай Абдылда байкеге чалабыз, «сиздикине бүгүн эч ким келбейби?» деп, кийинки күнү Борончу байкеникине барабыз, меникине келебиз, ошентип жүрүп даярданабыз. Кээде убакыт жетишпей, сатира толук иштелип чыкпай калат. Ошентип максатыбызга жетпей калган учурлар көп эле кезигет.
– Сиздерден башка дагы элге күлкү тартуулап жүргөн «тамашоучуларга» көз карашыңыз кандай?
– Долбоордун негиздөөчүсү Эрмек иним азамат, ошол балага ичим жылып жүрөт. Жаш балдарды жаман нерседен алаксытып, жакшы жакка даярдап жатат. Негизи, КВН менен куудулдарды салыштырып болбойт, экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Бир жолу биз да концертибизге «тамашоучуларды» чакырганбыз. Балдар тапыр-тупур болуп ойноп, чыгып кетишти. Кийин мага келип сурап жатышпайбы, «кантип элди күлдүрөсүздөр?» деп. Биздин чөйрө башка, алардыкы башка да.
– Келечекте сиздердин жолуңуздарды улантып кетчү жаңы агым барбы?
– «Беш тапан», «Жоролор» топтору биздин кийинки муун. Бул топтун ар биринде бирден таланты күчтүү бала бар. Болгону аларга Рахман байкеге окшоп багыт берген киши жок болуп жатат. Мисалы, Орусияда бир Задорнов же Петросянга 60-70 сатирик текст даярдап беришет. А бизде 60-70 куудулга бир Рахман Разыков сатира жазат.
– Маегиңизге рахмат.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Тынар Курбаналиевдин өздүк архивинен алынды)
star@super.kg