САТЫБАЛДИЕВГЕ ЖЕГЕН САМСАСЫ ҮЧҮН ПУЛ ТӨЛӨЙ ТУРГАН КЕЗ КЕЛДИБИ?

«Жеген самсаңыз үчүн пул төлөөгө туура келет» деди ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге карап. Каргашалуу Июнь окуясынан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеп чыккан депутаттык комиссиянын жыйынтыгы 19-февраль күнү каралды. Аны 2010-2011-жылдар аралыгында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган. Сессия учурунда премьердин сынчысы да, кошоматчысы да табылды.
ТАМАШАДА ЧЫНДЫКТЫН ҮЛҮШҮ БАРБЫ?
Баш-аягы тогуз айга созулган депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жүрүшүндө Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция бир катар каржылык мыйзам бузууларга жол бергени тастыкталган. Бюджеттик, бюджеттик эмес, эл аралык донорлордон келген каражаттар атайын эсепте топтолгон эмес. Эки шаарды калыбына келтирүүгө 11 миллиард 404 миллион сомдун тегерегинде акча келип түшкөн. 4 миллиард 616 миллион сомдун чегиндеги каражаттын отчёту гана берилип, калган каражаттын кайда жумшалганы боюнча так маалымат жок бойдон калып кеткен.
Дирекциянын ишмердүүлүгүнүн алкагындагы жыйында депутаттар Июнь окуясынан кийин жаңы түшкөн үйлөрдүн сапатына эл нааразы экендигине эң көп токтолушту. «Республика» фракциясынын лидери Назарали Арипов: «Дирекция кызматкерлери үчүн айлыгынан тышкары кошумча акы төлөп, бюджетке 4 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Июнь окуясынан кийин миңдеген жаран кыйналып турганда маянасынын үстүнө кошуп акча берүү уят эмеспи. Өзүңүз баш болуп премия алып жатасыз»,- деди. Аталган фракция буга чейин премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн депутаттар арасында кол топтоп баштаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова төрт жыл мурунку окуяны эстеп: «2010-жылдын 17-июнунда Ошко барып, Жантөрө Жолдошовичке жолугуп калдым. Ошондо Сатыбалдиев мага «Сиз бул галдирбайларга (ред. кем акыл, акмак) кайдан кошулуп жүрөсүз?» деген»,- деди. Премьер бул сөздү тамаша иретинде айтканын билдирип: «Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн кечирим сурайм»,- деп жооп узатты.
САТЫБАЛДИЕВ КЫЗМАТЫНАН УБАКТЫЛУУ ЧЕТТЕП ТУРУУГА МАКУЛ ЭМЕС
Жыйын учурунда бир канча жолу депутаттар тарабынан териштирүү иштери бүткүчө Жантөрө Сатыбалдиев кызматынан четтей турушу керектиги айтылды. «Өкмөт башчынын ар бир күнү маанилүү. Эмгек өргүүсүнө кетсем, ким мамлекеттин иштери менен алек болот»,- деди Ж.Сатыбалдиев.
Соңунда Жогорку Кеңештин депутаттары комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча токтомду кабыл алып, дирекциянын иши жетишсиз деп табылды. Аны менен Башкы прокуратурага дирекциянын иши боюнча топтолгон материалдарга укуктук баа берүү, Эсептөө палатасына кайрадан текшерүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Алар 3 айлык мөөнөттө жыйынтык чыгарышы зарыл.
Буга чейин аталган дирекциянын кызматкерлерине карата 8 кылмыш иши козголгон болчу. Анын төртөө сотко өткөрүлүп, бирөө боюнча тергөө иштери жүрүп жатса, 2 иш токтотулган.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
ушинтип жеп тоноп качып кетишет дайымгыдай эле.
adidas07, Туура жеп-жеп туруп,чет олкого качып кетишет аяктан эч ким апкелип камай албайт же бир чиновникти кордунорбу башка жактан тутуп келип,соттогонун.Ошолор жеген акчаны кайтарганда качан эле онукмокпуз.Азыркылар качан эле *тиякка* уй-жай куруп,даярданып коюшкандыр...
11миллиарддан 4миллиардды гана иштеткен болобу?Мейли 5миллиард дейин.Ошондо 6миллиардды жеп салыштыбы?Жарымынан көбүн жеп,жарымынан азы эки областтын элине.Ушундай кадрларды чогултса, АША да башында экен жана копко турушпайтго.
Булар жеген самса учун,кайран эл толоп жаткандай.
Бул бийлик Акаев менен Бакиевдин жолунда кетип жатат.
Эмгек өргүүсүнө кетсем, ким мамлекеттин иштери менен алек болот»,- деди Ж.Сатыбалдиев. Сатыбалдиев озунон башка киши жоктой суйлоптур го?
Мэни эн тан калтырганы кантип эле депутаттык камиссия коркбой туруп ушундай кылмыштын бетин ачып койгону болуп атат. Чын эле депутаттар оноло баштады деп суйунсомбу же сатыбалдиевдин ордуна оздоуруно пайда алып келчу адамды койгону атышабы кызык болуп атат
ошол ортодогу жарымынан коп акчаны президент менен болушуп,азыркы ордуна келгени айтылып журот,таамай эле айтылган кеп экенда корсо
Бул премеер минибиз бошотом деди эле го дагы эмне талашып калган ордун же пландап койгон нерсеси жеп буто элек экенби.
Айта берсе арман коп ошонун баарын эле САТЫБАЛДИЕВ жеп алмак беле. Тоба кылдым бул жакта элди да жинди деп ойлошот окшойт. Мен ишенбейм деги жебеген чон барбы бааары жейт бирок ченеми менен. Ошол опозициячылар да жеш учун бийлик талашып жатышпайбы элди колдонуп. Ошону КАНДАЙ тушунбойсунор туугандар. Аркабыздан чукуй берсе силер менен меникинен да табылат кемчилдиктер
Бул чуунун башы эмнеге барып такалат. Мелистин мэрликтин алынышы жана канчалаган млд дардын ачылышы. Бирок ойлосонаор ошончо миллиард кетет да бир туалет салууга канча чыгым кетип атат го туугандар. Факт менен айтылбаса ишенбегиле. Опозицияга кимдер келет жанагы эле кызматтан алынгандар же жетпей калгандар топтолуп алышып ар бири беш жуздон адамды пикетке чыгарып ак уйду басып а лса болду. Булардын максаты ошо да
Иииий тажатты ушундай создор бир биринерди чукулаганды качан токтотосунар Деги
сатыбалдиев,иса омуркулов жеди кана Атамбаевдин созу ууру турмодо отуруш керек деген же озу да булар менен чогубу,эмне учун а,Келдибековду камады да Иса Омуркуловду камабайт кана бийликтин адилетуулугу
Жебеген самсага эч ким пул толобойт, а жегенге созсуз толош керек Жанторо ака. Кусуш керек жегендерди!!!
уурдап жегендин кусмайы бар.бул дуйнодо озунун кызыкчылыгы учун уурдап топтогон байлыктарын аргы дуйного которуп кете албайт бир гана ак кепинге оролуп кетебиз ошондуктан аала таалам биринчиден ушуга окшогондорго жана о.э баарыбызга ынсап ыйман берсин эч ким эртени не болорун билбейт же ал адам учун эртени акыркы кундур аныда билбейт.ошондуктан эртебизди ойлоп ушундай кишилерге окшобогонго аракет кылалы