«АЛИГИ» ЖӨНҮНДӨ СУРАСАҢЫЗ...

Көптөгөн окурмандарыбыздан ден соолук, анын ичинде интимдик жашоо багытындагы түрдүү суроолор келет. Бул ирет сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Андро Вен» жеке клиникасынын уролог-андрологу Эркин Муратов жооп берди.

«СПИРАЛЬ КҮЙӨӨМӨ СЕЗИЛБЕШИ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛСАМ БОЛОТ?» 
– Биринчи балам төрөлгөндөн кийин бойго болтурбоочу спираль салдырган элем. Бирок күйөөм «жыныстык катнаш учурунда салдырган нерсең сезиле берет» дейт. Гинекологго көрүнсөм, «спираль жылып кетпей, ордунда эле турат» деди. Эмне кылышым керек?

Дина, Кара-Балта

– Сыягы, жолдошуңуз сактануучу каражаттын өзүн эмес, анын мурутчаларын (жиптерин) сезет окшойт. Мурутчалар спиралды кайра алып салуу үчүн керек. Спиралды жатынга жайгаштырганда мурутчалар жыныс кынында калат да, гинеколог аларды кыскартып кесип коёт. Бирок көбүнчө узунураак калтырышат. Анткени кыска кыркылып калса, жатын катуу жыйрылганда мурутчалар спираль менен кошо өйдөгө жылып, жатындын ичине кирип кетиши мүмкүн. Мындайда спиралды алуу кыйын болуп калат.Эми сиз гинекологго кайра кайрылып, мурутчаларын абдан узун калтырган болсо, анда аларды кыскартып берүүсүн сураныңыз.

«УРУК ЧЫКТАГЫЧ БЕЗДИ УКАЛАТСА ЭРКЕК ЖЫРГАЙБЫ?»
– Урук чыктагыч безди укалатуудан эркек жыргап, бел кубаты күчөйт  экен деп угуп жүрөм. Аны кантип жасашат? Өз алдынча үйрөнүүгө болобу?

Беку, Бишкек

– Укалоо негизинен рахат үчүн эмес, сезгенүүгө кабылган урук чыктагыч безди (простатит) айыктыруу максатында, көтөн чучук аркылуу жасалат. Ал врач тарабынан гана сунушталат. Аталган без сезгенүүгө кабылганда былжырлар, илээшме заттар топтолуп калат. Укалоо алардын чыгышын шарттайт, бирок жагымсыз. Андыктан адамда простатит болбосо, укалоо жасатпай эле койгон оң.

«АЛИГИСИ» КЫЙШЫК...»
– Күйөөмдүн жыныстык мүчөсү бир жакка аздап кыйшайып турат. Бул анын ден соолугуна жана  рахат алуусуна тескери таасир тийгизбейби? Түздөп, оңдоого болобу?

Жази, Ош

– Эгер жолдошуңуздун жыныстык мүчөсү тубаса бир аз кыйшык болсо, анда ден соолугуна да, интимдик жашоосуна да зыянын тийгизбейт. Кокус жакындан бери кыйшайып калган болсо, анда Пейрони оорусуна чалдыккан болушу мүмкүн. Мындай ооруну алгач айыктыруу үчүн дары-дармек колдонуп көрүшөт. Болбосо операция жасалат.

«ДАРЫЛАР ЭРКЕКТИ АЛСЫЗ КЫЛЫП КОЁБУ?»
– Мен учурда бөйрөгүм ооруп дарыланып жүрөм. Дарылардын таасириби же башкабы билбейм, жыныстык катнашта алсыз болуп баратам. Бул эмнеден болушу мүмкүн?

Куту, Талас

– Кээ бир дары-дармектер сексуалдык жашоого тескери таасир этиши мүмкүн. Мисалы, транквилизаторлор (нервди чыңалуудан арылтуучу каражат), кан басымды түшүрүүчү, заара кубалоочу, аллергияга каршы каражаттар. Сиз бөйрөгүңүз ооруп дарыланып жатсаңыз, анда башкалары болбосо да, заара кубалоочу дары-дармек алып жаткан болсоңуз керек. Демек, төшөктөгү алсыздык ал дарынын натыйжасы болушу мүмкүн.
Дагы бир айтып кетчү нерсе, тамакты төшөк оюнунан 3 саат мурун ичүү кажет. Анткени тамакты сиңирүү үчүн тамак-аш системине убакыт жана энергия керектелет. Ушул себептен аталган систем энергиянын көбүн өзүнө тартып алып, төшөк оюнуна энергия аз калат да, каалагандай жыйынтык келип чыкпайт.
Бирок дарынын айынан келип чыккан алсыздык убактылуу көрүнүш, дарылануу бүткөн соң баары калыпка келет.

«БАШКА ЫКМАНЫ КААЛАБАГАНЫ ЭМНЕСИ?»
– Күйөөм артынан кошулуу ыкмасында гана оргазм алып, башка ыкмаларды жактырбайт. Сурасам ачык айтпайт, бул эмнеден болушу мүмкүн?

Жаку, Кант

– Же сиздин арткы көрүнүшүңүздү жактырат, же анын анатомиялык өзгөчөлүгү бар. Мисалы, кээ бир эркектердин жыныс мүчөсүнүн башы сезимтал болсо, кээлериники кыска жүгөнчөсүнүн (уздечка) аймагы сезимтал. Сыягы, сиздин жолдошуңуз мунун экинчисине кирет. Арттан кошулууда кыска жүгөнчөнүн аймагы катуу ыйкалып, жан жыргалын тартуулайт.

«ООРУТАТ ДЕП ЫЙЛАКТАЙТ...»
– Аялым менен жашаганыма үч жарым жыл болду жана бир балабыз бар. Аялымдын жыныстык кыны тар болгондуктан, кошулганда «оорутуп жатат» деп ыйлактайт. Эмне кылсак болот?

Данияр, Майлы-Суу

– Бала төрөлгөндөн кийин жыныс кынынын тардыгы тууралуу сөз кылуунун негизи жок. Оорутуу жана жагымсыз сезим болбошу үчүн «Интим-комфорт» мазын колдонуу сунушталат. Эгер мында деле оорутуу токтобосо, анда гинекологго көрүнүү кажет. Бул жатын моюнчасынын эрозиясынан же сезгенүүдөн улам болуусу ыктымал.

Эч кимге ооз барып айта албаган, олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге кат жазыңыз же erotika@super.kg электрондук дарегине кайрылыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жооп беришет.

Венера Камалова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (210)
daniyar84
2015-11-04 13:21:31
ХХХ ХХХ ХХХ керек
0
admin_superstan
2015-11-04 18:22:00
daniyar84, интимдик кызмат издөөгө тыюу салынган! 10 күн БАН!
-1
mars.maks
2016-02-04 20:47:44
Салам администратор менден бир суроо биз кошулганда тез эле болуп калам не кылсам болот жардамыңыз керек болтат
0
Donni92
2016-02-07 01:04:38
Менде да ушундай бат эле түшүп калат. Жогоруда бирөө жазгандай ишим бүткөндөн кийин эротиканы жек көрүп калам да 2 сааттан кийин дагы каалайм баргым келип тиги жака үйлөнсөм кандай болот экен.!?
0
mars.maks
2016-02-07 16:53:38
Жооп жок
0
cholponka91
2016-02-22 11:27:13
салам менин эмчегим ооруп жатат айрыкча бала эмизген жерим неден болушу мумкун жооп кутом
0
kyrgyz.jigit.temirlan
2016-03-10 17:45:59
Жаш кезинен эле айымдарга эрте кошулуп уруктукту коп кетирсен сыяны жокпу? Админ
0
admin_superstan
2016-03-10 18:00:29
kyrgyz.jigit.temirlan, саламатсызбы? Сурооңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
kyrgyz.jigit.temirlan
2016-03-12 17:47:12
admin_superstan,
Мен берген суроомо жооп
качан алам?
0
salta_07
2016-03-27 16:58:45
Менин куйоомдун алигисинде шарик бар.Экообуз жаны уйлонуп "волшебство" болгондон кийин сурай албай койдум.Бир аз кундон кийин отуруп алып сурадым анан айтып берди достору менен мелдешишип баары тен шарик тагып алышышыптыр. Уйдон эле арак менен дезинфекция кылышып лезвия менен тилишип алигисинин терисинен бир аз анан ошол жака шарикти киргизип коюшуптур.Эми сураганым ошол зыян эмеспи аны кантип алдырып салса болот.
+1
eles1988
2016-04-03 14:26:55
Админге кайсы жерден кат жазсам болот???
0
admin_superstan
2016-04-04 10:36:01
eles1988, саламатсызбы? Бизге купуя кат аркылуу же admin@super.kg дареги аркылуу кат жазсаңыз болот.
0
Mr.Erlan
2016-04-12 11:46:49
Ушуга окшогон керектуу советеринерди жазгыла сураныч
0
Munarka
2016-04-15 14:45:03
Админ. Алигини кантип чонойтсо болот?
0
Adilet.t
2016-04-17 00:31:08
Салам! Мен мурун 15 жолудай жатчым азыр 4 той эле кантиб кайра ордуна келтирсем болот. И мурун эки жолу катарынан жатчым эле азыр бирден кийин жатыб калат
+1
Adilet.t
2016-04-17 00:34:02
И размери да кичине болуб калды
0
sanjarbek.melisbek
2016-12-27 21:21:04
Менда аябай тез бутуруп буткон сон жакпай калат эмнеге?
0
Kuba16
2017-02-12 14:11:32
Дрочит этсе болобу эркек балдарга терс таасирин ден-соолукка тийгизбейби.
0
fahridin
2017-04-13 03:29:13
арткы тешике салган бул эн жаман нерсе динден чыгып каласын
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан