Кыргыз эли ырга жакын келет. «Улуу сөздө уят жок» демекчи, бүгүн сиздерге кыргыз акындарынын «сол чөнтөктөгү» дептерге жазылган ырларынан сунуштайбыз.
Кучактайын, кучактачы,
Ортобузга жел кирбей.
Эркелейли айлуу түндө,
Эстен танып элжирей.
Аймалайын, аймалачы,
Моюндашып ак куудай.
Сүйүүбүздүн асманында,
Сүзүп өтсүн алтын ай.
Шыбырайын, шыбырачы,
Назик, таттуу кебиңден.
Укмуштуудай ушул түндү,
Сурап алдык Теңирден.
Жалынайын, жалынчы сен,
Жүрөгүмдү ысытып.
Уктабастан өткөрөлү,
Жаштык оюнун кызытып.
Имерейин, имерилчи,
Ортобузга от жагып.
Эркелейин, эркелечи,
Экөөбүз тең кош жарык.
БҮГҮНКҮ ТҮН
Бүгүнкү түн эсте калсын түбөлүк,
Сүйүшөлү жүрөктөрдөн гүл өнүп.
Эртең эмне болуп кетет ким билет,
Эркелешип, каткырышып, күлөлүк.Айсыз түндү жарык кылып туралык,
Алоолонуп, аймалашып, кубанып.
Ак дилиңди берчи мага ушул түн,
Азгын жанды махабатка сугарып.Ооба, эркем, мага берчү сыйың бар,
Менин сага ашыгылык ырым бар.
Экөөбүздүн жалын чачкан сөздөргө,
Эрип кетсин бөлмөдөгү буюмдар.
Сейит Жээнбаев
ӨБҮҢҮЗЧҮ
Өбүңүзчү, акетай, өбүңүзчү,
Көзүмдөгү күн нурун көрүңүзчү.
Кубанычтан эреркеп бир төгүлүп,
Нурга чылап кетейин төшүңүздү.
Өбүңүзчү, өбүшүп кетеличи,
Махабаттын дүйнөсүн кезеличи.
Ак-карасы аралаш бул жашоонун,
Таш тагдырын жаш менен эзеличи.
Өбүңүзчү, дагы да өбүңүзчү,
Өзгөртпөңүз кезиксек өңүңүздү.
Менден кетип азапка кабылгыча,
Кучагымда тумчугуп көрүңүзчү.
Миң-миңдеген кыздардын арасынан,
Издеп келип ийилип өбүңүзчү.
Карагаттай көзүмдүн карасынан,
Кайыл болуп кагылып көрүңүзчү.
Андан көрө бир келип өбүңүзчү!
Конверттей бекем чапталып,
Чыкпай калды буттарыбызчы.
Сиз өчүргөн шамды жандырып,
Бул бейиштен куткарыңызчы!
Денеме денең сүрүлүп,
Күчөгөн кезде ысыгым.
Аңдабай туруп кетесиң,
Аялдын билбей кызыгын.
Колтукка бекем кысканда,
Таркабай жатса ысыгым.
Таркыйып туруп кетесиң,
Катындын билбей кызыгын.
Бурулкан Карагулова
ЭШИГИҢ ТҮК ИЛИНБЕЙТ...
Төгүлүп айдын нуру апакай мамагыңа,
Эшигиң түк илинбейт...
Түрүң жок сыр жашырар...
Баягы күйөөң айткан кара түгөт,
Көп жүрөт күш-күш этип, сага түнөп...
Табылды Муканов
СҮЙЛӨШ БАР ДА, ЖАЛЫНЫЧ БАР, ОНТОШ БАР
Төшөктө экен жан берүүгө белендик,
Төгөрөгү төп дүйнөгө теңелдик.
Андан денди тартыш –
улуу бийиктик,
Ага денди басыш – улуу тереңдик.
Тереңдикти, бийиктикти буруш жок,
Терибиз бар, демибиз бар,
туруш жок!
Сүйлөш бар да, жалыныч бар,
онтош бар,
Сүйүшүүдө өгөй тил жок, улут жок!
Кожогелди Култегин
БИР ЖОЛУ...
Көзүңө көзүм жиберип,
Билектен тартсам имерип:
«Кой!»- деген өңдүү урунду,
Колума күмүш билерик.Билектен бери тартканым,
Өпкөнү бара жатканым.
Аңгыча сездим сөйкөңдүн,
«Койчу!»- деп бетке какканын.
Сүйүнбай Эралиев
ОО, ТУН СҮЙҮҮМ
Оо, тун сүйүүм, узанган,
Жалындаган кызгалдактай
кызарган,
Жайлоодогу жалгыз жолдой узарган,
Ак денебиз айлуу түндө кармалган,
Эң биринчи жигиттигим арналган,
Эң биринчи жарым элең кыз алган.
Анда сенин эмчегиңден кармасам,
Жооп күтүп ак жүзүңө карасам.
Жайнап турган эки көзүң коюлуп,
Айттың эле «ооруп жатат,
аясаң».
Тургунбай Эргешов
Эркин Сексенбаев
erotika@super.kg