Эсиңиздерде болсо, жакында Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетишкен. Кооптуу абал жаралып, ал тургай тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу аймакка окоп казып, снайперлерин коюп, атышууга даярданган эле. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2 тарап тең аскерлерин чек арадан алыс аймакка алып кетүүгө макул болушту. Бирок азырынча кырдаал оор бойдон. 24-январь күнү Баткен облусуна барып, учурда эң кооптуу делинген Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Тумшук айылынын абалы менен тааныштык.
КӨЗДӨРҮ КОРКУНУЧКА ТОЛГОН ЭЛ
Баткендин Көк-Сай айылына жеткенде куралчан аскер кызматкерлерди, көздөрү коркунучка толгон элдерди көрүп эрксизден Ооганстанды элестеттим. Ал жерден Ак-Сайды көздөй укук коргоо кызматкерлеринин коштоосунда жол тарттык. Мени Ак-Сай айыл өкмөтүнүн эң кооптуу делинген жери Таш-Тумшуктун абалы кызыктырган эле. Анткени бул айылда эч кандай чек ара тилкеси жок, «бул менин жерим» деп да талаша албайсың. Жер Кыргызстанга караганы менен, Союз мезгилинде эки элдин үйлөрү бир кыргыз, бир тажик болуп шахмат доскасындай жайгашып калган.
Айылдан анча-мынча гана кишини көрбөсөң, көпчүлүгү жерге сиңген суудай жок. Муну жандап жүргөндөрүм «коркуудан улам үйлөрүнөн чыгышпайт, көпчүлүгү үйлөрүн таштап айылдан чыгып кетишкен» деп түшүндүрүштү. Кызыгы, айыл тургундарынын арасында «Менин тынч жашагым келет. Айылдын эч кандай көйгөйүн айта албайм. Бийликке каршы сүйлөп коюп Баткен университетинде бир студент куугунтукка алынган, мен да ошентип балээге калгым келбейт» деген адамдар болду. Бул жорукка таң калбай коё албайсың. Кооптуу жерде жашап, куралчандарды тынбай көрүп жүргөн жаштардын көз караштары бизди да шектүү карап жатты. Айыл аралап жүрүп анча-мынча тажик эркектерин эле көрбөсөк, аялдарынан дайын жок.
«Эки өлкө ортосунда согуш башталып кетет» деген кооптонуудан улам, тажик улутундагылар бир канча күн мурун үй-бүлөсүн, мал-жандыктарын башка жакка көчүрүп кетишиптир. Ал эми кыргыздын келиндери жаш балдары менен малын карап, кирин жууп, кадимкидей тиричилик кылып жүрүшөт.
«ЧЫР ЧЫКСА КАЙДА КАЧАМ БИЛБЕЙМ»
МАВЛЮДА МАМАСАДЫК кызы, айыл тургуну:
– Бизде жашоо өтө оор. Айланабыздын баары тажиктер, түнү короого чыгыштан коркобуз. Көчөбүздүн жогору жагындагы үйдө 20дан ашык тажик снайперлери турат. Айылыбызда биздин аскерлер бар үчүн гана жашап жатабыз. Менин 4 айлык жана 2 жашар балам бар. Чыр чыкса кайда качам, эмне кылам деп эсим чыгып отурам. Өзүм бала бакчада тарбиячы, жолдошум мектепте кароолчу болуп иштейбиз.
Бул үйдө эки абысын бирге жашайбыз. Үй салып бөлүнүп чыгалы десек үлүш жер берилбейт. Качан толук отурукташып, санаабыз тынып жашайбыз билбейм. Бизге окшогон жаш үй-бүлөлөр турак жай маселесинен кыйналышат. Көбү туугандарынын үйүндө же башка жактарда жашап жүрүшөт.
«ТОЮТ ҮЧҮН КАШЕК САТЫП АЛАБЫЗ»
Айылда үйлөр тыгыз жайгашкан, эгин эгилүүчү талаа, жайыт алыс жактарда. Айыл тургундары экиден ашык мал бага алышпайт. Себеби аны кайтаруу үчүн сөзсүз бир адам убара болуусу керек. «Тоют үчүн кашек сатып алабыз, көп малга тоют сатып ала албайбыз» дешет тургундар. Балдарына жөлөк пулга документ тапшыра албай кыйналгандарын чоң көйгөй катары кошумчалашты. «Документ тапшыралы десек эле «корооңдо малың, машинаң бар экен» деп такыр документибизди кабыл алышпайт. Аралашып кошуна жашасак да, тажиктер менен куда болбойбуз. Бирок мааракелерде катышып турабыз. Жакындыгына карап азык-түлүк алганы Тажикстандын базарына барчу элек, 3 айдан бери «Самаркандек» базарынан алып келип жатабыз. Тажиктер жакка барып калсак кууп жатышат. Балдарга спорт зал, маданий залдар керек. Коомдук иш-чаралардан артта калып жатышат. Айылыбызга бир эле Абдымалик Шерматов концерт коюп келген»,- деп көйгөйлөрүн айтышты айыл тургундары.
НУРАЛИ СЫДЫКОВ, айыл тургуну:– Ушул жаман үйүмдү сатам десем тажиктер 30-40 миң долларга талашып алышат. Мен ал акчага Бишкектен үй сатып алып жашасам болот. Биздин деле шаарда жашагыбыз, аялдарыбыздын да башкаларга окшоп жасанып жүргүсү келет. Балдарыбыз сейил бактарды кыдырып, каалаган балмуздагын алып жегиси келет. Бирок жерибизди алдырып койбойлу деп жашоо кыйын болсо да ушул жерде отурабыз. Абалыбызды келип көрүп, бирок айткан көйгөйлөрүбүздү кыркып салып, «Ак-Сайда абал туруктуу» деп көрсөткөн кээ бир телеканалдарга нааразыбыз. Жалган айтыштын эмне кереги бар? Болгонун болгондой эле көрсөтүшсө болбойбу? Вице-премьер-министр Камила Талиева акимдер менен келген экен, ага «каалаган тамагыңарды жасап берип, сыйлап жөнөтөлү, биз менен бир күн жашагылачы» десем, жарым саатка жетпей качып кетти. Чоңдор келишет да, эч кандай маселени чечпей кете беришет. Ошолорго «эч нерсени чече албасаңар, келбей эле койгулачы» деп айтар элем.
«ОКУУЧУЛАРДЫ ИТКЕ ТАЛАТКАН УЧУРЛАР БОЛГОН»
Таш-Тумшук айылында 2011-жылы Баткен облусундагы ишканалардын кызматкерлери бир күндүк маянасын которуп, ашар жолу менен бүткөн 9 жылдык, 9 класстан турган мектеп бар. Анда 74 окуучу окуйт. Учурдагы абалга байланыштуу айылдагы тажик мектептери убактылуу жабылып калган.
Ал эми бул мектеп билим берүүнү токтоткон эмес. Окуучулар түшкө чейин жана түштөн кийин болуп бөлүнүп окушат. Мектеп директору менен сүйлөшүп турсак, тестиер кыз келип «Апам инимди алып кел деди. Башка жакка кетет экенбиз. Тажик кошуналарыбыз «бүгүн согуш чыгышы мүмкүн экен, кетип калгыла» деп айтышты» деп жалдыраган көз менен карап, 2-класста окуган инисин жетелеп кетти.
АБДЫМИТАЛИП УЛУКОВ, орус тили мугалими:– Бул мектепке Таш-Тумшук айылынан аз эле окуучу келет. Көпчүлүгү бир канча жол жүрүп, тажик айылдарын аралап Үч-Дөбөдөн келип окушат. Алардын коопсуздугу үчүн эч ким кепилдик бере албайт. Мурунтан бери окуучуларды тажик балдар «Биздин көчөттөрдү сындырдыңар, эгиндерди тебеледиңер» деп көп эле жолу токмоктошту. Өтүп баратса иттери менен кубалатып, балдар суу болуп мектепке жетпей кайра үйлөрүнө кеткен учурлар көп болгон. Бүгүнкү кырдаалда окуучулар эле эмес, мугалимдер үчүн да айыл аралап келиш коркунучтуу болуп жатат.
Бизге аралаш жашап жаткан тажик элинин мектептери азыр жабылып, иштебей турат.
Ал эми биздеги кадр маселесин кеп кылбай эле койгон дурус. Көп сабактардан мугалимдер жетишпейт.
«КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫНА КАТТАЛГАН, БИРОК ТАЖИКТЕРГЕ ТИЙИШТҮҮ»
САДЫР АБДРАХМАНОВ, Таш-Тумшук айылынын башчысы:– Мурун биздин айылда тажиктер жок эле. Алар 1989-жылдан баштап отурукташа баштап, учурда 30 үйдө тажик жарандары жашашат. Лейлек районунун Коргон айылында тажик улутундагы Кыргызстандын жарандары бар. Бул үйлөр ошолордун атына катталган, бирок Тажикстандын жарандарына тийиштүү. Азыркы учурда да сатылып жаткан үйлөр бар. Бул боюнча депутаттар атайын бир мыйзам иштеп чыкса болмок.
Биздин айылда чек арачылар аз. Айылдын коопсуздугун милиция кызматкерлери карап турушат. Таш-Тумшук айылында 25 кыргыз аскерлери болсо, 70ке жакын тажик аскерлери бар. Милиция кызматкерлери 24 саат бою эс албай иштеп жатышат, бирок аларга 8 сааты үчүн гана айлык жазылат.
Биз бул сапарыбыз менен Баткендин Тажикстанга чектеш айылдарынын бирөөсүн гана чагылдырып бердик. Аталган айыл эли чымчык «быр» этип учса баары үркүп каччудай абалда турат. Бул учур качанкыга чейин созулат эч ким айта албайт.
ТАШ-ТУМШУК АЙЫЛЫ ТУУРАЛУУ
Ак-Сай айыл өкмөтүнө карайт.
Аянты 20 чарчы чакырым.
Жалпысы 77 түтүн бар (анын 30у тажиктерге сатылып кеткен).
47 үйдө 280дей киши жашайт.
Гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе, koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg