ЖКнын депутаттары А.Маматалиев, К.Орозова, А.Артыков мас абалында оор эмес залал келтирип же кырсыктын натыйжасы өлүмгө алып келсе, айдоочуну өмүр бою транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратууну демилгелеп чыгышты. Ага чейин Жол кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев парламенттин эл өкүлдөрүнөн мас абалында айдоо боюнча айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго чейин жогорулатып берүүнү же 4 жылга чейин айдоо укугунан ажыратууну суранган болчу.
Айып пулду жогорулатуу маселени чечпейт. Ал үчүн комплекстүү иш-чаралардын жыйындысы керектелет. Айыпты көбөйтүп койгон күндө да, жол боюн ээлеген МАИчилердин чөнтөгүнө кирип кетпей, баары мамлекеттик казынага барып түшөт дегенге кепилдик жок. Айдоочунун мас абалында кармалганын каттап калган видеорегистратор да ар бир көчөдө орнотулуп бүткөн эмес.
Жол кайгуул кызматын реформалап чыккан Грузиянын тажрыйбасы кыял бойдон калат көрүнөт. Алгач тармактагы коррупция тыйылып, МАИчилер менен сотторду мыйзамдуу талаага кайтаруу зарыл. Ага чейин айып пулду жогорулатуу менен жолдо кайгуулдук кылган кызматкерлердин элдин эсебинен баюусуна гана шарт түзүп берип калган болобуз.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg