Муз үстүндөгү бийдин жылдызы – ЮЛИЯ ЛИПНИЦКАЯ

Сочи шаарындагы 22-Кышкы Олимпиадасында оюндар кызуу жүрүп жаткан кези. Эң кооз спорт аталган муз үстүндө бийлөө боюнча командалык аткаруулар жыйынтыкталды. Бул мелдешке орусиялык машыктыруучулар атактуу Аделина Сотникованы чыгарбай, анын ордуна 15 жаштагы Юлия Липницкаяны чыгарышты. Ооба, бул бир жагынан тобокелге баруу эле. Бактыга жараша, Юлия өзүнүн программасын мыкты аткарып, бир да ката кетирбей, мекенине Олимпиаданын алгачкы алтын медалын алганга салым кошту. Төмөндө сөз муз үстүндө бийлөө боюнча жаңы жылдыз Юлия Липницкая тууралуу болмокчу.

Аты-жөнү – Юлия Вячеславовна Липницкая
Туулган жери – Екатеринбург шаары, Орусия
Туулган жылы, күнү – 5-июнь, 1998-жыл
Машыктыруучулары – Этери Тутберидзе, Сергей Дудаков
Учурда – Москвада жашайт
Юлия өзү тууралуу: «Мен өзүмдү кечиргенди билбейм. Каталарыңа көз жума берсең, анда кантип алдыга умтулуу болмок эле?»

ОЛИМПИАДАДАГЫ ИЙГИЛИК
Сочи Олимпиадасында муз үстүндө бийлөө боюнча командалык программада Юлия айымдар арасында жекеликте катышып, калыстардын эң жогорку упайларын алды.
Акыркы аккорддор жаңырып бүтөр замат Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин баш болуп, «Айсберг» муз сарайынын көрүүчүлөрү ордуларынан тура калып, кол чабышты. Бул Юлиянын жеңиши эле.
Липницкая бул командалык жеңиште 15 жаш 249 күн куракта болуп, немис муз үстүндөгү бийчи Макси Герберден кийинки муз үстүндө бийлөө боюнча эң жаш Кышкы Олимпиада чемпиону болуп калды.
Орусиянын чемпиондугунда күмүш медаль (2012, 2014)

МУЗ АЯНТЫНА ТӨРТ ЖАШЫНДА КЕЛГЕН
Юлиянын бүгүнкү жетишкен ийгиликтерине чоң салымын кошкон адам апасы Даниела Липницкая. Атасы ал төрөлө элек кезинде эле аскер кызматына чакырылып, кийин үй-бүлөсүнө кайрылып келген эмес. Апасы кызын өзү чоңойтуп, өз фамилиясына каттатып алган.
Юлия кичинесинен бир ордунда тура албаган, абдан кыймылдуу болуп чоңоёт. Жайында короо бойлоп ролик тепсе, кышында биринчи кар жааганда эле коньки тээп кирчү. Ал кезде болгону 4 жашта эле. Мунусун байкаган апасы болочок чемпионду Екатеринбург шаарындагы «Локомотив» спорт мектебиндеги Елена Левковец жана Марина Войцеховская аттуу машыктыруучулардын тобуна алып келет. Юлия чоюлуп-керилгенди жакшы өздөштүрүп, кыйын делген муз үстүндө бийлөөнүн элементтерин бат эле үйрөнөт.
Екатеринбургда 7 жыл муз үстүндөгү бий менен машыккан соң андан ары өсүүсү үчүн Москвада машыгуу керектигин түшүнгөн апасы менен кызы 2009-жылы борбор шаарга көчүп келишет. Бул убактарда апасы ар кандай жумуштарда иштеп, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрөт.
Ошентип, ал Москвадагы №37-спорттук мектепте Этери Тутберидзенин карамагында машыгат.

АЛГАЧКЫ ИЙГИЛИКТЕР
Алгач 2010-жылдын сезонунда Липницкая Орусиянын жаштар арасындагы чемпиондугунда 5-орунду, кийинки жылы чоңдор арасында 4-орунду камсыздайт. 2012-жылы Юлия Польшада өткөн жаштар арасындагы Гран-при мелдешин багынтат. Финалдык программада бардык атаандаштарынан 17 упай алдыга озуп, бардыгын таң калтырууга жетишет. Ошол эле жылы өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда атаандаштарынан 15 упай ашып, эч кынтыксыз биринчиликке жетишет.
Юлия 2012-жылдагы бардык эл аралык мелдештерден 1-орунсуз кайткан эмес.

ОЛИМПИАДАГА ДАЯРДЫК
Олимпиадага катышуу Юлиянын кичинекейинен бери эңсеп келген кыялы болчу. Бирок бул убактарда 14 жаштагы кыздын бою жана салмагы өсө баштап, муз үстүндө өзүн жакшы башкара албай жаткан. Мындай кыйынчылыктардан улам Юлиянын көңүлү чөгүп, чоң спорттон кетүү тууралуу ойлонуп баштайт.
Мындай абалга түшкөн спортчуга машыктыруучусу Этери Тутберидзе өзүнө ишенүү керектигин түшүндүрүп, чоң жардам берген. Оор сыноолорго кабылган Юлия 2013-жылкы сезонго анчалык жакшы даярдана албай калат. Ошентсе да Финляндияда өткөн сезондун алгачкы турниринде 1-орунду камсыздайт. Ошол эле жылы Канададагы Гран-прини утса, ал эми Өлкө чемпиондугунда 2-орунду алат.
Липницкая 2014-жылы биринчи жолу Европа чемпиондугуна катышат. Ал өзүнүн мекендеши Аделина Сотникованы жана 5 жолку Европа чемпиону Каролина Костнерди артка калтырып, жеңишке жетишет.
Атактуу Ирина Слуцкаядан кийин көрүнүктүү муз үстүндөгү бийчи чыга элек болгондуктан, учурда Орусиянын муз үстүндөгү бийдеги чоң үмүтү Липницкая болуп турат.

ЛИПНИЦКАЯ ТУУРАЛУУ ФАКТЫЛАР:

  • Юлия баштапкы классты бүтүп жаткандагы сүрөтүнүн тушуна: «Менин кыялым – келечекте муз үстүндө бийлөө боюнча чемпион болуу. Ошондой эле жаныбарлардын жүнүн кыркуу салонунда иштегим келет»,- деп жазып койгон.
  • Мектепте окубайт. Үйүнөн окутуучулардан сабак алат.
  • Орусиянын олимпиадалык курама командасындагы эң жаш спортчу.
  • Жылкыларды жактырат. Победа аттуу күлүгү бар.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Timon
2014-02-24 09:26:54
Viktor An jonundo da maalymat berip koyunuzdarchy suranych....
0
Saiha.84
2014-02-24 13:59:54
Бирок Сотникова алтын медалды алып кетти бул жолкуда,Липницкая муз устундо жыгылып кетуусу менен алдынкы балга жетпей калды.Албетте баары Липницкаядан чон умуттонушкон бирок ал алтынды ала алган жок.
+1
Adina86
2014-02-24 14:14:06
Юлия 5-орунду ээледи го экинчи жолу чыкканда жыгылып калды.Мыкты фигуристка прелесть!!!
0
Munika
2014-02-24 15:12:12
Аделина Сотникова биринчини алып кетти!
+1
Sheva
2014-02-24 20:53:15
Мен бул кызды суйуп калдым)) чон аззамат экен
0
realbek89
2014-02-24 21:30:20
Олимпиада да эн популярдуу болду деп Виктор Анды айтса болот
0
Acer
2014-02-25 13:39:37
Мага Аделина Сотникова жакты.
0
Meergul_mk
2014-02-25 21:16:20
Юлия экинчи жолу катышканда 5чи орунду алды... Егерде алтын медалга илешсе ал 2 алтын медалдын ээси болмок..
0
Lenin
2014-02-26 10:56:33
Бизден дагы ушуга окшогон кыздарды чыгарышыбыз керек.Качанкыга чейин башка спортсменкаларга суктанып журо беребиз?
+1
rumaika5544
2014-02-26 13:30:42
жаш болсо да коп нерсеге жетишиптир
0
nurila56
2014-02-27 11:11:29
Азамат, бул кыздын келечеги али алдыда, коз тийбесин!!!
0
tima1211
2014-02-28 14:26:33
Эгер, Юлия экинчи катышуусунда 1-чи местаны алганда, анда Аделина Сотникова чемпионка болбойт эле!
0
KARAGER
2014-03-03 09:17:29
Юлия азаматсын!
0
№ 590, 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан