«БИЗДЕ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ САПАТТУУ, ИШЕНИМДҮҮ»
«Бай түшүм» банкынын жетишкендиктери жана жаңы долбоорлору тууралуу банктын Ош филиалынын менеджери БОЛОТБЕК АШИРБАЕВ буларга токтолду:
– Биздин банк 13 жылдык эмгегинин аркасында Кыргыз Республикасындагы эң ири финансы институттарынын бирине айланды. Кардарлар базасы 32 миңден ашат. Бүгүнкү күндө «Бай түшүм» банкы банк секторундагы активдери жана тартылган акча каражаттарынын, насыялык портфелинин көлөмү боюнча банк лидерлеринин биринчи жетилигине кирет. Кардарларды тез, сапаттуу, ишенимдүү кызмат менен камсыз кылуу – башкы максатыбыз.
Банктын Ош филиалынын офисинде кардарлар сапаттык жаңы деңгээлдеги банктык сервистен пайдалана алышат. Алар үчүн түзүлгөн заманбап жасалга жана тейлөөнүн ыңгайлуулугу иштин жүрүшүнүн тез, натыйжалуу, ошону менен бирге жагымдуу болушуна шарт түзүп жатат. Банктын жаңы офиси чакан жана орто бизнес үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча кеңири долбоорду ишке ашыруунун алкагында ачылып отурат.
Ушул эле максатта банкта чакан жана орто бизнести насыялоо боюнча уникалдуу программасы старт алды. Ал бизнес жүргүзүүнүн кулачын, өзгөчөлүктөрүн, анын мезгилдүүлүгүн эске алуу менен акча каражатын алууга мүмкүнчүлүк түзгөн комплекстүү чечимдерди карайт. Каржылоонун жаңы программасы натыйжалуу коюлган иш жүрүшүн болжойт: 2-5 жумуш күндүн ичинде арыздарды кароону, ошондой эле күрөөсүз түрдө 300 миң сомго чейин насыя алуунун мүмкүнчүлүгүн карайт жана банк продуктуларын тандоонун кеңири шарттары түзүлүүдө. Кардарлар сапаттуу акча которуулар, өздүк эсебин ачуу, аны тейлөө, аманаттарды пайдалуу, эң башкысы, ишенимдүү шарттарда жайгаштыра ала турган кызматтардан пайдалана алышат. Калктын мүмкүнчүлүгү жете турган турак жай менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн түшүнүп, «Бай түшүм» банкы ипотекалык насыялардын мөөнөтүн 15 жылга чейин узартты.
«Бай түшүм» банкы бир-эки жылдан кийин өлкөбүздүн банк секторундагы алдыңкы банктардын бири болот деп ишенем. Бул үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр жана ресурстар бар.
Сиздерди Ош шаары, Монуев көчөсү-47 дареги боюнча дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 8:30дан 17:30га (түшкү тыныгуу жок) чейин күтөбүз.
«БИЗНЕСТИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ЧОҢ ӨБӨЛГӨ БОЛДУ»
АБДИМИТАЛИП ЖЭЭНБЕКОВ, кардар:
– 2000-жылы «Эрнис-Бектур» фермердик чарбачылыгын уюштуруп «Бай түшүм» банкынан 100 миң сом өлчөмүндө насыя алып баштагам. Кудай насип кылып, ошондон бери чогуу иштешип келе жатабыз. Чарбамды өнүктүрдүм, банкка да иштеп бердим. Бир сөз менен айтканда, бири-бирибизди капа кылган жокпуз.
РАБИКАН МИЙЗАМОВА, кардар:
– «Бай түшүм» банкы менен 2005-жылдан бери иштешип келе жатам. Биринчи 100 миң сом насыя алгам. Учурда 350 миң сомго чейин насыя алып жүрөм. Чакан ашканам бар, ошону өнүктүрүүгө чоң салым болду. «Бай түшүм» – мен үчүн абдан ыңгайлуу банк. Алар менен иштешүүнүн аркасында көп нерсеге жетиштим. Кардардын мүмкүнчүлүгүнө жараша шарттарын да ыңгайлаштырып беришет. «Бай түшүм» алдыга карай гүлдөй берсин, ишинде ийгиликтер коштолсун.
ЖУСУБАКМАТ ТУРДУМАМАТОВ, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн инспектордук иштерди уюштуруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси:
– «Бай түшүм» микрокредиттик компаниядан банкка чейин өстү. Бул жалпы Ош облусунун жана кыргыз эли менен иштешкенинин жакшы өбөлгөсү болуп жатат. Банктын өсүүсүнүн себебинин бири бул – насыянын пайызын төмөн кылып берип жатканында. Эң башкысы, банк гранттык негизде 500 миңден 1 миллион сомго чейин акча бөлүп инфраструктураны оңдогонго жардам берип келди. Келечекте дагы ушундай иштеп, кайрымдуулук долбоорлорун жакшылап алып кете турган болсо, Ош облусунун эли үчүн аябай жакшы банктардын бири болуп калмак.
Аксана Паизова