Эсимде, 1992-жылы биздин мектепте спорттун түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Ошол учурдун хит ырлары болуп жаткан «Биз» тобунун «Жоогазын», «Периштем», «Таң чолпон жылдызым» деген ырларын коюп, бийдин «майын чыгарганбыз». Бул топ кантип пайда болду? Алардын атактуулукка чейинки жолу кандай эле?
Алим Токторов:«КҮЙӨРМАНДАР СЫНДЫРГАН ЭШИКТИ БИЗ ТӨЛӨЧҮБҮЗ»
АЛИМ ТОКТОРОВ «Биз» тобунун түптөлүшүнө салым кошкондордун бири. Топтун ошол кездеги продюсери Алим мырза «Биз» тобу тууралуу буларды айтып берди:-Бактияр иним экөөбүз окуган Политехникалык институтта «Шанхай» деген эстрадалык топ бар эле. Алар менен аралашып жүрүп музыкалык аппаратура деген эмне экенин көрдүк. Ал кезде «Биз» тобунан дайын жок, балдар чогула калып гитара чертип ырдамай, бирок ошентип жүрүп бир нече ыр жаратып коюшкан. Борбордо «Ысык-Көл» деген магнитофон чыгаруучу ишкана бар эле. Ал жерде иштеген тууганыбыздан 2 магнитофон сурап келип, Бактиярдын «Периштем», «Жоогазын», «Баластан» сыяктуу ырлары кирген алгачкы жыйнагын жаздырдык. Эртеси ЦУМдагы үн жазган орус кишиге барып «ушуну кассетага көчүрүп сатып көрбөйсүңбү» десем, аны ким алмак эле дегендей кылды. «Анда бизге 10 кассетага жазып бер, сатып алабыз» дедим. Кассетаны бир-эки жерге алып барып «сатып бергилечи» деп таштап койгом. Анан эле студенттердин жатаканаларынан баягы ырларды уга баштадым.
1992-жылы мыйзамдуу түрдө «Биз» тобу деп аталып, менин жетекчи болуумду суранышты, заманбап тил менен айтканда, продюсер болдум. Жакында окууну бүтөм, жетекчи болуп иштешим керек, эл алдында сүйлөгөндү үйрөнүп, тажрыйба топтой берейин деп да ойлодум. Ошол жылдын 1-апрелинде «Жалганчы күнүң менен, периштем» аттуу алгачкы концертибизди Кыз-келиндер педагогикалык институтунда уюштурдук. Ал жерде музыкалык факультет бар болгондуктан аппаратура бар эле, анын үстүнө жердеш агабыз иштечү. Анда бизди эч ким тааныбайт. «Жигит билет алса, жанындагы кызы бекер кирет» деп акция жасап элди кызыктырып, окуу жайга жарнама илдик. Барсак бир да көрүүчү жок. Анан колонкаларды сыртка алып чыгып, ырларыбызды коюп баштадык. Көрүүчүлөр заматта чогулду. Алгачкы концертибиз ошентип өткөн эле.
Сапаттуу жазылган биринчи альбомубуз 1992-жылы 29-апрелде чыккан. Филармонияга концерт берели десек уруксат бербей коюшту. Анткени ал учурда өз алдынча топ деген түшүнүк жок болчу. Топтордун баары кайсы бир ишкананын алдында иштешчү. Бир тууганыбыз №1-Жол куруу башкармалыгынын директорунун орун басары экен. Ошол ишканага караштуу топ деп катталып, алар бизге демөөрчү болушкан. Ал ишкана бизге жаңы аппаратура алып берди. Ошентип ЖКБдан филармонияга концерт коюу туурасында кат келип, 4-5-июнда концерт коймой болдук. Кудай жалгап бул күн Орозо айтка туш болуп, иш күн эмес деген токтом кабыл алынды. Эгемендикти алгандан кийинки биринчи майрам деп эл көчөгө укмуш чыкты. Концертке келгендердин 30 пайызы бизди тааныгандар болсо, 70 пайызы майрамга чыгып каякка барарын билбей концертке киргендер болду окшойт. Эртеси да ошондой толтура эл келди. Филармониянын жетекчилиги 2 күндөн кийин дагы койгула дейт, «жок дегенде 2 жумадан кийин коёлу» дегенибиз эсимде. Экинчи концертибизге чыныгы күйөрмандарыбыз келип, зал ичинде канча болсо, сыртта да ошончо эл кире албай эшиктер сынмай башталды. Эл түртүшүп эшиктин айнектерин нечен сындырышты, аларды өзүбүз төлөчүбүз. Жыл сайын «Периштем» деген альбом чыгарып, 1-2-3 деп санын алмаштырып койчубуз.
Бактияр Токторов:«ОКСАНА ТУРМУШКА ЧЫГЫП КЕТПЕСИН ДЕП ҮЙЛӨНГӨМ»
«Биз» тобу «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Заманыбыздын супер тобу» деп табылган. Албетте, топту Бактияр Токторовсуз элестетүү кыйын.-Айылдагы сүйгөн кызым «мага аскер адамы жагат» десе, 8-классты аяктап борбордогу Суворов атындагы аскердик мектепке тапшырып алыптырмын. Кийин аны башка менен жүрөт деп угуп таарынып калдым. Таарынганымдан окуумдун аягына чыкпай Политехникалык институтка тапшырдым. Мына ошол жерден Лейлектин ырга шыктуу балдары чогулуп гитара чертип, ырдай баштадык. Окуу жайдын кампасынан барабан, гитара көрүп калгам. Проректорго кирип жатып аларды алдык да, буту жок барабандарга керебеттин темирин бут кылып ургулап баштадык. 1989-90-жылдары Мыктыбек Арстанбекке жолуктум, ал «Баластан» деген студия ачып жаткан экен, «ушуга гимн жазбайсыңарбы» деди. Ошентип алгачкы жолу телевидениеге «Баластан», «Жоогазын» деген ырларыбызды ырдап чыктык. Беш жигит чогулуп алгач «Кыргызстан» тобу деп атап алганбыз. Мыктыбек «Кыргызстан» деген аттын жоопкерчилиги чоң го. Силер жөнөкөй эле ат тандабайсыңарбы» деп калды. Биз ырдайбыз, биз тамак жейбиз деген сыяктуу ойлордун алкагында «Биз» тобу деп атоону туура таптык.
Биринчи альбомубузду чыгаралы деп акча издей баштадык. Жумушчу болуп иштеген жээнибиз демөөрчү болуп, 1000 рубль айлыгын берген. Филармониянын алдында уюшулган «Таазим» тобунун жетекчиси Марат Алыбаевден «аппаратураңарды колдонуп алалы» десек макул болду. Ага чейин «Элес» тобуна кайрылып оң жооп алган эмесмин. Ал киши ашыкча сөз айтпастан «жазып бүткөндөн кийин бул дарекке алып келгиле» деп кетип калды. Өздөрү колдоно элек «Ямахасы» менен «Периштем», «Жоогазын», «Таң чолпон жылдызым», «Себелеп» сыяктуу тогуз ырды 1 жума репетиция кылып, 3 саатта жазып салдык. Эсиңиздерде болсо, ыр башталардан мурун «Саламатсыздарбы, кыргыз эстрадасынын күйөрмандары. Сиздер менен «Биз» тобунун таланттары саламдашууда. «Биз» бул – жаңы-жаңы ырлар. Биз бул – жүрөк эргитер сырлар» деп Алим Токторов сүйлөчү. Алим Токторов альбом жазгыла деп бизди 1-2 ай камап койчу.
Топтун жаралышына Союз урап, кыргыз тилинин мамлекеттик тил деген макамга ээ болушу чоң салымын кошту. Анткени макам жарыялангандан кийин кыргызча ырларга басым жасалып, баркы өсө баштаган эле.
Анда баарыбыздын эле чачыбыз узун. Бир жолу аялдамада турсам бир аял келип «чоң кыз, саатың барбы?» деди, бетине карай калсам чочуп кеткен.
Оксана Матисаковага чейин деле топко бир нече кыз келген, бирок турмушка чыгып кете беришкен. Ошондуктан топтон кетпесин деп Оксанага үйлөнүп алгам. Бирок тез эле ажырашып кеттик. Кызым бирге чыкканда көргөм, ошо боюнча апасы катыштырбай койду. Альбина быйыл 18ге чыгат, кызыма арнап «Азиза» деген ыр чыгаргам.
Филармониянын жарыгын өчүрүп, кызыл-тазыл жарык менен күйгүзүүнү да биз баштаганбыз. Ошондогу атактуулугубуздан сүрөтчүлөр да акча табышкан. Бизди ары тургузуп, бери тургузуп сүрөткө тартып, бирден сүрөт карматышат да, өздөрү элге 100 рублдан сатышат экен.
Топтун алгачкы курамын мен, Насирдин Жуманов, Алмаз Кудайбердиев, Улан Исканов, Ильяз Машабаев (Агыбай уулу) түзгөнбүз. Бул жигиттердин «мен да ырдайм» деген амбициялары күч эле. Минусовкалар жазылып, үн кошууга келгенде «Жоогазынды» бул ырдасын, «Периштемди» тиги ырдасын» деп чыгышты. Мен «канчадан бери ырларды бышырып жүрүп, анан ырдаарга келгенде силерге берип коймок белем» деп бербей койгом. Ошондон кийин Насирдин Жуманов «Рахманкул хан» тобун ачып, Ильяз Агыбай уулу өзүнчө кетишти. Түптөлгөндөн бүгүнкү күнгө чейин мен, Алмаз Кудайбердиев, Улан Исканов үчөөбүз чогуу келатабыз. Иним Касым 3 жылдан кийин кошулган. Топко кирип, кайра кеткендер көп.
Топтун уюшулганына 22 жыл болду. Бул жылдар аралыгында 5-6 жыл иштеген жокпуз чынында. «Биз» тобу жалпысынан 14 альбом чыгарды, ичинде 200дөн ашуун ыр бар.
Мыктыбек Арстанбек, коомдук ишмер:«КЫРГЫЗДАР АЛГАЧ «БИЗ» ТОБУНУН ЫРЛАРЫНА БИЙЛЕЙ БАШТАГАН»-1990-жылдары КТРде «Баластан» студиясын ачып, ага ар кандай жаңы долбоорлорду ойлонуштуруп жүргөм. Бир күнү комсомол комитетине барып калсам төрага жок экен. Аны күтүп отурсам бир бала кирип келип, «байке, мен ырдайм, телеге чыгайын деген оюм бар, жардам бересизби?» деп калды. Мен «ырыңды угайын» деп студиясына бардым. Ырларын уккан соң кийинки жумага «Баластан» деген ыр жазып, ырдап көрүүсүн сунуш кылдым. Макул болуп, кийинки жумада жолуктук. Ыр эфирге чыкты.
Дагы бир жолу алардын студиясына барып калдым, барабаны, гитаралары, клавишасы Политехтеги эстрадалык топтун эски-ускулары экен. Колонкаларынын тамтыгы чыккан, микрофондун шнурлары уланган, барабандары жамаачы. Кеңешип отуруп топтун «Кыргызстан» атын «Биз» деп өзгөрттүк. Айтмакчы, кыргыздар эң алгач ушул топтун ырына бийлей башташкан. Ага чейин кыргыз ырына бийлегендер жок эле.
Дархан Ираимова, Бактияр Токторовдун апасы:«ЧӨПКӨ БАРГАНДА КЕЧКЕ ЫРДАЧУ»-Үйдө гитара, комуз бар эле. Атасы комуз чертет, мен ырдайм. Бактияр атасы экөөбүздү тартыптыр. 7-класстан тарта окуучуларды чөпкө, пахтага алып кетишет эмес беле. Ошондо уулумдун колунан гитара түшчү эмес экен. Аны мага мугалимдери айтышат. Мектепте өткөн кечелерде дайыма ырдачу. Жомок, махабат тууралуу чыгармаларды жакшы көрөрү эсимде. Айылда кайсы жерде ыр-күү чыгат, уулум шуулдаган боюнча ошол жерге жетип барчу. Ошентип 3-курста окуп жүрүп эле ырчы болуп кетти. Ырчы болоюн деп бизден сураган деле жок. Сыналгыдан «Баластан» деген ырын угуп, өзүбүзгө батпай сүйүндүк. Гезиттеги программадан окуп, бүт айыл үйүлүп алып көргөнбүз. Анан кубанычыбызды туугандарга «майлап» бергем.
Алмаз Кудайбердиев, «Биз» тобунун мүчөсү:«ЖЫРТЫЛГАН БАРАБАНДАРДЫ СКОТЧ МЕНЕН ЧАПТАЧУБУЗ»-Биринчи жолу сахнага биздин окуу жайдын атынан студенттер майрамында Кыргыз драма театрында чыктык. Бактияр Олег Газмановдун «Эскадрон» деген ырын ырдаган. Эстрадада биринчи ырдашы эле, ырдап бүткөндөн кийин «сонун болду, укмуш турбайбы» деп тердеп сүйүнүп алган. Биз, барабан черткендер, аябай кыйналганбыз. Ыргытыш керек болгон барабандарды скотч менен чаптап алган элек, урганда айрылып кетти. Ритмден чыгып жатканыбызды Бактияр сезбептир деле.
Топ катары таанылып, гастролго чыга баштаганда мен аскердик кызматымды өтөп жүргөм. Топтогулардын баарынын музыкалык билими жок, бирок музыканы сиңире билчү касиетибиз бар деп билем. Мени гастролго алып кетиш үчүн менин жетекчилериме концерт коёбуз. Алар анан уруксат беришет. Бир жолу Ошко он күнгө коё беришкен. Жайкы цирктин имаратында үч сеанстан 10 күн концерт бердик. Ар бир жигит колубузга
120 000 рублдан кармаган элек. Ошентип 15 күн жүрүп алыптырмын, жаза катары 3 күн камап коюшкан. Анда Жол куруу башкармалыгынын мейманканасынын ачкычы менде эле. Жашпыз да, альбомубуздун артына телефон номерлерибизди, дарегибизди жазып койгонбуз. Издеп келген, телефон чалган кыздарды сураба. Эмне айтсак баарына макул болуп, биздин жарыбыз болгусу келген кыздар экен.
Биринчи альбомубузду Ильяз Агыбай уулу экөөбүз «Аламүдүн» базарына, Бактияр «Ош базарына» барып алып сатканбыз. Анда биздин топтун атактуулугунун алтын доору башталган кези экен, көрсө.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg