Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

«ЖАШООМ ГАРЕМДЕГИДЕЙ,А БИРОК КҮҢ ЭМЕСМИН»

№587 31-январь-06-февраль, 2014-ж


Мен түшүнбөй калдым. Сени түшүнүп турам, өзүмдү да түшүнөм, жылтылдап жаныбыздан өтүп бараткан абал да дайын. Бирок сени менен кантип күрөшүүнү билбейм. Мен ал үйгө жаңы жашоо башташ үчүн кайткам. Эскилерди унутуп, таарынычтарды түртүп таштап, cага деген сезимге баш ийип барган элем. А бирок cенин үйүң жаңы жашоо баштоого даяр эмес экен. Дубалдар келип-кеткен белгисиз, көп сандаган аялдардын жыттарын сиңирип алыптыр. Күзгүнү тиктөөдөн корктум. Ар бир аялдын элеси кезектешип көрүнө калчудай сезилип, ансыз да эзилип турган жүрөгүмдү кыйнабасын дедим. Көрбөйүн, билбейин, мага белгисиз бойдон калсын...
Кайдан, шыпыргыны колума аларым менен дивандын, столдун, отургучтун алдынан, жуунуучу жайдан, уктоочу бөлмөдөн, төшөк, жаздык алдынан чачтар чыга баштады. Кызгылты, саргычы, карасы, узун-кыскасы да бар. Ар бир чач көзүмө тикен болуп сайылып жатканын ал билген жок. Ар бир талы моюнума оролуп, дем жеткирбей бууп жатканын да билбеди. Жанымда туруп да билбеди.
– Кыздарыңа айтып кой, чачтарын өздөрү менен көтөрө кетип жүрүшсүн,- дедим.
Айлам кеткендеги кеп да. Алкымыңды бууп, арманыңды, таарынычыңды кылт эттире күч менен ичке жутуп салгандан өткөн азап жоктур. Башка нерсеге өтө албадым, анткени мен сени менен тартыша берип чарчадым. Сенин кылыктарыңа, балким, татыктуумун, анткени мурун жакшы адамдын көңүлүн тепсегеним үчүн, жакшы адамдын жолунан кайчы кеткеним үчүн тагдыр мага СЕНИ берди. Жөн бербей жан илебимди алды, көңүлүмдү оодарды. Мына, эми бир ооз таарынычыңды айтууга укугуң жок болуп жашай бер...
– Макул.
Андан ушул гана сөз чыгат. Аны айтсаң да, муну айтсаң да макул. Ыйласаң да, таарынсаң да, ал турмак терс бурулуп басып кетсең да, кайра кайтып келсең да макул. Макул көкүрөктү өрттөп жаткан отко бир чыны суудай да болуп бере албасын билер бекенсиң?..
Дилге шек кеткени жаман. Кучактап жатып да, эркелеп, эркелетип жатып да ойлоно бердим. «Кечээ, мурдагы күнү, бир ай мурда ким кучактады бул адамды? Ким өптү?»
Мен сенин жалгызың болгум келген. Канчалык каалаба, канчалык кыялданба, эркектин эч убакта жалгызы боло албайсың. Жүрбөгөн, тескери баспаган эркек барбы? Эркек Африкада да, Сингапурда да эркек. А бирок тескери жолдорун бирине экинчисин чаташтырбай, бирин экинчисине кайчы келтирбей, камырдан кыл сууругандай ишке ашырууга деле болот го. Кечээ күнкү бура басканынан кабарың жок, анын жалгызы экениңе ишенип жашоо, берегидей түйдөк чачтарды тутамдап тапкандан көрө алда канча өйдө эмеспи.
Мен сурандым. Бардык күчүмдү жыйып, көз жаштын ордуна жылмаюу жаратып сурандым. (Ыйлай турган убакта жылмайган кандай оор экенин билер бекен?!)
– Оюнуңду токтотчу, мага туруктуу болбосоң да, ошол кызга туруктуу болуш үчүн алгач мени менен мамилени жокко чыгар.
Ал макул болду. Бир жумага айрылыштык. Бир жумадан кийин жолдон тосуп алды.
– Разборка кылбайбыз, ээ?- деди учурашарыбыз менен.
– Кылбайбыз,- дедим.
– Ким кылса эмне болсун?
– Таз болсун,- деп койдум.
Бул сапар да астанадан белгисиз аялзатынын жыты тосуп алды. Мен кийчү тапичкеден башка аялдын буту көрүнгөнсүдү. Артынан ээрчий уктоочу бөлмөгө кирдим.
– Сен залга барып, телевизор коюп турчу,- деди.
Телевизор коюп жатып уктоочу бөлмөдө кандайдыр бир кыймыл-аракет боло баштаганын туюп калдым. Эмненидир бекиттиби же оңдодубу... Зырп этти жүрөгүм... Суранычтан кийин, убададан кийин да алмашылдымбы? Түртө салып, бейтааныш аялды үстүмдөн тебелетип өткөрдүбү? Ыза алкымыма келди. Тула боюмду дүрт эткен өрт каптады. Бутумдан башталган өрт алоолонуп өйдө көздөй жылып келе жатты. Бутумду күйгүздү, жан кеткенсип теңселе диванга отурдум. Ичимди өрдөдү, бүктөлө калдым. Жүрөгүмө келди, көкүрөгүмдү каптады. Суудан кургакка чыгып калган балыктай аба жетпей оозумду ачып, аптыгып алдым. Көз алдымда дагы бир жолу ишеничим урады.
Бул жолу эркелеп да, эркелете да албай ортобузда дубал тургандай сезиле берди.
– Сен эмнени айтсаң баарына макул болоюн, болгону мени башкага алмаштырбачы,- дедим акырын.
Бул талапка караганда суранычка, жалбарууга көбүрөөк окшошту. Көзүмдү жумган боюнча бир ооз сөз менен түпкүргө түшүп баратканымды көрүп турдум. Бирок башка арга да жок болчу. Мен сени менен акыркы демим чыккыча, өмүрүмдүн акыркы саатын жашагыча бирге болгум келген. Түшүнгөнгө да аракеттенем, жаштыктын оту денеңде оюн салып жүрсө, бир аял сага тегеренүүгө мүмкүн болбогон тар бөлмөдөй туюлуп, ааламды кичинекей терезеден караганга жүрөгүң моюн сунбай жатса керек. Жаштыгың да кетер, от да азаяр, андан кийин эмне болот?
– Макул,- деди.
Дагы макул. Ордунан туруп баратып эңкейип полдон бир нерсе алып, аны колума кармата берди.
– Сеникиби? Полго түшүп калыптыр.
Аялдын чачка таккычы. Күрөң түстөгү.
– Бул меники эмес!
– Сеники-и...- мени карап турат.
Көзүнөн адашып алганына бушайманданган, бирок абалдан билмексендикке, балким, бет тырмоочулукка салса да кутулуп кетүүгө болгон каалоосун окуп калдым. Чачка таккычты жүрөгүнө матырып салгым келди. Мына, жүрөгүң жарадар болуп, ушул чачка таккычтын ээсинин артынан мен сен үчүн кандай азап тартсам, так ошондой азап тартып ээрчип жүрө бер... Кызганычтан жүрөгүң күйсүн, күндөрүң мунарыкка чулгансын. Ар бир түндү «ал азыр ким менен болду экен?» деген түпөйүл санаа менен өткөрө бер. Ар бир сааттан ал сени башкага алмаштыргандай коркунучту сезе бер...
– Чынын айтчы, бирөө барбы?- дедим.
Ой, келесоо, ай, бирөө болсо жыргабайсыңбы? Сен жаткан төшөктүн тили болсо, канча дене кыналганын сайрап бермек. Ак дене, кара дене. Толугу да, арыгы да бар. Баары бар. Коллекция. Аялдардан куралган коллекция. Сен ошол коллекциянын бир бүктөмүсүң.
– Разборка кылбайбыз дебедик беле. Эми таз болосуң,- тамашалады.
Андан аркы сөздөр кулагыма кирген жок. Эмне деп актанды,  билбейм. Дилимди өйүтүп бир гана нерсе турду, ал – аялдык ар-намысым. Мен – аялмын! Аял болгондон кийин, жылуулугумду, мээримимди тартуулап жаткандан кийин эркектин сүйүүсүнө ээлик кылууга да акым бар. Бул разборка эмес. Бул – кызганыч. Бул – сүйүү. Бул – жактыруу. Түшүнбөйсүң... Түшүнсөң жок дегенде полго түшкөн чач таккычты акырын бутуң менен дивандын түбүн көздөй сүрүп салмаксың. Түшүнсөң жок дегенде эки адамдык идиш-аякты шкафтын ичине бекитмексиң. Сен кимсиң? Мени мынчалык азапка салгыдай сен кимсиң? Мээрим көрдүмбү сенден? Сүйүүнүн илебин сездимби? Оорумду колдон, жеңилимди жерден алдыңбы? Бир мүнөт, бир секундга болсо да таяныч болуп бердиңби? Сага жолукканга чейин кандай жалгыз болсом, дагы да ошондой жалгызмын. Дагы да арманым менен азабымды бир гана жаздыгыма айтам. Түнү көз жаш төгүп, а күндүз тагдыр менен кармашам. Дагы да жүрөгүм жарты, кучагым бош. Болгону жүрөгүм бош эмес.
Менин таз болгонум качан. Сенин укмуштуу жоруктарыңдан улам көңүлүм күбүлө берип жылмакай болуп баратат.
Мен сени менен күрөшүүнүн жолун таппай калдым. Балким, чын дилимден жакшы көрбөсөм, көптөгөн аялдар санаа жарата алмак эмес. Көптүн бириндей мен деле бирин аттап, бирине аттатып жашай берет белем... Менин жашоом гаремдегидей экенин мойнума алам, а өзүм күң эмесмин. Мен сени сүйгөн эркин аялмын. Аттиң, сен ошону түшүнбөдүң...

Майрам

Асия Алиева
lira@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(36)
03.02.2014. 12:49 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
12-10-2012
Соӊку аракети:
17-11-2016 13:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Иди к черту деп кетип кал ары! Суйуу, суйуу? Кайдагы суйуу? Сени барктабаса, баалабаса? Суйуу эки адамдын бири бирине болгон таза сезими, а кайдагы бир аягы суюк эркектин бут астына тряпка болуу эмес! Намыс кайда? Ар кайда? Бул суйуунун кыпынынын жугуна да туура келбейт!
03.02.2014. 13:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
283
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
16-11-2018 08:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
0
ай эркектер,эркектер качаан эсинерге келесинер.мындай маселе ар бир уй булоодо болсо керек.включай меня
03.02.2014. 14:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
03-07-2012
Соӊку аракети:
01-08-2018 20:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
турмуштун кандай экенин турмуш курганда,эркектин эркектике салып журо беришин мына ушунда билет экенсин. Аттин, бойдок кездеги мечталар....
Бирок,турмуш озу эле тарбиялап коет дегени да эн туура! Эмнеге аял киши баарына чыдамдуу келишет экен? Эх, мен дагы эркек киши болсом, мынчалык азап тартпасам керек эле.
03.02.2014. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
03-07-2012
Соӊку аракети:
01-08-2018 20:08
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоомдун узундулору окшош экен. Бар ээ деп кетип калсам ичимдеги балам атасыз особу деп ар ойдо каласын???
03.02.2014. 15:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
16-06-2011
Соӊку аракети:
15-11-2018 15:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Абдан журок оорутарлык, жан кейитээрлик окуя экен. Кол шилтеп басып кет деп айтыш оной эле, бирок ал адам канчалык мерез болсо да журок бир эле ошол инсанды тандап туруп алса эмне дегенинин баарына кайыл болуп, жанында, сени менен бир дуйнодо жашап жатканына ыраазы болуп жашоого да даяр болосун. Козуно андан башка эч ким корунбойт, алтынга оронгон жигит жанында турса да ошол мерез, сенин бар жогунду да билбеген инсанды тандайсын. Анткени ал сенин буткул жашоон сыяктуу болуп, ансыз жашоону
03.02.2014. 15:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
16-06-2011
Соӊку аракети:
15-11-2018 15:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
элестетууго мумкун эместей туйулат. Бул СУЙУУ деген бир балакет, омур бойу ушинтип кыйналып отом деп ойлойсун, бирок убакыт баарын дарылайт демекчи бир кун келип суйуу жек корууго айланат, башка инсандан жылуулук издей баштайсын. Убакыт баарын дарылайт. Ал инсанды журогундон чыгара албасан да конулундон башка инсанга орун берип турмуш жолуна аттанасын. Мына ошондо чыныгы суйуу келет.
03.02.2014. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
16-06-2011
Соӊку аракети:
15-11-2018 15:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Ээх ушундай эркектердин коптугу абдан окунучтуу. Жараткан ар бир пендеге ынсап, ыйман бере кор.
03.02.2014. 16:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
08-06-2011
Соӊку аракети:
17-09-2018 07:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+3
биринчи чычалайсын,ыйлайсын,айлан барбы башка.Тагдырыма жазганы ушу экен деп баш ийип жашап каласын.Аны эр сорой тушунсо кана..кайра мыйыгынан кулуп "абалын ушул эле экен го"дегендей.Аялзатынын конулу гулдой назик экенин тушунсо кана?!катасын сезип журуш турушун ондоп,эки жагын карап дуйнодо андан башка эркектер толтура экенин корсо кана?!гулдой назик аялын тарттырып ийгенден корксо кана?!жоок..эшектей тебелейт кайра...
03.02.2014. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
596
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
27-09-2018 06:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
+3
Кудай сактасынчы мындай абалдан.Анын ордуна озумду элестетип жаман болдум.Журокко буйрук беруу мумкун эмес.Жан шеригибизге Кудай ыйман-ынсап берсин.
03.02.2014. 18:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
02-01-2014
Соӊку аракети:
08-01-2018 00:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
HOME. LOVE. FAMILY.
+2
Өххх..
Окуп бүткүчө кыс-сылы-ып кеттим.
Жүрөктүн түпкүрүнө жетип, мээге тепкен сөздөр..
Каныңды муздатып, кайра кайнатып, кайра тоңдурган сөздөр..
Жакшы сүрөттөлүптүр. Окуп бүткүчө элестете берип, чынында мен да аябай кызганчаак экениме дагы бир ирээт ынандым..
03.02.2014. 18:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
02-01-2014
Соӊку аракети:
08-01-2018 00:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
HOME. LOVE. FAMILY.
+1
Баарыбызга ийман берсин...аминь..!

Ооба, канчалык өзүбүздү акыл менен башкарууга далаалаттанган менен, жүрөккө баш ийебиз..
Бирок, "көңүл" деген болот..биртке сөзгө сууп калчу..
Эч кимге мындай өмүр берилбесин..(
03.02.2014. 19:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
22-04-2016 16:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Боорум ачып кетти кызга(((. Суйуу менен кызганыч адамды жеп бутот окшойт.
03.02.2014. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
09-12-2013
Соӊку аракети:
09-08-2018 16:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
ZANIA-92, озунуз айткандай, создун гулун терип, ушунчалык таасирдуу, журок оорутарлык жазганды тушуно албасаныз анда билбейм. Эх, журогум ооруп кетти. Эркектер аялынардын кадырына жеткилечи.
04.02.2014. 00:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
10-02-2012
Соӊку аракети:
19-05-2014 14:58
Жынысы:
Белгисиз
0
чынын айсам вообще тушунбодум!
04.02.2014. 03:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
22-10-2012
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
озу да аябай эле кызганчаак окшойт.Бирок Кудай сактасын андай эркектерден.Мен билген бир адамга аябай окшош экен.
04.02.2014. 11:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
05-06-2013
Соӊку аракети:
11-06-2014 12:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurup kalgyr suiuu
04.02.2014. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
03-12-2017 23:34
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызыксыз экен.
04.02.2014. 16:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
11-02-2013
Соӊку аракети:
22-02-2015 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бейиш багы
0
Ал эркек азырынча ошону менен кун откорот бирок, бир кун тушунот кадырына жетет ошондо баары кеч болот.Ал убакта кыздын журогу музга айланат.....
04.02.2014. 18:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
13-01-2014
Соӊку аракети:
02-08-2015 18:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акылдан адашып суйсо чыдайт.суйбосо мындай жашоонун эмне кереги бар?
04.02.2014. 19:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
28-10-2012
Соӊку аракети:
15-03-2018 22:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
эчтекесин тушунбодум баашын окуп эле
04.02.2014. 22:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
12-05-2013
Соӊку аракети:
20-07-2017 13:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай тушунбойсунор,анын кыйналганы,ыйлаганы кадимкидей коз алдына келтирип жазган. Ал аябай катуу суйот. Деги эркектер эмнеге ушундайсынар?
04.02.2014. 23:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-02-2014
Соӊку аракети:
01-05-2014 15:43
Жынысы:
Белгисиз
-1
кызыксыз((
05.02.2014. 01:04 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
05-09-2013
Соӊку аракети:
10-03-2014 09:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
негизинен Ош
+2
менин ичимдегинин баарын сууруп чыгып бул жака жазып коюптурго..............?! мен ушуну жазган аялдын жан дуйносун ушунчалык тушунуп турам, билип алыныз сиз жалгыз эмессиз мындай азапка баткан, менде да кудум ушул арман((((((( аттин! бул журокту орттогон создорду тушунсо кана эле.......?!
05.02.2014. 01:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
06-04-2013
Соӊку аракети:
23-02-2015 04:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээээх.бул эркек да менин тугойум экен да.аял заты жарылып айтмайынча эркек аялдын журогундо эмне болуп атканын сезсе да сезгиси келбейт да.мен ушул макаланы окуп жатканда озумун аялым мага айтып аткандай кабыл алдым.телефонума смс келип атса да, кыздар чалып атса да, ошого жооп бербестен апкелип колума берет.эээх менин аялымын ичинде да ушундай кайгы бар экен да ээ.Биро менен кочодо журуп да кармалып калдым,
05.02.2014. 16:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-12-2013
Соӊку аракети:
12-03-2014 11:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эркектер да бир ушундай абалга туш болсо экен. Эх суйуу ...
05.02.2014. 18:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-10-2011
Соӊку аракети:
22-05-2017 16:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эркек суюк аяк.Сен аны эмес Алланы суй.
13.02.2014. 06:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
24-02-2015 12:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Biwkek
0
Убагында тушунсон кана ошону баарын кеч тушуносун
14.02.2014. 13:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
11-10-2011
Соӊку аракети:
15-02-2016 15:34
Жынысы:
Белгисиз
0
бул деген коркомдолгон жашоо сен озун кызгана бербесен жолдошун ошол жолго басмак эмес
21.02.2014. 10:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
03-12-2013
Соӊку аракети:
06-04-2017 11:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх журоктон суйгон жан гана тушунотко чыныгы журоктон чыккан создор жазылыптыр колдо бар алтындын баркы жок деп бекер айтылбаса керек
13.09.2017. 20:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-09-2017
Соӊку аракети:
30-06-2018 00:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайтар дуйно дейт.сиздин журок даарыланат,убакыт отушу менен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: