Социалдык сайттарда АКШнын белгилүү ырчысы Жастин Бибердин атын жамынып алып, өспүрүм кыздар менен таанышып, аларды зордуктап жүргөн кылмышкер кармалган. Ал 48 жаштагы англиялык Даррен Жеффрис болуп чыкты. Бош убагында ырчы Бибердин күйөрман кыздары менен 17 жаштагы бала болуп таанышып, түз эле мейманканага жолугушууга чакырып, ал жерден өз максатына жетчү. Ал бул иш менен 2011-жылдан бери алек болуп келген. Ошондой эле 70ке жакын кылмыш иши ачылып, 33 жылга эркинен ажыратылды.
Барчынай Таникулова
star@super.kg