Учурда компьютердин заманы. Кеңседе дайыма отурган кызматкерлер, студент, окуучулар көп. Алар компьютердин маңдайында түз отуруу эрежесин сактабагандыктан бүкүрөйүп калышууда. Мунун кесепети эмнеге алып барат? Кутулуу жана алдын алуу жолдору барбы? Адистер бул суроолорго жооп беришет.
«КЫЛЫМ ООРУСУНАН АДАМДЫН КӨКҮРӨГҮ ИЧКЕРИ КИРИП, ЖОНУ ДҮГДҮЙҮП КАЛАТ»
Алгач бүкүрөйүп калуу эмнеден келип чыгары жана анын айынан адам кандай азап тартарын билүү үчүн Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун чоңдор ортопедиясы бөлүмүнүн жетекчиси МАНСУР КУДАЙКУЛОВго кайрылдык:– Аз кыймылдуулук жана компьютердин маңдайында күндөп-түндөп отура берүү адаты бул ооруларды пайда кылат. Андыктан кылымдын маселеси деп аталган бүкүрөйүү азыр көпчүлүктүн баш оорусу болууда. Мунун себеби эмнеде? Кыймылдабай узакка жана туура эмес отуруудан ийин, моюн омурткаларынын жана көкүрөктүн булчуңдарына күч келет. Оордук түшүүдөн булчуңдар гана азап тартпастан, бара-бара моюн менен көкүрөк омурткаларынын, көөдөндүн формасы бузула баштайт. Акырында адамдын көкүрөгү ичкери кирип, жону дүгдүйүп сыртка чыгып, ийиндер көтөрүлүп, баш эңкейгенсип калат. Омурткага күч келгенде алардын ортосундагы кемирчек да жешилип баштайт. Кийин грыжа чыгып кетүүсү мүмкүн.
Булардын айынан адамдын дем алуусу бузулат, моюн омурткалары, ийини, колу, башы, жүрөгү ооруп баштайт.
Оорунун жаралуусунун себептери булар:
Айрымдар, көбүнчө кыздар сырткы келбетинен уялып башташат. Андыктан бүкүрөйүүнүн алдын алуу керек. Эгер убакыттан уттуруп, келбетиңиз бузулууга жетип калса, анда кутулууга тез шашылыңыз. Негизи бүкүрөйүп көп жыл жүрүп калуудан ички органдар жылышып, бир топ оорулар жаралат.
«КЕЛБЕТТИ ОҢДООГО БОЛОТ ЖАНА АЛ ӨЗ КОЛУҢУЗДА»
– Дары-дармек ичпей бүкүрөйүүдөн кутулуп, келбетти оңдоонун көптөгөн жолдору бар. Алардын баары булчуңдардагы чыңалууну жазууга, моюн жана көкүрөк омурткаларынын, төш сөөктөрүнүн ордуна акырындап келүүсүнө арналган. Алар: көнүгүүлөрдү жасоо, сууда сүзүү, келбетти калыпка келтирүүгө арналган курларды тагынуу, укалатуу, физиотерапия жана башкалар.
Айтып кетчү нерсе, башка ооруган жерлерге запкы келтирбей бүкүрөйүүдөн кутулуу үчүн дарылоо жаатындагы физкультуралык кабинеттерге (ЛФК) баруу туура. Анткени аларда атайын адистер иштешет. Ал жерден көнүгүүлөрдү үйрөнүп алып, кийин үйдөн жасап турса болот.
Келбетти калыпка келтирүүгө арналган курларды күнүгө 1 сааттан 3 маал тагынып, кайра чечип туруу кажет. Узак тагынса ал булчуңдарды чыңалтып, оорутуп жиберет да, пайдасы тийбей калат. Физиотерапияда атайын керектүү дарылар моюн, ийин, далы тушка сиңирилет. Кандын жакшы жүрүшүн шарттайт, остеохондроздон арылууга түрткү болот.
«АДАМ ТУУРА УКТАБАСА ЖЫЙЫНТЫК БОЛБОЙТ»
Бул илдет боюнча Бишкектеги ооруларды айыктыруу жана калыпка келтирүү багытында иштеген Доктор Бубновский атындагы борбордун инструктору АЙБЕК МУКАНБЕТОВ айтып берди:– Өнөкөт оорудан же бүкүрөйүүдөн кутулуу үчүн каалаган машыгуучу жайга бара бербей, дарылап айыктырууну көздөгөн борборлорго баруу керек. Анткени андагы инструкторлор келгендердин диагнозуна жараша шаймандарды тандап беришет. Анан шаймандарда акырындан көнүктүрүп, этап менен машыктыра башташат. Мисалы, келбети бузулган оорулуунун керектүү булчуңдарына күч келет да, курушуп калган далылар жазылат, омурткалар арасы ачылат. Кан жакшы жүрүп, ичкерген кан тамырлар калыпка келе баштайт. Уюган туздар акырындап азаят. Бизде көнүгүүлөрдү жасоочу зал да бар, каалоочулар алардын жардамына таянышат. Негизи, сууда сүзүү менен шаймандарда машыгуу батыраак, ал эми көнүгүү жасоо менен укалатуу жайдан жардам берет.
Айта кетчү нерсе, бүкүрөйүүдөн кутулуу жана анын алдын алуу үчүн компьютердик столдо түз отуруу, туура уктоону билүү зарыл. Адамдын алды катуураак, башына жазданчу жаздыктын калыңдыгы 10 сантиметрден ашпоосу кажет. Болбосо дене түз жатпай, омуртка кыйшайган абалда калып, бүкүрлүк оңою менен жоголбойт. Колдон келсе ортопедиялык жаздыкты жаздануу оң. Ошондой эле адам далыларды керип, көкүрөктү алдыга чыгарып басуусу зарыл. Компьютерде отурганда ар бир 2-3 саатта эс алып, басып, көнүгүүлөрдү жасап же жок дегенде денени чоюп туруу керек. Үйдө бош убакта турникке тартылса да келбет бузулбайт.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg