(Башталышы өткөн сандарда)
Аскаттын жетегинде бара жаткан Данектин денеси дүр эте түштү. Алда неден корккондой Аскат колуктусун аркасына калкалай калды. Илимбек жолун тоскондорго ээ бербей аларга жакын келди да, Айданектин көзүнө тике карады.
– Мени кечирип кой! Келбешим керек эле. Бирок акыркы мүнөттө эч чыдай албай койдум. Менин Айданегим, менин кичинекей карындашым менден кек сактап кетишин каалабадым. Мен башка өлкөгө кеткен жатам, бүгүнкүгө билет алып койдум. Сени менен көрүшпөй кете албасымды түшүндүм. Кечир мени...
– Мен сизди мурун эле кечиргем. Сизге ак жол каалайм.
Дирилдеген кыздын эки колун бириктире кармап туруп, акыркы жолу сүйгөнүнүн колунан өптү да, Илимбек эч кимге кайрылбай, бир сөз айтпай артка бурула берди. Артынан карап
турган эл жеңилдене дем алышты. Никеге каттоо бүтүп, эки жаш шакектерин колдоруна салып, бирин-бири тиктеп калышты. Аскаттын от чачкан каректери ушул учурда да Данекти апкаарытып, күйгүзүп өттү.
– Антип тиктебечи, азыр элдин алдында кулап кетем,- деди ал уялыңкы шыбырай...
Бактылуу жылмайган Айданек куттуктоого кучак жайып келе жаткан атасы менен апасына бурулду. Уул-кызын чекесинен өөп, кубанганынан апкаарып турган Азирет бүгүн бактылуу эле. Курган жүрөк ушул учурда да көптүн ичинен Бегимайды издеп тапты. Мына, ал дагы мойнун буруп өзүн тиктеп туруптур. Өзүнө коёндой окшош эки кызы, күйөөсү жанында экен. Каректер издешип, кайра тайып, карабай коёюн десе да болбой барып кайра тиктешип калды. Бирок мурункудай өксүк, кайгы, өкүнүч толгон көз караш эмес, бул жолу экөөнүкү тең бактылуу көз караш болчу.
– Бактылуусуңбу, ошондой көрүнөсүң. Ылайым бактылуу бол, жарыгым,- деп жатты Азиреттин көздөрү.
– Жалгызым, мындан ары экөөбүз бири-бирибизди издешкенге эч акыбыз жок. Анткени экөөбүздүн жомок бактылуу аяктады. Биздин уулубуз бактылуу. Андыктан биз мындан ары жомогубузду издеп, күйүт тартышка акыбыз жок...- деп жатты Бегимайдын сулуу каректери.
– Эмнени ойлонуп кеттиң?- жанына келген Алинанын сөзүнө селт эткен Азирет ага бурула берди. Жаркырай күлүп турган аялын аяр кучактай маңдайынан өөп, кичинекей Нурайды жетелеп ары жөнөдү.
Той өзгөчө шаңдуу өттү. Бөлмөлөрүнө кирип, ашык кыймыл кылгандан коркконсуп фатасын колуна кармап, колуктунун көйнөгүн чечпей көпкө отурду Данек. Кимдир бирөө жүрөгүнүн түрсүлүн угуп койчудай уялат. Аскат бөлмөгө киргенде жалт карай берди.
– Чарчадыңбы?- деди ал мээримдүү жылмайып.
– Балким...
– Кел, мен көйнөгүңдү чечкенге жардам берем...
Демин чыгарбай турган Данек Аскаттын колдору көйнөгүнүн бүчүлөрүн акырын чечип жатканын туйду. Бир аз титиреп турган колдордон ал дагы сүрдөп турганын билди.
– Аскоо...
– Ов.
– Мен сени...
Акыркы сөзүн айттыра койбой Аскаттын эриндери жабыша берди. Апкаарыткан, толкуткан, калтыраткан бир күч экөөнүн тең башын айланта, чимирик аттырып жөнөдү. Күйөөсүнүн ысык илебине туруштук бере албай, денеси, жүрөгү, бүткөн бою балкый берди. Бул түнү не деген ысык сөздөр айтылбады... Тагдыр экөөнө канчалык сыноо берсе да, азыркы алар сезип жаткан бакыт андан алда канча күчтүү, алда канча маңыздуу болчу. Ар бир эле адам мындай азапты да, мындай бакытты да башынан өткөрүү энчисине ээ болбосо керек. Таң атып, чымчыктар сайрай баштаганда реалдуу дүйнөгө кайткандай бирин-бири тиктеп алышты.
– Мен биринчи жолу толук бактылуу болдум,- деди Аскат.
– А мен сенден да бактылуумун...
Данектин күлүңдөгөн көздөрүнөн бакыттын тамчысы кулап бара жатты...
(Аягы)
Жолдошбек Кудайбергенов