Жаш активист Мавлян Аскарбеков 18-февралда оппозициялык кыймыл түзүү максатында бир нече саясий күчтөр жана партиялардын лидерлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Айтымында, өзү жетектеген «Эркин эл» саясий партиясы азырынча бул кыймылга кошула элек. Оппозициялык кыймылга кирүүгө «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов, «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, «Каршылык көрсөтүү» кыймылынын лидери Өмүрбек Суваналиев жана Бегалы Наргозуев макул болушкан. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков кыймылдын төрагасы болуп шайланганы маалым болду.
«Кыймылдын негизги максаттары – президенттик бийлик менен күрөшүү, анын ыйгарым укугун чектөө жана бийликтин тармактарын тең кылуу, авторитардык режимге ээ болгон өлкөнү демократиялык мамлекетке айлантуу, парламентаризмди колдоо жана бекемдөө болуп саналат»,- деп билдирди Р.Жээнбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg