Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасында 17-февраль күнү козголоң чыкты. Бул бейтапканадан Боом окуясы боюнча кылмышка шектүү Заур Магомедов дарыланып жүргөн учурунда оңой эле качып чыгып, өлкө ичинде эркин жүргөндүгүнөн улам Кызыл-Жар коомчулуктун көңүл чордонуна түшкөн. Укук коргоо органдары З.Магомедовдун палатасына тинтүү жүргүзүшүп, ал жактан баңгизат, уюлдук телефон таап чыгышкан. Ошол эле палатанын башка пациенттерин текшерүүгө келгенде алар каршы чыгып, ооруканадагы башка бейтаптар менен козголоң чыгарышкан. Баш аламандыкта 1 тергөөчү жана 3 медицина кызматкери барымтага алынып, кийин алар кошумча күчтөрдүн жардамы аркылуу бошотулду.
Бир милиция кызматкеринин өлүмү менен аяктаган Боом окуясынан кийин аталган оорукананын кызматкерлерине «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Козголоңдон соң Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан «ээн баштык», «тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу», «бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча да кылмыш иштери козголду. Болуп өткөн окуялардан улам 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында мындай шалаакылыкты көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны кызматынан четтетүү тууралуу талкуу жаралды.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg