КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТА БИЙЛИККЕ КАРШЫ БАРДЫБЫ?

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы ушул жылдын 13-январында бийликтин коррупция менен күрөшүүсү боюнча бардык күч-аракетине тоскоол кыла турган чечимди кабыл алды. Тагыраагы, ал мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу кылмыш ишин прокуратура кызматы гана жүргүзө алат деген чечим чыгаруу менен кылмыш иштерин тергөө жагын башка күч органдарына өткөрүп берүү Баш мыйзамга каршы келерин белгиледи.
Бардыгы паракорлук боюнча айыпталып жаткан Бишкектин Октябрь райондук судьясы Мамасадык Абдыкалыковдун өкүлү катары адвокат Икрамидин Айткуловдун Конституциялык палатага жөнөткөн кайрылуусунан башталган. Адвокат Айткулов Конституциялык палатада кылмыш ишинин Башкы прокуратура тарабынан УКМКга өткөрүп берилишине арызданган жана Конституциялык палата анын талабын канааттандырган. 
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев: «Бул чечимге ылайык, акыркы үч жыл аралыгында Башкы прокуратура Конституцияга каршы иштеген болуп калабы? Бул нерсе укук коргоо түзүмүн баш аламандыкка, кыйроого алып келет»,- деди.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
hakker
2014-02-03 14:30:10
Акаевди канча жолу шайлансаныз да боло берет деген Конституциялык Сот болчу да-туурабы.Баекова болсо олкодогу эн бай адамдарын бири.Бийликте иштегендердин баарын айдап,башка муун келмейинче онукпойбуз.Текебаевин кошо жоготуш керек.Кыскасы--бизде бардак.
0
nurik..asem
2014-02-04 01:57:11
hakker 100%кошулам бийлике жаш патриот адамдар келиш керек карышкырларды айдаш керек
0
tilek-x
2014-02-06 10:48:06
Бизде жаштарды да жедирип уйрото башташты окшойт
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан