АТАМБАЕВ МЕНЕН ПУТИН БАЖЫ СОЮЗУН ӨЗҮНЧӨ ТАЛКУУЛАШТЫ

7-февралда президент Алмазбек Атамбаев XXII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына барды. Атайын иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев алгач Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. «Орусия Кыргызстандын эң негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп кала берет, андан сырткары товар жүгүртүү 18 пайызга өстү. Бул абдан жакшы көрүнүш»,- деди В.Путин.
Эки президент жакынкы күндөр аралыгында биринчи вице-премьерлердин жетекчилиги менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча позицияларды жакындатуу иштери башталарын айтышты.
Ошондой эле 12-февралда Алмазбек Атамбаевге Москвада тизе кемирчегине операция жасалгандыгы маалымдалды. Мындан улам мамлекет башчы кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты.

 

 

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (113)
allan
2014-02-21 15:01:19
ТС га кошулсак жыргайбыз дегендер жанылышат.Анткени мигранттардын акчасы эч нерсеге жарабай калат,баары кымбаттап кетсе.Акырындык менен Кыргыз деген улут жок болуп кетиши да мумкун!
-1
hann
2014-02-21 15:28:08
Салам мекендештер, ТСга кируу биздин мамлекет учун пайдасы жок... Украинаны мисал кылып алсак да болот... ал жакта жону жок тирешуулор менен кан тогуулор болуп жаткан жок да... Бул жактан РФ озунун козомолдоосун жургузгусу келип жатат соода жана экономика боюнча. Назарбаев кайсы кыйратканына кирип алды карапайым эли кыйналып жашап жатканда... назарбаев дуйно салса аларда чон кризис башталат, бийлик талашуу. улуу жуз орто жуз кичуу жуз болушуп...
0
aibek_akmataliev
2014-02-21 17:02:30
Бул маселе биз канча ой пикир айтпайлы баштадан эле чечим кабыл алынгандай . . .
0
NurbekKG
2014-02-21 20:19:36
Ооба, АША Путиндин токолу болгонуна анча болду. Баарын Путин айткандай кылат. Ошон үчүн да күндөн күнгө АША нын кадыр баркы түшүп баратат. Украинанын абалы биздин да башыбызга түшпөсүн да, кудай сактай көр.
0
Beise
2014-02-21 21:30:48
Ойлонуп суйлойлучу кыргыздар 70 жыл орус менен жашаган азыр да жашап келет кыргыздын атка минерлери 20 жыл эмне иш кылды алардын жек жааттары туугандары тойгуча омур отуп кыргыздар башка жакта иштеп жанын багып атат дуйнонун байлары-инвесторлору салган акчаны иштетип толоп кыргыздар кредитке батып атат россияга кошулсак кичине тартип ооздукту кичине тартаар чондор кирбей анан эмнеси калды коз каранды болуп жургучо союздаш болгон эле жакшы россиянын эсебинен эле жашап атабыз го
-1
Beise
2014-02-21 21:32:52
ким айтты тс кирбей кыргыздардын жашоосу онолот деп бир ветеранга больницада орун жок коридордо 2 кун жатып чыгып кетет акмакчылык да бул озу шылдын киши укпасын
0
Beise
2014-02-21 21:45:40
кыргыздар алдангандай бала эмес кыргызда да улуу акылдуу адамдар бар
0
Beise
2014-02-21 21:45:40
кыргыздар алдангандай бала эмес кыргызда да улуу акылдуу адамдар бар
0
casio-ctk
2014-02-22 11:56:12
кошулсак кошулбасак да тагдырыбыз орустун колунда кошулбайбыз десек грузиндерге окшоп тез еле тазалап койот барып анан бийлик алмаштырып пикетин акчасын жеп кытай озбек тажик дагы баштайт америка келип тез еле бир шылтоо менен алып койот менеимче орустар эле жакшыго биздикилердин колунан келбегенден кийин
0
Azem2013
2014-02-23 07:52:06
Казактар окунуп, кантип ТС дан чыгуунун айласын таба албай жатат! Биздикилер ушундан деле сабак алышса кана!
0
N.Bakazova
2014-02-23 09:42:24
боолору болуп калыптыр, карапайым калктын каршы болгонун менен пайда жок.
0
Ayro
2014-02-23 10:31:55
жакшы болот эле

0
nooken.kg
2014-02-23 18:01:33
Башка тушконду коз корот дейт. Эмнелерди алып келээр экен,эмнелерди алып кетээр экен бул ТС???
0
sezim1111
2014-02-24 02:24:46
эээх бааарыле кошулбайбыз кошулбайбыз депсинер о АША качан эле кошуп койсо керек суйлошуп.эми жакында кучуно киретда суйлошуулор.
0
admin_media
2014-02-24 09:47:39
alai1987, - эскертүү!
Провокацияга жол берилбейт!
0
№ 589, 14-февраль-20-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан