Жаз келип, тоң кетери менен дыйкандар жер айдатып, үрөн себүүгө киришет. Бул көрүнүшкө аз гана убакыт калды. Эгер сизди «кайсы өсүмдүктү эксем? Үрөндү кайдан алсам? Баасы канча болуп жатат?» деген суроолор кызыктырып жатса, анда төмөндөгү макалага назар салыңыз.
САПАТСЫЗ ҮРӨНДҮН АКЧАСЫН КАЙТАРЫП АЛСАҢЫЗ БОЛОТ
Жогорудагы суроолорубузга жооп алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине баш бактык. Аталган министрликке караштуу үрөн өстүрүү бөлүмүнүн башчысы МУХАММЕД НАСИРОВ төмөнкү маалыматтарды айтып берди.Былтыркыга салыштырмалуу быйыл өлкөдө бардык өсүмдүктөрдүн үрөнү жетиштүү деңгээлде бар. Айрымдары чет жактан алынып келсе, айрымдарын эл урукка деп сактап койгондор. Ал эми алардын бардыгынын сапатын Мамлекеттик сортторду сыноо ишканасы көзөмөлдөп турат. Алар аймактарда кайсы өсүмдүк көп эгилип жатканын байкап, ал өсүмдүктүн уругун сыноого алышат. Сыноодон өтүп, эгүүгө мүмкүн деп табылган сортторду сертификат менен тастыктап, биздин базага киргизип коюшат. Эгер сапаттуу үрөн алам десеңиз, сөзсүз сатуучудан ошол үрөндүн сапатына карата сертификат талап кылууңуз зарыл. Андан тышкары сатып алган соң сөзсүз дүмүрчөк, сертификаттын көчүрмөсүн сактап коюу сунушталат. Эгер үрөн начар болгондуктан түшүм ала албай калсаңыз, ошол документтердин негизинде бизге кайрылсаңыз болот. Тиешелүү текшерүүлөрдөн соң үрөн талапка ылайыктуу эмес болгондугу тастыкталса, сизге үрөндүн акчасын кайрып берүүгө жардам беребиз.
АЙМАКТЫН КЛИМАТТЫК ШАРТЫНА ЫЛАЙЫК ӨСҮМДҮК ЭГҮҮ КЕРЕК
Ар бир аймак жер кыртышына, суунун жетишине жана башка кырдаалга жараша өз ара айырмаланып турат. Мына ошол айырманы эске алуу менен ар бир дыйкан өзүнүн аймагына ылайыктуу өсүмдүктү эгүүсү зарыл.
ГИБРИД ТҮШҮМДҮҮЛҮКТҮ ЖОГОРУЛАТАТ
Азыр дыйкандар да сабаттуу болуп калды. Түшүмдүн мол болушу үрөндүн сапатынан көз каранды экенин өздөрү деле түшүнүп турушса керек. Ошентсе да айта кетчү нерсе, өсүмдүктөрдүн үрөнүнүн гибриди болот. Алар кадимки үрөнгө караганда 20 пайыз көп түшүм берет. Гибрид бул – бир гана жылга ылайыкталган, түшүмдүүлүгү жогору үрөн. Бирок бизде мамлекет өз алдынча гибрид чыгарууга шарты жетишсиз болуп жаткандыктан, алар чет жерден келип жатат.
Кайдан, кимден, кандай баада сатып ала тургандыгыңыз туурасында толук маалыматты Айыл чарба министрлигинин сайтынан жана дыйкандар үчүн чыгарылган брошюралардан алсаңыз болот. Мындай маалыматтык брошюралар ар бир райондук айыл чарба департаменттерине, айыл өкмөттөрүнө таратылып турат.
ДЫЙКАНДЫН ЭСИНЕ
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg