«ОШТВ»: СӨЗ ЭРКИНДИГИН ООЗДУКТОО ОТ АЛА БАШТАДЫБЫ?
«ОшТВ» телеканалынын берүүлөрүндө көрсөтүлгөн СМС-билдирүүлөрдө аймактарды бөлүп-жаруучу чакырыктар камтылган деген негиз менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгоду.
«ОшТВ» телеканалынын директору Эрнис Кыязов: «Мында чоң саясий мандем бар, андагы чабуул Мырзакматовго багытталганын түшүнүп турам»,- деди.
31-январь күнү аталган телеканал жайгашкан имарат тинтүүгө алынып, учурда «улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренесинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө. 3-февралда «ОшТВ» телеканалынын кызматкерлери нааразычылык акцияга чыгышып, жогорудагыдай айыптын тагылышын саясий куугунтук катары баалашты. Белгилей кетсек, аталган телеканал экс-мэр Мелис Мырзакматовдун тарабын салыштырмалуу көбүрөөк чагылдырып келгендиги маалым.
Медиа чөйрөсүнө басым көрсөтүү аракеттери дайыма коомчулуктун чоң сынына кабылып келет. ЖМКлардын сөз эркиндигин чектөө далалаты эксперттер тарабынан «артка карай ташталган кадам» деп бааланып жүрөт. Буга чейинки бийликтер да оппозициялык маанайдагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жоктон табыла калган айыпты тага коюп, атүгүл айрым журналисттерди куугунтукка алып жүрүшпөдү беле?
Мурунку режимдин ыкмалары «тириле» баштаганбы, телеканалдын берүүсү да эмес, көрүүчүлөр тарабынан жөнөтүлгөн СМС-билдирүүлөрдөн улам кылмыш ишинин козголушу репрессияга гана окшошуп калууда. Эгерде УКМК аймактар аралык кастыкты козутуучуну издесе, аны телеканалдан эмес, СМС-билдирүүнү жөнөткөн авторду табууга аракет жасабайбы? «Жакшы болуу аста-аста, Акаев менен Бакиевдин деңгээлине түшүп калуу бир паста» демекчи, сөз эркиндигине кысым көрсөтүүдөн мурун артка кылчайып, буга чейинки окуялардын кесепеттерине көз салып коюу ашыкчалык кылбастыр.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (89)
Okumot mamlekettik turgudan turup maseleni chechip jatat, Myrzakmatov bolso Oshto oturup alip Okmottu jamandap jatat ! Negizi Myrzakmatov Osh ucun kylgan jakshy ishteri uchun shukuru dep oordun tynch ele boshotup ,ozunun bisnesin kylsa bolmok , adam degen ukuk jana mal duinogo toiboit , Myrzakmatov shukuru degen di bilbei jatat !
Саясатчылар майдачыл болуп кетишти
gulperi.kg, Кошулам чон иштерге алдары жетип бутуро алышпаса,майда нерселерге чуркашат да.
азыркы бийлик силер качан елдин койгойун чечесинер бирбиринди ушактап еле отура бербей баткен областынада конул бургулачы чек арабыз эмне болуп жатат ыя чек ара маселесин чечсенерчииии
ош тв озбекче болуп атканда неге саясатчылар ушинтип тергоого алышкан эмес,неге кыргызчага которулуп кыргыздарга берилгенде далилсиз эле баш оорутмайларды таап атышат ? ушу атамбаевдин асылбаган жери калбады гой!!!
бул эмне деген шумдук туугандар бул эмне деген корунуштор бул эмне деген саяаст???анчалык ашаачап кысымга албашы керекко мен озум ошко коноко бат бат барып турам ОШ ТВ ны кором аябай еле жакшы корсотуулордун бириго
Biiliktin bul kilgandari Ernis Kiazovdun kalemin mindan da kurchutup,elinin keregine jaragan,chindikti betke aitkan jurnalisterdin katarin koboitot dep ishenem.Baarinan da azir Erniske bashka jurnalisterdin koldoosu kerek,sebebi bygyn E.Kiazov erten dagi bashka kiminer bolushu mymkyn...Kygyz jurnalisteri akiikattik ychyn birikkile,anda ech kim silerdi jene albait,basintpait!Siler da biiliktin bir butagisinar!
Демократия, демократия дейбиз,чындыкты айтса бироо жарым,баарын камайсынар,келечегибиз кандай болот?айткылачы?балдарыбыздын келечегичи?
Атандын гору дунуйо...
Кыргызын кыргыз болбой калган тура,,,,
Кыргызга кыргыз душман болгон тура....
Аттин ай-атка минер жеп жутарлар,,,,
Бир гана оз камын ойлоп калган тура!!!.........
Саясатчылар эзилбегиле эзилгендин оордуна карапайым элди ойлогула
Жараткан Тенирим!Кыргызстаныма,президентибизге,министр,депутаттарыбызга,Кыргызстанда жашап жаткан элиме акылмандуулук,ынсап,ынтымак,сабырдуулук,таза абийир бере корчу!Бийлике чындап элин,жерин ойлогон,Кудайдан корккон,ынсаптуу,акылман адам келсинчи Жаратканым.Кыргызстаныбыз онугуп,элибиздин пейили,жашоосу онолсунчу Жараткан Эгем.Оо Жаратканым мага Кыргызстанымдын келечеги баарыбир эмес!Тажадым ушундай адилетсиз,бир гана озун,озунун туугандарын ойлогон бийликтен.Тенирим умутум бир гана сенде!
emne ele Melis baike dep jatasynar utulgandan kiyin ketip kalbaiby Iygilitter dep ele. OShTV degendi oozun jap deitta okmotko karwy, Osh waarynyn jaman jaktaryn ele aytip jatsa. OshTVny korson Osh murun ayabai sonun anan Melis myrza ketkenden kiyin ele soguwtan kalgandai kylyp koiuwat. Melis myrza dele mer bolup turganda waar tap taza bolup turgansyp, albette jakwy iwtedi birok al iwtep jatkanda dele minustar bar ele da. Bizdin chondor ozun ele oiloit okwoit. Kyrgyzstan buiursa onugot dua kylaly
ABU, Мелис байке давно кетип калган
Мэрияга кирип отуруп алган жок ошол
Кетип калган адамды да жайына койбой
Оттон алып б...о салып жатышпайбы.
Аларды да тушунсо болот коркуп жатышат да
Аркасында эл турганда бизди кууп жибербесин
Бир жолу жок кылып креслону коргоп калалы
Элден элди коргоп не кылабыз пайдасы жок
Деп жатышат да байкуштар. боорум ооруйт
Аларга олор эчки койчунун таягына суйконот
Болуп жатышат.....
PATRIOT-98 tuura aityp jatat
PATRIOT-98 tuura aityp jatat
Ubagynda K.Batyrov chygyp kyrgyzdardy jamandap kurop jatkanda ne kylyp jatty ele bular? Anda ozbekter ishtetet bolchu Osh tv ni. Biylik bir jolu kynk etken emes. Emi asylbai arkasyn tazalap normalnyi kysyp jurushun aitat elem.
Уйдо баатыр, жоодо жоктор бийликте.