Президент Алмазбек Атамбаев Кышкы Олимпиада оюндарынын Сочидеги ачылышына катышкан соң Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушуп, эки тараптуу мамиленин урунттуу маселелерин өзүнчө талкуулашкан болчу. Анын жылыштары 19-февраль күнү орусиялык делегациянын Бишкекке келип, энергетика тармагындагы бир катар документтерге кол коюусу менен байкалды. Жолугушууга кыргыз-орусиялык өкмөт аралык комиссиясынын тең төрагасы, Орусиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов баштаган «Роснефть» МК» ААКсынын президенти Игорь Сечин, «РусГидро» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Евгений Дод жана «ИНТЕР РАО» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Борис Ковальчук катышты.
Анда негизинен Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу каралды. Жолугушуунун натыйжасында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана ишке киргизүү долбооруна, Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жана ишке киргизүү долбооруна, Эл аралык «Манас» аэропорту ААКсына тиешелүү бир катар документтерге кол коюлду.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg