«Кыргызстанда бирөө туура эмес чүчкүрсө деле Бакиевдер күнөөлүү, ошолорду эле боктоп жатып каласыңар...» Бакиевдик бийликти колдогондор бүгүн мындай сөздөрдү көп айтышат. Бирок... Криминалдуу бул окуя Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин кандай адамдар башкарганын, алар акча үчүн кандай кадамдарга барууга даяр болушканын дагы бир ирет ачык көрсөтөт. Башкы прокуратура Максим Бакиевге байланыштуу кезектеги чуулгандуу кылмыш ишин иликтөөнү аяктап, ишти сотко өткөрдү. Сөз 2006-жылы болгон окуя тууралуу.
«ЖЕР-ҮЙ» ҮЧҮН ӨМҮР КЫЙЫЛУУГА АЗ КАЛГАН2006-жыл, 7-июль, түнкү саат 00:30. Дал ушул маалда Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспектисинен орун алган №382-үйдүн подъездине кире бериште белгисиз адам Улуу Британиянын жараны Шон Дэйлиге бир нече жолу ок чыгарып, из жашырып кеткен. Ш.Дэйли ошол түнү Улуттук хирургия борборуна жеткирилип, жаракатынан улам дарыгерлер анын оң бөйрөгүн алып салууга аргасыз болушкан.
Аталган факт боюнча 2006-жылдын 7-июлунда Бишкектин Биринчи Май райондук милиция бөлүмүндө кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган.
Шон Дэйли «Жер-Үй» алтын кенин иштетүүгө алып, лицензиясынан ажырап калган «Оксус Голд плс» компаниясынын расмий өкүлү болчу. Бул компания «Талас Голд Майнинг» компаниясынын тең шерик ээси эле. Ал компания 1998-жылдан тартып Таластагы «Жер-Үй» алтын кенин иштетүүгө алып, 2004-жылы «инвестициялык макулдашуулар аткарылбай жатат» деген негизде лицензиясынан ажырап калган. Шон Дэйли дал ошол лицензияны калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда жогорудагыдай кол салууга дуушар болот. «Оксус» компаниясынын расмий өкүлү кол салууну ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп мүнөздөгөнүнө карабай, укук коргоо органдары тарабынан бул версия каралбай калып кеткен.
Ошол учурда «Жер-Үй» алтын кенин иштетүүгө уруксат алууну көздөп катуу аракет кылып жаткан дагы бир компания бар эле. Тактап айтсак, австриялык «Глобал Голд Холдинг ГМБХ» компаниясы Таластагы алтын кенин иштетүү үчүн укук алууга аракет кылып жаткан.
2006-жылдын май айынан июль айына чейин Шон Дэйли өтө көп жумушту бүтүрүп, жолугушууларды, түшүндүрүү иштерин өткөрөт. Анын колунда атаандаштарга караганда Кыргызстан үчүн жакшы шарттарды камтыган сунуш бар болгон. Алсак, «Глобал Голддун» сунушу боюнча Кыргызстандын үлүшү 40 пайызды түзсө, «Оксустун» Шон Дэйли алып келген жаңы сунушунда Кыргызстандын үлүшү 50 пайыз болот деп көрсөтүлгөн. Мындан улам парламентте «Жер-Үйдү» иштетүүнү «Оксуска» берүү керек деген пикирдегилер көбөйөт.
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН К.БАКИЕВГЕ КҮЧҮ ЖЕТПЕЙ КОЙГОН
2006-жылдын 26-майында Феликс Кулов башында турган өкмөт «Кыргызалтын» менен «Глобал Голд Холдинг ГМБХ» компаниясынын «Жер-Үйдү» биргелешип иштетүү боюнча жыйынтыкты колдойт. Ал жыйынтык Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеси айдан ачык көрүнүп турганына карабай, өкмөт ошондой жыйынтыкты колдойт. «Президент Курманбек Бакиевден жазуу түрүндө «Глобал Голд Холдингди» колдоо боюнча тапшырма келген...» Феликс Кулов тергөө тобуна кийин ушундай көрсөтмө бериптир.
Жогорку Кеңеш 2006-жылдын 29-майында мындай чечимге каршы болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келе турган башка сунуштар каралбай калгандыгын эске алып, «Өкмөт «Жер-Үй» боюнча 26-майда кабыл алынган токтомду жокко чыгарсын» деген токтом чыгарат. Өкмөт Жогорку Кеңештин чечимине моюн сунбай, өлкө башчысы К.Бакиевдин түз кийлигишүүсү менен «Глобал Голд» менен иштешүүнү улантат.
Тергөө тобу 2006-жылдын 12-декабрында Британиянын жаранынын өмүрүнө кол салган адамдын аныкталбаганына байланыштуу деп ишти жаап салат.
М.БАКИЕВДИН КЕЗЕКТЕГИ КЫЛМЫШ ИШИ КАРАЛАТ
Бул кылмыш иши 2010-жылдын 3-октябрында Башкы прокуратура тарабынан кайра кароого алынып, тергөө иши башкы прокурордун алдындагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү Ж.Исмаиловго тапшырылган. Тергөө тобу тарабынан чакырылган Шон Дэйли Кыргызстанга келип, өмүрүнө кол салуу иши Кыргызстандын экс-президентинин уулу Максим Бакиев тарабынан уюштурулгандыгын билдирген. «Максим Бакиев «Глобал Голд Холдинг ГМБХ» компаниясынын кызыкчылыгын коргоп жаткан» деген. Ысымын жашыруун сактагысы келип, кол салууга күбө болгон адам суракта 2006-жылдын 7-июлунда болуп өткөн окуяга Максим Бакиевдин тиешеси бар экенин айтып берген. Дэйлинин ою боюнча, алтын кенин иштетүү боюнча «Оксус» компаниясынын сунуштаган шарттары кыргыз тараптагы көп саясатчылардын колдоосуна ээ болуп, Максим Бакиев менен Борис Березовскийдин (ред. Б.Березовский 2013-жылы каза тапкан) «Жер-Үйдү» тартып алуу планына коркунуч жараткан.
Орусиянын маалымат булактары «Глобал Голд Холдинг ГМБХ» Борис Березовский көзөмөлдүк кылган компаниялардын тобуна кирерин, Британиядан баш паанек алган олигархтын Кыргызстандагы «Жер-Үй» алтын кенине кызыгып жатканын жазышкан. Андыктан тергөө тобунун өтүнүчү менен орусиялык Тергөө комитети 2011-жылдын октябрь-декабрь айларында Борис Березовскийге жана «Глобал Голд Холдинг» компаниясына тиешеси бар ишканаларды аныктап, алардын жетекчилерин суракка алган. Алар көмүскөдө калып кеткен көптөгөн маалыматтарды айтып беришкен.
Бул аралыкта расмий Лондон Улуу Британиянын жаранына кол салууга айыпталып жаткан Максим Бакиевге качкын статусун ыйгарганы аталган өлкөнүн кош стандарттуу мамилесинен гана кабар берет. Эми бул кылмыш ишинен кийин кырдаал кай тарапка өзгөрөт? Лондон Максим Бакиевди коргогон позициясынан таябы? Ушул жана башка суроолор учурда дүйнөлүк коомчулукта туулуп отурат.
27-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту бул кылмыш ишин карайт.
МАКСИМ БАКИЕВ «ЖЕР-ҮЙ» КЕНИНЕН КАНЧА АКЧА ТАПКАН?
Эльвира Караева
koom@super.kg