Беларустук биатлончу айым Дарья Домрачева бул Олимпиадада 3 алтын медаль утуп, башкы каармандардын бири болууда. Дарья кубалоо, жекелик жарышуу жана масс-стартта атаандаштарынан алда канча ылдам жүрүп жана таамай атып, беларусь элин кубантып жаткан чагы.
Беларустун өлкө башчысы Александр Лукашенко Дарьяга «Беларусь баатыры» наамын ыйгарды.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg