«Мен сатуучу боломбу, юристпи же үйдө жөнөкөй кожойке боломбу, баарынан мыкты болушум керек. Эгерде чыгармачылыкты тандабасам, баары бир башка чөйрөдө атактуу болмокмун» деген Кенже Дүйшеевага бул сапар чыгармачылыгы жана «Жебе» тобу тууралуу суроо салдык.
– Саламатсызбы? Эки күн дегенде араң жолугуштук окшойт...
– Саламатчылык. Ооба, алдыдагы концертибизге чуркап жүрүп чачырап жаткан учурубуз. Күйөрмандарымды сагындым, эл менен жолугушуп, ыр аркылуу сырдашкым келип жатат.
– Азыр продюсер катары иш алып баруудасыз. Мында «Кыз-Бурактан» алган тажрыйбаңыз жардам берсе керек?
– Уюштуруучулук шыгым жаштайымдан бар. Мектепте кыздар экиге бөлүнүп ырдап жарышканда «Кенже кимдин тобуна кирет?» деген маселе жаралчу. Анан эки тарап мени талашышат. Себеби мен кошулган топ сөзсүз түрдө жеңчү. Кийин «Кыз-Бурак» тобуна келдим, ал жерде да тырышчаактыгымдан улам аткаруучу директор болдум. Эгерде адамда төрөлгөндөн шык болбосо, көп нерсеге жетишпейт.
– Кыздар менен иштешип жүрүп жигиттерден топ түзүүңүзгө эмне түрткү болду?
– Бул ой мага 10 жыл мурун келген. Өзүмдүн купуя сырым болчу. Бирок турмушка чыккан соң шоу-бизнес менен коштошуп, «сахнаны желкемдин чуңкуру көрсүн» дегем (күлүп). Жолдошумдун айтканын угуп, үйдөгү кожойкеликти кыйратам деп ойлоптурмун.
Бирок бир күнү жолдошум менен сүйлөшүп отуруп «жигиттердин тобун түзөйүн дедим эле» десем, «колдойм, ушунча жылдык тажрыйбаң текке кетпей, жаштарды алып чык» деди.
– Анан «Жебе» тобундагы жигиттерди кантип таптыңыз?
– Келиндик кызматты кыйратып Алматыда үйдө отурсам, Кыргызстанга телеберүүгө конок катары чакырып калышты. Ошондо бир ок менен эки коёнду атып, түз эфирден «топ ачам» деп учун чыгарып койгом. Өзүм музыкалык окуу жайларга барып, жигиттерди караштырдым. Алгач Минур менен Саматтын ырдаганына көзүм түшкөн. Медер менен Кумардын апасы мага жарнаманы угуп чалган. Ошентип балдарды алгач көзүм менен багып, анан ата-энеси менен таанышып, чогуу иш алып барууга билек түрдүм.
Башында баарынын телефон номерлерин алып туруп Алматыга кетип, такыр байланышпай койгом. Себеби булардын чыгармачылыкка болгон кызыгуусун билгим келди. Жигиттер чалып «Кандайсыз? Жакшысызбы?» деп ал-акыбал сурагандан башка эч нерсе сурашпайт. Акыры Минур чыдабады окшойт, 6 айдан соң «Кенже эже, жарым жыл өтүп кетти, топ ишин баштайбы?» деди. Ошончо убакыт чыдап мени күтүшкөнүнөн булардын кызыгуусу бар экенине ынанып, чыгармачылыкка кириштик.
– Топтун атын ким сунуштады эле?
– Өзүм. Негизи «Асаба» жана «Жебе» деген аттарды жактыргам. Анан жебе жаанын огу, ал максаты жок атылбайт деп ырымдап ушул атты койгом.
– Байкашыбызча, эски чыгармаларды жаңылап ырдасаңыздар тез популярдуу болууда. Ал эми жаңы жазылган ырларыңыздар анчейин эмес. Буга эмне себеп?
– Топтогу балдар жаш, дайыма заманбап ырларга ыктап турушат. Бирок мен тең салмактуулукту сактоо максатында эски ырларды аралаштырам. Кызыгы, бизге жакпай, анча көңүл бурулбай жазылган ырлар элге бат тарап, табитине ылайык болуп чыгат. «Кечинде келемин сага» деген ырды алгач өзүм ырдамакмын. Аранжировкасын жасатып коюп, ошол бойдон унутуп калыптырмын. Анан топ негизделген соң аны эстеп, жөн эле ырдап көрмөй болгонбуз. Ырды ырымдап 12-апрелде жаздырганбыз, себеби ал күн адамзатынын алгачкы жолу космоско аттанган күнү эмеспи. Ырыбыз да ракетанын ылдамдыгындай тез элге тарасын деген ниетте ушул күнү даярдадык (күлүп).
Кийинки «9 жаш» деген ырды балдарга «ырдайлы» деп сунуштасам жактырышпады. Анан эптеп эле жаздырып койгондогу кербезибиз бул. Элге аябай тез тараганын көрүп, өзүбүз да таңбыз. Негизи угармандын табитине жол табуу татаал. Эмне жагарын билбейсиң, ар бир аткарган ырың тобокелдикке салынат.
– Төрт жигит чогуу иштешип баштагандан бери кыял-жоруктары да сиңишип кетсе керек, ээ?
– Ооба, алгач Минур аябай көп сүйлөчү. Азыр токтоо, оозунан ашыкча сөз чыкса сүйүнөбүз. Кумар болсо кызуу кандуу, анан дардаңдап күлкүсү тыйылбаган бала кыял. Эгерде муштумдун жардамы керек болсо дароо колдоно калат. А Медер өтө тартынчаак. Анан дос кыздары эле көп. Самат жумушка, тиричиликке аябай тың. Жалпысынан алсам, башында төртөөнүн кыялы төрт башка эле. Азыр баары бири-бирине окшошуп калышты.
Жигиттерди чыгармачылыкка алып келерде «эгерде бир кыз келип «боюмда бар, Саматтан же Минурдан, же дагы бирөөңөрдөн» деп көз жашын агызса капа болбогула» дегем. Ошол сөздөрүнө турушат деп ишенем.
– Дайыма жумуш менен алпурушуп жүргөн жаныңыз үй-бүлөгө көңүл буруп жетишип жатасызбы?
– Сөзсүз түрдө, жашоомдо үй-бүлөмдөн артык эч нерсе жок. Ошондуктан ишим чачымдан көп болсо да кызымдын жытын искеп, жолдошума эркелегенге убакыт сөзсүз табам. Кокустан эле жолдошум «чыгармачылыгыңды жыйыштыр» десе сөзүн эки кылбайм.
– Кызыңызды бир туугандуу кылуу планда барбы?
– Буюрса, быйыл үй-бүлөбүздү толуктап, эркек балалуу бололу деген ниетибиз ишке ашса экен деп отурган кезибиз.
– Ишиңизге ийгилик!
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg