АКШнын «Манас» аба майданында жайгашкан транзиттик жүк ташуучу борбору февраль айында Кыргызстандан Румынияга көчүрүлөт. Американын куралдуу күчтөрүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча 21-башкармалыгынын жетекчиси, генерал-майор Жон Коннор билдиргендей, базаны көчүрүү үчүн 400 аскер кызматкери иш жүргүзмөкчү. Ал эми АКШнын Борбордук башкармалыгынын өкүлү Марк Блэкингтон жаңы объект америкалыктар үчүн «Манаска» караганда арзаныраак турарын билдирген.
Эске салсак, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 26-июнунда «Манас» аба майданындагы Американын Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, АКШнын базасы 2014-жылдын 11-июнунда өлкөдөн толук чыгарылуусу керек.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg