Ынак Осмоналиев:«КЫЗГАНЫЧТАН ЧЫГАРГАН ЫРЫМ ХИТ БОЛУП,ЭЛГЕ ТААНЫЛГАМ»

«Карагат, кара көздөрүң,
Катасыз тийген ок беле?
Моминтип болдум, ай, жарадар,
Мумиё дарың жок беле?»
деген саптары бар ыр мындан үч-төрт жыл мурун хит болгон. Ал ыр Ынак Осмоналиевге атактуулукту алып келди. Ырчы мырза учурда эмне менен алек, Ынак Осмоналиев деген ысымдын элге таанылышына кимдер себепкер болгон? Ырчынын басып өткөн жолундагы кыйынчылыктар, сүйүнүчтөр туурасындагы макала назарыңыздарда.

«БИРИНЧИ АЙЛЫГЫМДЫ 7-КЛАССЫМДА АЛГАМ»
– Музыкага болгон шыгым мага чоң аталарымдан, таякелеримден берилген. Чоң атам Базарбектен комуз черткенди үйрөнгүм келер эле, күү черткенде жанында отуруп укчумун. Мени үйрөнсүн дейт окшойт, балким, ырымдаганыбы, айтор, комуз чертип отурганда комуздун башын дайыма мага тиштетип койчу. Анан «комуз менен нанды башыңа жаздап жат» дечү. Жаздыгымдын алдына күндө жаздап жатсам деле жыйынтык жок. «Качан, кантип үйрөнөм, башкалар кантип үйрөнүшкөн?» деп көпкө капа болуп жүрдүм.
Бир күнү комузду кылдыратып отуруп эле күүгө окшоштуруп чертип жибердим. Ошондон кийин ырга шыгым ойгонуп, колумдан комуз түшпөй калды. 7-классымда аккордеон да саттырып алдым. Ошол кезде Тургуналы Нурматовдун, Исирадин Аманбаевдин ырларын ырдаар элек.
1992-1993-жылдар болсо керек, Юрий Шатуновдун дүңгүрөп турган чагы. Айбек, Эдил деген классташтарым болуп чаканы барабан, швабраны гитара кылып, Шатуновдон кем калышпай биз дагы катуу чыктык. Улуулар музыкага болгон шык-жөндөмүбүздү байкашканбы, Таластагы Маданият үйүнүн «Алтын балалык» деген эстрада тобуна Эдил экөөбүздү ырчы кылып алышкан. Ошентип, гастролго 7-классымдан эле чыга баштагам. Биринчи айлыгым 47 рубль болгон. Үйгө келерим менен бир тыйынын коротпой велосипед сатып алгам.

«ТУЗДАН БАШКА ЭЧ НЕРСЕ ЖОК КҮНДӨР БОЛДУ»
– Ошол кездерде пародия жазчумун. Бир кыз менен бир баланы жабыштырып эле ырдай берем, анан алар чычалап жатып калышат. Мектепти бүтөр жылы «алыс кетсе менден карааның, аянычтуу карап каламын» деген саптары бар «Алыстаба» аттуу ырымды чыгардым. Ошол убакта жубайым Сырга менен сүйлөшүп жүргөм. Бир жолу Болот деген бала «Сырга башка менен жүрөт» деди, ошондо кызганганымдан ушул ырды жазгам. Кийин билбедимби, Сырганы Болот өзү да жакшы көрчү экен. Кызганчаактыгымдын айынан жакшы ыр жаралып, атым элге таанылды.
2000-жылы «Таластык кыз» деген ырым чыкты. Ал дагы кайсы муундун отурушу болбосун, дайыма ырдалар эле. Бул нерсе жакшы дечи, бирок башка бирөө ырдап, клип тартып салса эмне кылам, эртерээк сахнага чыгуунун аракетин көрөйүн деп коркуп Бишкекке келгем.
Менин чыгармачылыгымдын түптөлүшүнө Майрамбек Осмоновдун салымы бар. Анда байкенин күйөрмандары залга батпай турчу. «Концертиме катышасың» дегенде сүйүнгөнүмдөн «Ош базарынан» Асанбай кичи районуна чейин жөө баргам. Спорт Ордосунун сахнасына чыкканда буту-колумду кой, оозум титиреп, фонограммага түшпөй ит болгом. Ырым аяктап калганда элге рахмат айтайын дегем, бирок аны да айтканга жараган эмесмин. Бир айылдаш кызым гүл берсе ого бетер толкунданып, өзүмдү коёрго жер таппайм десең.
Андан кийин борбордо ким концерт берсе, «катышайынчы...» деп спорттук сумкама формамды салып алып бара берчүмүн. Катыштырбай койгон эч ким деле болгон жок. Ырчылар «Канча бут кийимиң бар?» деп эле таң кала беришчү. Анткени бир концертке кийгенимди экинчи кийчү эмесмин. Ал кезде «Дордойдо» аялдардын бут кийимин сатчумун. Жанымдагы эркектердикин саткан кошунамдан улам бирин алып кетчүмүн. Астына скотч чаптап, жаңы байпак менен кийип алам да, эртеси кайра сатыкка чыгара беребиз. Кийин костюм-шым саткан жигит менен дос болдум.
Мектептен соң ата-энемдин каалоосу менен ИИМдин академиясына тапшырдым. Бала кезимден арзып жүргөн кызым Сыргага үйлөндүм. Ырчы болом деп окуумду да таштадым, анан кыздарым төрөлдү. Ал мезгил жашоомдогу өтө кыйын учурлардын бири экен. Кагылып-согулдум десем болот.
Батирде жашачубуз. Орус кемпирлердин бир бөлмөлүү времянкалары бизден калган. Бир аз тапкан акчамды эле чыгармачылыгыма жумшайм. Дасторкондо нан да жок, туз эле болгон күндөр баштан өттү. Жубайым «Тойдук ырыңа, ушинтип ырчы болбой эле кой. Биз качан эл катары жашайбыз?!» деп, ортодо түшүнбөстүктөр көп чыкты. Мен көгөрүп болбойм. Бир топ ырым хит болуп, 4 жолу жеке концертимди бердим. Зал толбой калган учур болгон эмес.
«Мумиё дарың жок беле?» деген ырды атам жаш кезде теңтуштары менен чогулганда дайыма ырдачу. Көрсө, ал радиодон уккан экен. Атамдан текстин сурасам, унутуп калыптыр, эптеп бир куплетин жазып берди. Калганын өзүм чыгармачылык кылып жазып салдым.

«МЕККЕГЕ БАРЫП АЖЫ БОЛУП КЕЛГЕНИМДИ АЙТКАНДАН УЯЛГАМ»
– Акыркы учурда менин сахнадан көрүнбөй кеткениме ыйман жолуна түшүп, намаз окуп калганым себеп болду. 2011-жылы Бангладеште 4 ай дааватта жүрдүм, бир жылдан кийин эле Меккеге барып ажы болуп кайттым. Келгенде журналисттер «ажы болгон турбайсызбы» деп сурашкан, уялып жок деп койгом. Ажы болгон соң дин жолуна баш-отум менен кирдим. Ушул себептен чыгармачылыктан оолактап кеттим. Атам дагы динди бекем карманган адам, чыгармачылыгымды колдобойт. Ушундай жагдайлардан улам сахнадан биротоло кетейин дегем. Бирок «Ынак ичип кетиптир, чегип кетиптир» деген кептердин калп экенин көрсөтүп, жакшы ырларды жаратып, анан сый менен сахнадан кетсемби деп да ойлоном. Албетте, 4-5 жыл мурун эл катары майрамдарда ичкем, бирок ичкендин баары аракеч эмес да.
Жаңы жылдык көрсөтүүлөргө катышайын деген элем, бирок ден соолугум жол берген жок. 2013-жыл – мүчөл жылым мен үчүн оор болду. Жол кырсыгына кабылып, бутумдан операция жасаттым, 8 ай ооруканада жаттым. Буюрса, баарын жеңип келе жатабыз.

«Кичүү кызым Айдай менен. Кыздарымды урушуп жаман сөз айтпайм. «Берекелерим, күчүктөрүм» деп эле турам».

Турарбек Рысалиев, классташы:«ЫНАК АК БАЙПАГЫМДЫ ТАЛАШЫП КОЛ САЛГАН»
– Мен Ынакты классташ, дос катары жакшы билем. Ынак менен 8-класстан тартып бир класста окудум. Ага чейин аны сыртынан таанычумун, анткени экөөбүз бир райондо жашап, анын үстүнө мушташа да кеткенбиз. Бир жолу мектептен үйгө баратсам Ынак жолумду тосуп, «байпагыңды чеч» деп мага тийише баштады. Ал учурда ак байпак мода болчу жана табылышы кыйын эле. «Чечпейм» деп Ынак менен мушташа кеттим. Аңгыча балдар келип ажыратып, байпагымды ала албай калган. Кийин ал окуган мектепке которулуп, классташы, ал гана эмес, досу болуп калдым.
Ынактын УАЗ машинасы бар эле. Отуруш болордо үйүндөгүлөр укпасын деп гараждан түртүп чыгарып, алыстаганда от алдырчубуз. Таңга маал, үйүнө жакындаганда унааны өчүрүп, түртүп киргизип койчубуз. Отурушка чогулганда Ынак аккордеону менен балдар-кыздарды бири-бирине жабыштырган пародиясын ырдап жиндерине тийип калчу. Ынактын ырдаганын уккан кыздар вальс бийлеп жаткан жигитин таштап салып анын жанына отуруп алышчу. Жигиттердин жини келип эле калчу.
10-класста болсо керек, Ынак мени үйүнө кино көрүүгө чакырды. Кечки саат 10-11ге жакындап калды, мени үйгө кетирбейт. Тамашалашып күрөшө кеттик, бир убакта Ынак сыртка чыкты. Көрсө, байланып турган кавказ породасындагы итин бошотуп келиптир. Короого чыксам баягы ити чуркап келип мени талай баштады. Дарбазасын да ичинен илип салыптыр. Дагы жакшы, эч жеримди тиштеген эмес. Бирок кымбат баага жаңы сатып алган тонумдун (дублёнка) эки-үч жерин айрып салган. Жиним келди, айлам жок... Кийин тонумдун айрылган жерлерин скотч менен билгизбей чаптап кийип жүрдүм.
2002-2003-жылдары Ынакка Бишкектен жолугуп калдым. Майрамбек Осмоновдун концертинде Спорт Ордосунун сахнасына чыгам деп кубанычы койнуна батпай жүрүптүр. Колунда Майрамбек байкенин афишалары. Жашыл Жигулим бар болчу, ошонун үстүнө чыгып алып афишаларды илгенбиз. Анан бакка чыгып тытылып, жыгылып шаар ичине он чакты баннерин байлап, түнү менен зым карагайларга афиша жабыштырып, кийимибиздин баары камыр болгону эсимде. Азыр да абдан жакшы катышабыз. Кыздарын аябай жакшы көрөт. «Берекем, күчүгүм» деп эркелеткенин көп көрөм.

Нурбек Саматов, досу:«ЫРЫНЫН 2-КУПЛЕТИН УНУТУП КАЛЫП...»
– Ынак экөөбүз эс тарткандан бери бирге жүрөбүз. Таластагы кафеде да чогуу ырдадык. Кээ бирөө айткан сөзүнө турбайт го, досум андайлардан эмес. Айтканынан кайтпайт. Эч качан калп айтпайт. Бир нерсеге капа болсо, үйүнөн качып, талаалап кетмей жайы бар эле.
Бишкекке келип, бажыканага жумушка кирдим. Ынак анда үй-бүлөлүү болуп калган. Казан-аяк кагышып, аяшты таарынтып койгон экен, кетип калыптыр. «Кел, чогуу жашайлы» деп бир батирде туруп калдык. Ичип алганда өзүнүкүн такыр бербейт. Тентек достору бар, ошолор бузуп коёт, ак көңүл досум алардын жүрү деген жагына баш тарта албай кете берет. Ичип алса өтө жеңил, кой-айга келбейт. Бирок менден бир аз ийменип, айтканымды угуп калчу.
Бир жолу Таласта концерт берип жатабыз. Эл «эстрададан тажадык, аккордеон менен ырда» деп калды. Аккордеонун көтөрүп сахнага чыгып Жолдошбек Мамажановдун «Сүрөтүңө» деген ырын ырдамай болду. Ичип алган эле, «турушуң мага жакпай жатат, сахнанын артынан эле мен экинчи үндү алам» деп чыкпай койгом. Биринчи куплетин сонун ырдадык, экинчисин унутуп калган экен, мен ырдап жибериптирмин. Анда Ынак «Мен унутуп калдым, эй, чыкпайсыңбы? Көшөгөнүн артында абысыным бар» деп элдин боорун эзген.
Дагы бир жолу Манас айылына концерт коюп бардык. Клуб Манас, Кара-Суу айылдарынын ортосуна курулуптур. Концерт болгон сайын жаш балдар «меники, сеники» деп мушташып кетишчү экен. Ынак ырдап жатканда артта отурган жигиттер мушташа башташты. Ынак «Энеңди урайындар, эмне болуп жатасыңар?» деген боюнча мушташка аралашып кетсе болобу?! Фонограмма кетип жатат, мен ырды токтото албай чуркап жүрөм. Чынын айтыш керек, кыйын мушташат, зөөкүрлүк жагы да бар.
Чогуу жашап жүргөндө тамак жасагандан эринип кафеден иччүбүз. Бир жолу мен уктап жатканда өзү кетип калыптыр. Ошол жерде Назира Жетигенова достору менен отурган экен, аларга бирөөлөр тийишкен окшойт. Назирага болушуп Ынак алар менен мушташыптыр. Анан телефон чалып мени чакырды. Такси менен барсам, жалгыз өзү үчөөнү сулатыптыр. «Кел деп коёсуң, өзүң эле жайлаган турбайсыңбы» десем, «эртерээк келбейсиңби, өлтүрүп сала жаздадым» деп жатпайбы.

Майрамбек Осмонов, ырчы, обончу:«АФИШАЛАРЫМДЫ ӨЗҮ ЧАПТАП ЧЫККАН»
– Кайсы жылдар экенин эстей албай жатам, Ынак «Таластык кыз» деген ыры бар экенин айтып, аны мага угузган эле. Мен ал учурда «Ош базары» жакта батирде жашачумун. Ошол үйүмө бат-баттан келип турчу. Ынактын тарбиялуу экенин ушундан бил, үйгө 100 жолу келсе да «уруксатпы...» деп кирчү.
«Таластык кыз» деген ырына Мирлан Ниязов экөөбүз аранжировка жасап бердик. Ынактын тартынбай «Мен дагы сизге окшоп элге тааныламбы, чоң сахнага чыгамбы?» деп сураганын жактыргам. Ал сураганда мен ичимден «бул жолду мен деле баспадым беле» дечүмүн. 1990-жылдардын башында мен дагы Асанкалый Керимбаев менен жашаганымды, отунун жарып, кышын ташыганымды, идишин жууганымды, жадакалса алмага конгон чымчыктарына чейин кубалаганымды Ынакка айтып бергем. «Бирөөгө кызмат кылбасаң, кызмат көрбөйсүң» деп көп айткам.
Ошентип, мен концерт коё турган болдум. Базардан ун алып келип, клейдей суюк камыр даярдадым. «Кечкисин афишаларды чапта» десем, суроо бербестен дароо макул болду. «Азыр менин афишаларымды чаптасаң, кийин сеникин да бирөө чаптайт» дегеним эсимде. «Пенденин оозунда болсо, Алланын кулагында» дегендей, Ынак тез эле элге алынды. Анын жөнөкөйлүгү адамды өзүнө тартып турат.
Эмнеси болсо да Ынактын чыгармачылыгына жол көрсөтүп, билигин күйгүзүп бердим, андан ары өзү алып кетти.

Марипа Бейшенова, класс жетекчиси:«МУГАЛИМДЕР ЫНАГЫҢЫЗДАН БИРДЕМЕ ЧЫГАТ ДЕШЧҮ»
– 4-класстан мектепти бүткүчө класс жетекчи болдум. Бир үйдүн жалгыз баласы, көп жылдан кийин карындаштуу болду. Апасы дүкөнчү болуп иштечү, мектепке бат-бат келип «Балам кандай окуп жатат?» деп сурап, сабактарга катышып турганы эсимде. Ынакта тентектик да бар эле. Бирок тентектик кылса, жароокерлиги менен аны жууп кетчү. Жогорку класс болгондо уюштургучтугу, дилгирлиги менен балдардан бөлүнүп чыга келди.
Эч качан калп айткан эмес. Бир жолу балдар адабият классында илинип турган Жоомарт Бөкөнбаевдин сүрөтүнүн айнегин сындырып салышыптыр. «Ким кылды, айткыла?!» деп ачуулана баштасам эле Ынак ордунан туруп «эже, ким кылганын билбейм, бирок биз мурунку калыбына келтирип коёбуз» деди. Чын эле ошондой болду, тентек кылгандарын моюнга алып, баарын жайгарып салгандан кийин эч нерсе деген жокмун. 10 жылдыкка келгенде Ынак «эже, ошол сүрөттү мен сындыргам» деп айтып жатпайбы.
Биз, мугалимдер, окуучулардын экинчи энесибиз да. Элге кереги тийген, чыгаан уулдардан болорун сезгем. Башка сабактын мугалимдери да «эже, сиздин Ынагыңыздан бирдеме чыгат» дей беришчү.

«Менин продюсерим да, демөөрчүм да апам болду».

«Дем алыш күндөрү чоң ата-чоң энемдикине кетип, дайыма дүйшөмбүдө окууга кечигип келчүмүн. Кээде келбей да калчумун».

Ынак «Мумиё дарың жок беле?» ырынын клибине тартылган досу Нурбек менен.

«Чоң атам менен чоң энемдин улуу, эрке небереси болуп чоңойдум».

«ИИМдин академиясында окуп жүргөндө да колумдан аккордеон түшкөн жок».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
zarlyk2211
2014-02-03 13:14:26
кандай жолду тандасанызда ийгилик!
0
obayatelnaya
2014-02-03 16:30:50
Жубайы дагы абдан жакшы адам экенин билем, ал гана эмес чыгармачылыгын дагы дайым колдоп турчу эле го, бирок ал жонундо эч айтпаптыр...
0
Hatiko
2014-02-03 18:34:58
Аябай сыйлаймын ушул таланттын чыгармаларын
+1
infiniti
2014-02-03 18:45:57
Даа. Иштеринизге ийгилик!
+1
Nelli85
2014-02-04 01:25:13
Талантту ырчы чынында "Гулдор"атту ыры менен да ооруп жургом бир кездерде.Кантсе да ишинизге ийгилик.
0
maliw
2014-02-04 09:15:30
Inakti taanyim, chin ele talanttu birok araka jakin bolchu murun,azir bilbeim. Ayali otom oto ele biwik bolo beret
0
eliza89
2014-02-04 18:07:17
Ынак Осмоналиев менен досунун алы эле скотчко чыккан го я)))бири бут кийимин,бири дубленкасын скотчтоп,окуп алып аябай кулдум.
Уй-булоолук бакыт каалайм!
+1
indira.1991
2014-02-04 18:14:57
Ынак байке аман болунуз
0
marin
2014-02-04 23:44:45
Гулдор аттуу ыры жагат.
+1
hakker_a
2014-02-05 03:44:26
Ынак Осмоналиев менен апасы тушкон суротто апасы ортонку (Fuck you) колун коргозот го. Бул эмнени билдирди экен
0
vangolu
2014-02-05 12:05:35
hakker_a, мен башында байкабаптырмын.чын эле жаман корунот экен.бирок атайын кылбаса керек
0
shazi
2014-02-05 15:34:14
hakker_a, ой боорум кулкуулу сурот болуптурго ээ.
0
kamo
2014-02-12 17:00:06
hakker_a, Чон эле аял колун корсотуп турса жаман корунот экен. Мен ойлогом тартып жаткан суротчуго корсотуп атканго деп хи хи хи. Боорун эзилет...
0
shazi
2014-02-05 15:44:40
Меккеге барып келипсиз,зыяратынызды Аллах кабыл кылсын. Оор турмушту откоруптур башынан,азыр эми буту кандай экен кырсыка учуруса???
0
La-lak.08
2014-02-05 20:36:11
Бул ырчы жигит канчанчы жылкы? Туулган жылын жазбаптыр го.
+1
allan
2014-02-06 12:48:04
ак байпак талашканы эле жакты))
0
Arstanov
2014-02-06 15:03:18
Мумиа дарын жок беле деген ыр обончу Кудайберген Темировдуку екенин Ынак билбейт окшойт
0
Leili
2014-10-11 18:33:34
Ынак эки буту баспай калыптыр дейт чынбы ошонун чын бышыгын айтчып койсонор
0
admin_superstan
2014-10-13 10:02:57
Leili, саламатсызбы!
Маалыматыңызды тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Рахмат! Аракет кылабыз.
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан