Адамдын ар дайым жаш, сулуу жана бекем ден соолукта болуусунун бир сыры зайтунга катылган. Ал сырды бизге керектүү адистер чечмелеп бермекчи.
МЕКЕНИ – ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗИНИН ТҮШТҮК-ЧЫГЫШЫ
Зайтун дарагынын (европа зайтуну деп да аталат) мекени – Жер Ортолук деңизинин түштүк-чыгышы. Байыркы мезгилде эле адамдар мөмөсүн жана зайтундун майын тамак-ашка колдонушкан. Учурда маданий өсүмдүк катары Греция, Перу, Ирак, Грузия, Түркмөнстан, Орусия (Геленджик, Сочи) менен Украинада (Крым) жана башка жактарда өстүрүлөт. Эки жылда бир түшүм берүүчү түбөлүк жашыл дарак. Зайтунду эң көп өндүрүүчү үчилтикке Испания, Италия, Греция кирет. 100 грамм майы 898 килокалорийди камтыйт.
МЕДИЦИНА
МӨМӨСҮНҮН ЖАНА МАЙЫНЫН ШЫПААЛЫК ТААСИРИ
«Зайтундун организмге тийгизер кандай касиеттери бар жана кандай ооруларда колдонулат?»- деген суроо менен дарыгерлерге кайрылдык.
«ЖҮРӨК ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛАТ»
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары АКПАЙ САРЫБАЕВ:– Илимпоздор зайтун мөмөсүндөгү жана майындагы пайдалуу заттар (өзгөчө мөмөсүндөгү каныкпаган май кычкылы) диабет, кан тамыр жана жүрөк ооруларынын алдын аларын аныкташкан. Организмдеги жаман холестериндин чыгышын шарттап, кан басымды да жөнгө салат. Андыктан аны тамак-ашка колдонуу пайдалуу.
«КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ КҮЙГӨНДӨ ПАЙДАЛАНЫЛАТ»
Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн врачы БАКЫТ ЖАПАРОВ:
– Кокустуктанбы же башка себептенби, айтор, уксус ичип алгандардын кекиртеги, кызыл өңгөчү күйүп калат. Ушул себептен оорулуу суюктуктан башка эч нерсе иче албай кыйналат. Биз мындайда оорутууну басуу жана сезгенүүнү жок кылуу үчүн оорулууга зайтундун 100 грамм майына 1 чийки жумуртканы аралаштырып, ар бир 2-3 саатта 1 аш кашыктан ичүүнү сунуштайбыз. Май күйгөн жерди катырбай, жумшартып турат жана курамындагы пайдалуу заттары менен адамга азык болуп берет.
«ӨТТҮ ИШТЕТИП, ИЧТИ ТАЗАЛАЙТ»
Бишкектеги Кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борборунун врач-терапевти ЛЮДМИЛА БАЙМАТОВА:– Мөмөсү менен майы иммунитетти бекемдейт, боорду азыктандырып, ичегилерди тазалайт. Денедеги уулардын чыгышын шарттайт. Ал эми майынын курамындагы витаминдердин сөөктү, булчуңду чыңоочу таасири бар. Ичти тазалоодо жана өт жакшы иштебей калганда, 7-10 күн күнүгө эртең менен жана жатарда 1 чай кашыктан зайтун майын ичүү керек. Диета кармагандар зайтунду салаттарга кошуп колдонсо жакшы жыйынтык берет.
КИМДЕРГЕ КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ?
Зайтун майын жана мөмөсүн ашказан жарасы, боор, уйку бези, бөйрөк, өт жана өттүн таш оорусу барлар врач менен кеңешип, анын уруксаты менен гана колдонсо болот. Анткени өз алдынча пайдаланганда оорулар курчуп кетиши мүмкүн.
Жогоруда айтылгандардан тышкары окумуштуулар зайтун теринин, мээнин жана аялдардын эмчегинин рак оорусунун алдын ала тургандыгын айтышат.
АШКАНА
«ПИНГВИНДЕР» САЛАТЫ
Ашканада көбүнчө туздалган, маринаддалган, фаршталган мөмөлөрү колдонулат.
Салат үчүн керектүүлөр: 18 чоң, 18 кичине данеги жок зайтун мөмөсү, 1 сабиз, 125 грамм сыр, 80 грамм каймак май жана тиш чукугучтар.
Жасоо ыкмасы: Сүргүчтөн сырды өткөрүп, ага каймак майды кошуп, аралаштыруу керек. Эми чоң мөмөлөрдүн баарынын алдын узунунан кесип, ичин сыр аралашмасы менен толтуруңуз (бул денеси). Кичине мөмөлөрдүн ичин анча шыкабай толтуруңуз (бул башы). Сабизден мурундарды жана үч бурчтуу буттарды жасаңыз да, анан баарын бириктирип, тиш чукугуч менен сайып коюңуз. Салат даяр.
КОСМЕТИКА
«КАРЫЛЫКТАН САКТАЙТ»
Бишкектеги «Умай косметик»медициналык борборунун дерматолог-косметологу АЙНУРА УЕЗБАЕВА: – Зайтун майы көптөгөн крем, шампунь, душ үчүн гель, бальзам жана самындардын курамына кирет. Кургак жана сезимтал терини күтүүдө ролу чоң. Терини жумшартып, бырышты түшүрбөй кармап тура алат. Өзгөчө жазында жана күзүндө бетке күнүгө кечкисин зайтун майынан жука шыбоо зарыл. Анан 20 мүнөттөн соң ашканын аарчып салуу кажет. Арадан убакыт өтүп, бет өңүнө чыгып калганда муну токтотсо болот. Денени да ушинтип күтсө жакшы. Безеткилерди көбөйтүп жибере тургандыктан, майын майлуу беттерге шыбаганга болбойт. Майы укалоодо да көп колдонулат. Терини жумшартып, азыктандырат, остеохондроздон арылууга жардам берет.
Майын шыбангысы келбегендер курамында зайтун майы бар кремди колдоно алышат. Адам күнүгө 5-6 мөмөсүн жеп турса карылыктын алдын алат.
КЫЗЫКТУУ
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg