Коомчулукта көп талкуу жаратып келе жаткан «Аалам сырларына» байланыштуу чуулгандуу аудиожазуу пайда болду. Анда берүүнүн уюштуруучуларынын ортомчусу менен катышуучулардын биринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү жазылган. Финалга чыгарыш үчүн уюштуруучулар тарабынан 20 миң доллар же 1 миллион сом талап кылынганы, аны катышуучу банктан карызга алууга жан талашып жатканы кенен айтылат.
«1 МИЛЛИОН ОҢОЙ ЭМЕС, БИЛЕСИҢ»
Телефондогу сүйлөшүүдөн сөз көзү ачыктардын таймашы тууралуу экенин, ал берүүнүн аяктап бараткан маалында жазылгандыгын аңдоого болот. Анткени учурда Назира Айтбекова менен Асыл Аппасова биргеликте иштеген бир эле долбоор бар, ал – «Аалам сырлары». Сүйлөшүүдөгү Дана аттуу аял «суббота күнү эфир кетет» деп айткан жерлери бар. «Аалам сырлары» КТРКнын эфирине ар ишемби күнү чыгып жатат. Аны түшүнүү үчүн ашыкча акылдын деле кажети жок.
«Аалам сырлары» аяктап бараткан маалда жаздырылып алынса керек дегенибиздин себеби, катышуучу аял «Дана, я всё равно переживаю, жанагы акыркы съёмкаңарды сүйлөштүң беле? Всё таки мен акча бергенимче, 1 миллион оңой эмес, билесиң. Мен дагы билишим керек, гарантия болушу керек. Акыркы съёмкалар жакшылап... Асыл Аппасова менен сүйлөштүңбү?» деп сурайт. Ортомчу аял «Ооба, аны менен сүйлөштүм, эми Кудай буюрса жардам беребиз да» деп катышуучуну жайгарып жатканы билинет. Катышуучу Дана деп кайрылып жатканынан улам Дана аттуу продюсер аял болушу мүмкүн деген ой жаралды. Бул аял кээде ырчыларга продюсерлик кыла коюп жүрөт, Асыл Аппасова менен жакын мамиледе.
КТРКнын басма сөз кызматы аудиожазуу пайда болгондун эртеси, 20-февралда «Аудиожазуудагы Дана аттуу айым КТРКнын кызматкери эмес. Аны менен Коомдук канал укуктук мамиледе болгон эмес. Бул факты боюнча бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле «Аалам сырлары» телекөрсөтүүсүн токтотуп, бул берүүнү даярдоого катышкан топту кырдаал такталганга чейин жумуштан кетирүү чечими чыгарылды» деп билдирүү таратты.
ЖИПТИН УЧУГУ МУРУН ЭЛЕ КӨРҮНГӨН БЕЛЕ? Аталган берүүнүн биринчи сезонуна катышкан Кубаныч Мурзаев ошол учурда бизге кайрылып, «уюштуруучулар тапшырмалардын жообун катышуучулардын бирине айтып коюп, мен туура айткан учурларды кесип салып жатышат» деп арызданган эле. Жеңүүчү болбой калганынан улам айтып жатса керек деп ал учурда маани берген эмеспиз. Бул сүйлөшүү ошол Кубаныч Мурзаевдин арыздануусун эске салды. Эске салсак, ал адамдын жансыз денеси өткөн жылдын 20-декабрында Бишкектин четинен табылып, учурда анын табышмактуу өлүмү ИИМ тарабынан иликтенип жаткан чагы.
Окурман, азырынча бул сүйлөшүүнү катышуучулардын кайсы бири жаздырып алганы билине элек. Берүүнүн продюсери Асыл Аппасова «Индира деген катышуучу жаздырган деп болжолдоп жатабыз. Азыр эмнелерди айтканын териштиргени турабыз» деп ММКлардын бирине комментарий берди. Ал катышуучунун өзүнөн жооп алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Индира аттуу көзү ачык адамдарды кабыл алып иштеген кеңсенин эшигинде «17синен 22сине чейин иштебейт» деген жазуу чапталып турат. Ал баракчада көрсөтүлгөн номерге байланышсак, телефонго жооп берген айым «Индира Алматыга кеткен» деп билдирди.
Бул сүйлөшүү «Аалам сырларында» чын эле көшөгө артында болуп жаткан былыкпы же атайы жасалганбы? Албетте, мунун баары укук коргоо органдары иликтей турган иш. Анткени сүйлөшүү чындык болсо, анда окуя мамлекеттик мекеменин белчесинен коррупцияга батканынын далили болот. Ал эми мамлекеттик мекемедеги коррупция Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренеси боюнча 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Пара алуу кызмат адамы тарабынан жасалса, 313-берененин 1-бөлүгүнө ылайык 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Ушул эле иштер алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалса, 8 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасын алат. Пара алууда ортомчулук кылуу да Кылмыш жана жаза кодексинде өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлгөн. А л 312-беренеге ылайык акчалай айыпка жыгылып же болбосо үй-мүлкүн конфискациялоо менен 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
ДЕПУТАТТАР ЧЕКИТ КОЮУ КЕРЕК ДЕШТИ
Интернетте бул ишти «Супер-Инфо» гезити менен Назира Айтбекованын ортосунда эки жыл мурун болуп өткөн окуяга байланыштырып, коомдун көңүлүн негизги маселеден башка нукка бурууну максат кылгандар чыгууда.
«Супер-Инфо» гезити учурда болуп жаткан окуя менен эки жыл мурун болгон окуянын ортосунда кандайдыр бир байланыш бар деп эсептебейт. Назира Айтбекова одоно тамаша үчүн өзүнүн адамдык жана жарандык укугун пайдаланып, укук коргоо органдарына кайрылган. Анын мындай чечимин «Супер-Инфо» гезити түшүнүү жана сыйлоо менен кабыл алган. Расмий түрдө кабарчылардын чектен чыккан тамашасы үчүн телеалпаруучудан кечирим сураган.
Ал эми мамлекеттик мекемеде иштеген адамдардын пара талап кылуусу, мамлекеттик мекемедеги коррупция иштери таптакыр башка маселе. Албетте, факт боюнча тийиштүү органдар териштирүү жүргүзүүсү зарыл. Эгер аудиожазууда айтылган иштер чын эле иш жүзүндө болгону анык болсо, анда кеп Коомдук телеканал аркылуу массаны алдоо, мамлекеттик мекемеде иштеп жүрүп пара алуу, мамлекеттик мекеменин кызматкеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы деген маселелерге барып такалат. Андыктан аталган аудиожазууну коомчулукка жарыялоону милдетибиз катары эсептейбиз.
«Аалам сырлары» телешоусунда коррупциялык иштер орун алып жатышы мүмкүн экендиги жана анын Коомдук телеканал аркылуу кеңири массага берилип жатышынын залалдуу жактарын Жогорку Кеңештин 20-февралдагы пленардык жыйынында депутаттар да билдирип, маселеге тез арада чекит коюлушу керектигин айтышты. Депутат Турсунбай Бакир уулу: «Аалам сырлары» көрсөтүүсүнүн финалына чыгуу үчүн катышуучулардан 20 миң доллар талап кылышууда, буга мамлекет жетекчилиги чара көрүшү керек»,- деди.
Элдин айлык акысынын, карыялардын пенсиясынын, балакайлардын жөлөкпулдарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттик мекемеде мындай коррупциялык иш болуп жатканы анык болсо, анда ал сөзсүз иликтөөнү талап кылган, өтө жаман көрүнүш. Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 150-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүүлөр кылмыш ишин козгоого жүйө болуп бере алат. Демек, бул иш укук коргоо органдарынын көңүлүнөн тыш калбайт деп ишенебиз.
БААРЫНА ТҮШҮНҮКТҮҮ БОЛСУН ҮЧҮН АУДИОЖАЗУУНУ СӨЗМӨ-СӨЗ БЕРҮҮНҮ ЧЕЧТИК.
Көзү ачык: – Даночка?..
Дана: – Да...
К.: – Банкта болчумун, анан өзүң билесиң, поручитель керек экен, тиягы керек экен, пока документы собрались. Оңой эмес экен да, 20 миң же большая сумма, билесиң да. Анан бүгүн кирсем айтышты, эртең-бүрсүгүнү бүтүрүп беребиз деп...
Д.: – Мм... Просто Асыл эже мени жеп жатат да...
К.: – Мм, Асыл менен өзүм сүйлөшөйүнбү анда?
Д.: – Эми... эме, аралаштырбаш керек болчу... Мына, баланчага ишенип эки жумадан бери не то болуп...
К.: – Эме, Дана, 20 миң деген жакшынакай сумма. Мен деген... банкта поручители жок бербейт экен, а поручителде деген бардыгы-жогу болуш керек экен, банктарда кредиттери болбош керек экен.
Д.: – Да, понимаю. Я тут ни при чём... Мен бир топ алдандым, ээ? Андан кийин эме...
К.: – Даночка, анан кредитсиз поручитель жок экен. Поручитель издесем бүт баарынын банкта кредити бар экен. Бирөөнү алып барсам, ал айтпай коюп банктан, анан башка киши издедим. Эми мындай аз эле акча болсо жөн эле берип коёт элем. Поручитель жок эле, залог-палогу жок эле алгандар бар экен. Если хочешь, Назира Айтбекова менен өзүм сүйлөшөйүн, бир аз коё тургула деп. Асыл Аппасовага айтайын, коё тургула деп.
Д.: – Ай, сиз анткенде мен вообще каша болом да, андачы…
К.: – Мм… анда... Эми өзүң деле түшүндүрүп кой да, чтобы действительно... тиги... это... 10 күндө деп айткам, конечно. Бирок пока банкка документы собрала, залог жок деген справка алыш керек экен, иштеген жерден...
Д.: – Короче, мындай кылалычы, суббота күнү кетет да эфирчи... До пятницы подождём деп айтайын. Если, пятница жок болсо, анда суббота ала келет деп. Башка вариант жок менде.
К.: – Мм, конечно, эми мен деле чуркап жатам. Мен помню. Даже сахарым көтөрүлүп кетиптир. Бүгүн барсам 18 дейт, сахар менен ооруйм да. Анан на работе вчера плохо стало, кечээ капельница алдым. Эми всё равно знаешь, азыр азыраак сумма деле кишиден чыкпайт, такое время. Билесиң да...
Д.: – Ошо да, эми ал...
К.: – Анан банкка надеюсь, мына бүгүн кирип чыктым. Документтердин баарын тапшыргам, өткөн жума полностью я с документами занималась. Толком даже жумушка барган жокмун. Себеби деген, справкалар, бизде, оказывается, бюрократия экен. Бүт эле биякка бар, тиякка бар, муну алып кел, тигини алып кел... Короче, постоянно эле бир эмелер. Анан тигичи, Дана?.. Анан... ты потом поговори чтоб... анан ар кимиси өзүнчө да сурабайбы менден, Назира өзүнчө, Асыл Аппасова өзүнчө?
Д.: – Назира ни при чём тут. Я только с Аппасовой разговаривала, понимаете... Она даже не знает. Сиз билесиз... Назира деген... эчтекени чечпейт. Анан просто Асыл эже мага минтип айтат да, сен типа, мына времяларды убиваете... Мага ишенбей жатат.
К.: – Не-ет, она хорошая женщина, честно говоря. Если она мага ишенбесе, мени да финалга алып чыкпайт эле, понимаешь. Сама по себе она неплохая женщина. Мага ал жамандык деле кылбайт, просто… я, ырас, мен айтканын кылышым керек анын, билип жатам.
Д.: – Кыскача эле… Мен мындай кылайынчы, вы пятницу подождёте, если жок болсо ладно, я уже руки отмываю… каалаганын кылсынчы Аппасова. Честно, уже мне надоело!
К.: – Хорошо, Даночка, хорошо...
Д.: – ... Күнүгө эмесин уга берипчи... Как будто мен сизден 2 миң долларды алып, чөнтөгүмө салып алгандай сезилип жатат да, бул жактачы...
К.: – Даночка, спасибо, конечно, сен мага стараешься… Просто знаешь, бул кичине общая сумма болсо… эме, анда…
Д.: – Она почему то не верит да, «силер калп эле убакытты чоюп жатасыңар, тигиндей-мындай» деп. Анан проблема кылып...
К.: – Эми мындай наличка жок да элде... 20 миң деген большая сумма.
Д.: – А мен билбейм анда... Для неё, оказывается, проблема эмес окшойт. Ну вообщем то... ошол, эже, анда давайте до пятницы так скажу, азыр жумушка баратам... Она с утра позвонила мне.
К.: – Ну давай, хорошо, хорошо.
***
Көзү ачык:– Алло, Даночка, кандай?..
Дана:– Жакшы...
К.: – Кудай буюрса, банктан звонить этишти. Если чё эртең деп жатышат го.
Д.: – Завтра у нас съёмки. Вы знаете да. Сизге позвонят.
К.:– Эмечи, Дана, я всё равно переживаю. Анан жанагы акыркы съёмкаңарды сен сүйлөштүң беле? Всё таки мен акча бергенимче, 1 миллион оңой эмес, билесиң. Мен дагы билишим керек, гарантия болушу керек. Акыркы съёмкалар жакшылап...
Д.:– Ну... Эми, эмесине, ну давайте не будем мелочиться. Ошон үчүн мен макул деп жатам да. Же болбосо зачем...
К.:– Асыл Аппасова менен сүйлөштүңбү?
Д.:– Да, да, я вчера поговорила. Анан место издеп съёмкага… Завтра, после завтра съёмки.
К.:– Мм...
Д.:– Последние, анан ошо, кайра финал.
К.:– Сен мага гарантия бересиң, ээ?
Д.:– Эми, Кудай буюрса, поможем, да...
К.:– Мм... давай...
Д.:– Ладно.
Айбек Нурадилов