ЭРКЕКТЕРДИН ДАРЕМЕТИ ТӨМӨНДӨӨДӨ...

  • Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин 18-февралдагы чечимине ылайык, өкмөт Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү «ЖУНДА» заводунун ишин убактылуу токтотту.
  • «Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун СИЗОдо отуруу мөөнөтү 27-МАРТКА чейин узартылды.
  • Тизе кемирчегине операция жасатып 12-февралдан бери Москвада жүргөн өлкө башчы АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 17-февраль күнү кечинде Бишкекке кайтып келди.
  • Вице-премьер Тайырбек Сарпашев быйыл минералдык ЖЕР СЕМИРТКИЧ сатып алууга өкмөт 200 миллион сом бөлгөнүн маалымдады.
  • Бишкекте өткөн «Эркектердин ден соолугунун жумалыгы» аттуу акцияда 4184 мырза урологиялык текшерүүдөн өтүп, 373Үнүн гана ден соолугу жайында болуп чыкты.
  • Башкы прокуратуранын 17-февраль күнү өткөн жыйынында 2013-жылы аткаминерлерге карата 548 КЫЛМЫШ ИШИ козголгону айтылды.
  • Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы 16 жашка жеткен 50 МИҢ ЖАРАНГА акысыз паспорт бергенин маалымдады.
  • Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы «Халал» сертификациялоо жана стандартташтыруу комитетин муфтияттын курамынан чыгаргандыгын 17-февралда билдирди.
  • Туңгуч президент АСКАР АКАЕВ жергиликтүү телеканалдардын бирине интервью берип: «Кыргызстанда аз да болсо жактоочуларым бар. Алар «юбилейиңиз келе жатат, 70 жылдыгыңызды өз мекениңизден өткөрөлү» деп жатышат»,- деп Кыргызстанга 10-ноябрдагы туулган күнүнө чейин кайтуу ниети бар экенин кыйытты.
  • Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 18-февралда шаардык кеңештин кезектеги жыйынында борбор шаардагы унаа токтотуучу жайларга байланыштуу маселелер чечилгенче шаардагы бардык УНАА ТОКТОТУУЧУ ЖАЙЛАР убактылуу бекер болорун билдирди.
  • Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Эмгек кодексине ылайык, майрамдык даталар дем алыш күнгө туш келсе, эс алуу күнү дүйшөмбүгө жылдырыларына байланыштуу 24-ФЕВРАЛЬ иш күн болуп эсептелбейт.
  • Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу аталган кызматка Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев дайындалды.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
maliw
2014-02-24 09:56:47
Akaev kelse kutobuz!!!!!
0
moke
2014-02-24 12:39:20
Акаев келчи сагындык
0
skatoruk
2014-02-24 13:05:08
Акаев келсе атып салуу керек!!!
+1
Saiha.84
2014-02-24 13:14:37
Эркектердин дарамети томондоодо дегенге тан калбай деле койсок болот,туура эмес тамактануу,стресс,депрессия уй-булолук койгойлор,чечилбеген маселер,экономиканын томондугу,стабилдуулуктун жоктугу буга себеп болууда,арак,тамекинини айтпай эле коелу,эркектерибиз алсыз болуп атса,аялдарыбыз акчанын айынан суук жерлерде иштеп,же тунку кополокко айланып атса кыргыз элинин келечегине ким жооптуу???
+1
Adina86
2014-02-24 14:27:23
Акаев оз мекенине кайтуусу керек бир эле билимдуу окмуштуу адамыбыз болсо ушуну да коро алышпайт.Мунозу жумшактыгынан пайдаланышты акмактар
-1
nurel50
2014-02-24 19:48:23
Мен колдойм Акаевти, сизди кутобуз.
0
zarlyk2211
2014-02-25 14:26:52
Элге эч тушунбодум Акаевди кутобуз дешет дагы 10жылдан кийин Бакиевти кутобуз дешпесе болду. Акаевдин акылдуулугуна соз жок. А бирок анын качкын экенин унутпашыбыз керек. Кыргызстанды 15 жыл башкарып онуктуро алган жок,аялын куноолошунор мумкун ага жол берген Акаев болуп жатпайбы.Убагында Кыргыз элин ойлобогон качкын адамдардын Мекенибизге келишине каршымын!!!
+2
hakker
2014-02-25 16:26:24
zarlyk2211, Сага кошулам.Нерв кайнаганынан жазууга туура келди болбосо жаны эле Бандан чыктым.Акаевди сагынгандар--ал эмне учун кеткени эсинерден чыктыбы.Олкобуздун онугушуно кошула турган акчалар--ошол кишинин уй-булосунун онугушуно кеткен-муну билип койгула!Дагы жазайын дейм *шептерге* жакпай калбасын.
0
Cyldyzka
2014-02-25 15:35:47
Куткондор келтирип убара кылбай эле барып куттуктап келгиле,сагынычынарды таркатып.
+1
Taalaibek.
2014-02-25 16:27:18
Акаев келсе туулган куну боло электе соттоп жиберет эле. Келе албайт го.
0
nurik..asem
2014-02-25 16:42:13
Элин жерин сатып качкан келсе камап салыш керек билимдуу окумуштуу болсо мамлекеттин акчасын жеп башка олколордон банктарга акчаларды которуп Бир эле озунун кызыкчылыгын ойлогон саткындарды жолотпош керек
0
realist90
2014-02-25 18:54:14
Эми Акаев кетсин дегендердин ордуна келсин келсин деген ураандар пайда боло баштаптырда акырындан ушинтип эле ким не десе ошого жабышбай ойлонбойлубу биринчи жакшылап.
0
realist90
2014-02-25 18:58:19
Акаев келсе кимге пайда кимге зыян дагы. баягы эле чондорун мамлекеттин акчасынан алып куттуктап койушат. Опера жана балет театрында чон концерт берет, Советский-чуйский жабылат пробка болот баягы эле калк жабыр тартат. Ага кетирген акчаны мамлекет майыптарга каляска алып берип койсунчу канчасынын жугун женилдетмек ошондо
0
inspektor.kg84
2014-02-28 23:23:10
мени тынчсыздандырганы эркектердин дарамети томондоп жатат дегени,бул кыргызстандагы эле абал эмес болуш керек деп ойлойм,эми урологдор дарылоо жолдорун ойлонуш керек.Болбосо Кыргыз кыздарыбызды кайсы улуттар кор кылаарын карап туруп калабыз го туугандар.
0
mansurhan
2014-03-27 13:27:24
кандай болгон кунда да Акаев тунгуч президент катары коп жакшы иш жасады, аны сырта жургон кыргызстандыктар жакшы билишет. кайканга толук укуку бар деп эсептейм.
0
№ 590, 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан