2014-жылдын 15-январында кыргыз кино тарыхында чоң жаңылык болду. Ал «Мигрант» көркөм тасмасынын ачылыш аземи. Тасма көрүүчүлөрдүн купулуна толгону ага келген 2000ден ашык адамдын кино жаратуучуларды кетирбей көпкө кол чаап турганынан байкалды.
«Мигрант» тасмасы элде кызыгуу жаратканына Кыргызстандан тышкары, чет жердеги жарандарыбыздын интернет жана башка маалымат булактары аркылуу тынбай кайрылып жатканы далил. Аталган тасма Кыргызстандын бардык кинотеатрларында ийгиликтүү көрсөтүлүп жатат!»- дейт тасманын продюсери Мухтар Атаналиев.