Ыргал Кадыралиева, Жогорку Кеңештин депутаты:«АТАМДЫН СӨЗҮНӨ НАМЫСТАНЫП УЙ СААГАНДЫ ҮЙРӨНДҮМ»

Ар дайым жаркыраган маанайы менен маек курган эл өкүлү Ыргал Кадыралиева бүгүн бизге балалыгы тууралуу кеп салып отурду. Бирде күлүп, бирде ойлонуп, каарманым балалык күндөрүн эстеп жатты. Анда Ыргал айым менен чогуу артка кылчайып, анын балалыгына саякат кылалы.

«ЫСЫМЫМ ЫРГАЛБЕК СУЛУУ ЭКЕН ДЕП ЖҮРӨ БЕРИПТИРМИН»
-Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын жетинчиси, төрт уулдан кийин ата-энем «кыз болсо экен» деп сурап-тилеп алган эркесимин. Алдын ала ар кайсы атты тандашып, «кыз болуп калса, нускалуу болсун деп Нускайым койсокпу» деп ойлонуп жүрүшүптүр. Мен төрөлгөндө атам ысым тандап, көпкө чейин аты жок жашаган экем. Эч кимде жок ат издеп, акыры Ыргал дегенге токтолуптур. Атам «кызымдын чачы узун, бойлуу болсо» деп тилеген экен, анын үмүтүн актадым деп ойлойм.
Көпчүлүк учурда атымды алгач укканда түшүнбөй «Жыргал эмеспи?» дешет. Мектепке барганда деле аты-жөнүм Ыргал Кадыралиева экендигин билбептирмин. Анткени үйдө эркектер менен өскөндүгүм үчүн «Ыргалбек сулуу» деп эркелетишчү. Башталгыч класстагы эжейим да коңшу болгондуктан ошентип атачу. Кийин билсем атым Ыргал экен.

«АГАМ МЕНЕН ЖАРЫШЫП КАДАМ ТАШТАП, ТАМГА ТААНЫДЫМ»
-Апамдын айтканына караганда, мен чыйрак болуптурмун. Агам Канжар менен бир эле жаш айырма болгондуктан, ал басса кошо кадам таштап, окуса жарыша окудум. Агам мектепке барып окуса, мен үйдө окуп, биринчи класска бара электе эле Алиппени бүтүрүп салдым. Төрт уулдун арасында өскөндүктөн алар менен ат жалында тең жарышып, футбол ойносо кошо топ тээп эркектей эле чоңойдум.
Ата-энем сөзгө дыйкан, сөз баккан адамдар. Атам колуна комузун алып кароо-сынактарга жөнөп калчу. Мындайда мен артынан калбай ээрчип алам да. Анан ал жакта улуу адамдар болот, алар менен сүйлөшүп жүрүп эле «кичинекей чоң эне» болуп калгам.

«УРУША КЕТКЕНДЕ ЭКИ ФРОНТКО БӨЛҮНЧҮБҮЗ»
-Бардык үй-бүлөдөгү балдардын ортосундагы уруш-талаш бизде да болор эле. Андай кезде эки фронтко бөлүнчүбүз. Санжар, Канжар деген агаларым бир топ, Орунбек агам экөөбүз экинчи майданда элек. Эң улуу агам менен эки эжем ал кезде чоңоюп калышкан. Эрке болгонумданбы бир нерсе болсо эле атама көзүмдүн жашын көл кылып даттанып барчумун.
Эсимде, бир жолу адаттагыдай атама арыздандым. Атам кычыраган кышта аларды сыртка кууп чыкты. Бир аздан кийин эле мен нан көтөрүп алып тиги төртөөнө чыгып баратыптырмын. Бир туугансың да, бөтөн тургай ата-энең тилдеп койсо да болуша кетесиң. Ал чеп азыр да бекем. Азыркыга чейин айрым иштерди агаларыма айтып, ыйлап жүрүп чечтирип алмайым бар. Кээ бирлер бир туугандарын коргоо үчүн же кызматка коюу үчүн парламентке келишет. Бирок менин ага-эжелерим «Ыргал уят болбосун, сөз тийбесин» деп тил тийгизишпейт.

«МЕКТЕПТЕ ДИКТОР-РЕДАКТОР БОЛЧУМУН»
-Өткөөл курак менде бир аз оор болду окшойт. Дегеним, баш көтөрбөй окууга туура келди. Анткени мектептен гимназияга өтүп, экзамен тапшыруу кыйынчылык туудурбаса да, жаңы чөйрөдө өзүмдү көрсөтүү, кадыр топтоого күч сарптадым. Класста 12 кыз болсок, алтыдан экиге бөлүнүп кетчүбүз. «Жигиттер менен жүргөндөр», анан «кат алып, кат жазбагандар» болуп. Мен экинчи топто элем.
Окуучу кезде аябай активдүү болдум. Күнүгө эртең менен линейкада мектеп окуучуларына жаңылык айтчумун. Дагы эки-үч кабарчыбыз бар эле, алар мага жаңылык чогултууга жардамдашышчу. Кадимкидей гезиттерден саясий жана маданий багыттагы жаңылыктарды чогултабыз. Арасынан окуучуларга ылайыктуу кабарларды иргеп чыгам. Мындай тажрыйба азыр эл алдында эркин сүйлөй билүүмө чоң өбөлгө түздү. Мындан сырткары спорттук оюндарга катышып, бийлеп республикалык кароо-сынактарда да алдыңкы орундарга жетиштим. Кээде «каякты караба Ыргал» деп айтышпасын деп уялчумун.

«АЗЫР ЖАЙЛООГО КӨЧҮП БАРСАМ ДА ЖАШАП КЕТЕМ»
-Мен эс тарта баштаганда жеңелүү болдум. Катар-катар келин алсак, бири да уй саай алышпайт же нан жапканды билишпейт. Атам бир күнү апама «биздин балдар үйлөнөрдө «эмне кыла аласың?» деп бир ооз сурайт бекен кыздарынан? Бүт эле эрке кыздарды алып келишти. Алар болсо эч нерсе жасай алышпайт» деп сүйлөнүп жатыптыр. Ичимден ойлонуп, ошондо ойгондум. «Мени да бирөө ушинтип айта электе үйрөнүп алайын» деп күн чыгып, түш болуп баратса да 2-3 саат уй саап отура берчүмүн.
Кудайга шүгүр, учурда аялга тиешелүү иштин баарын жогорку деңгээлде аткарам. Азыр жайлоого көчүп барсам да күнүмдү көрүп, жашап кетем. Үйдө эки сиңдим бар. Аларга да тамак жасаганды, салаттын да түрүн үйрөтөм. «Эртең күйөөгө чыксаңар «Ыргалдын тарбиясын алган да, тили эле бар экен» дешпесин. «Колунан да, тилинен да келет турбайбы» деп сөз кылсын» деп баарын үйрөтүүгө аракет жасайм.

«КОРГОО МЕНЕН ЧЕКТӨӨНҮН АСТЫНДА БОЛДУМ»
-Бала кезде агаларымдын калкалоосунда эркин чоңойгонум менен, көзөмөл катуу болчу. Ошол жылдары «Индия киносу келиптир» деп элдер укмуш агылып барышчу. Бирок мен бир да жолу барбаптырмын. Ал тургай студент кезде да таанымал ырчылар катышкан концерт болуп калса, агаларым менен гана барчумун. Жаза бастырбаган коргоонун гана ичинде эмес, чектөөнүн да үстүндө болдум. Көп нерсеге тыюу бар эле, жадакалса агаларымдын достору да «Ыргал, эмне жүрөсүң, тез үйгө жөнө» дешчү.
Жолдошумдун көзөмөлүнө өткөндөн кийин гана агаларымдын тынымсыз чалуулары токтоду. Мектепте «Анна Каренинаны» окуп кээде мен да кат алып, кат жазууну кыялданып алар элем. Бул оюмду жакында ишке ашырдым. 14-февраль күнүн сүйүүңдү билдирүүгө шылтоо катары пайдаланасың да. Анан мен отуруп алып берилүү менен күйөөмө кат жаздым. Ага сюрприз жасоого аракет кылдым.

Жогорку Кеңештин жаш депутаттары болгон Санжар жана Ыргал Кадыралиева апасы менен.

«Улуу уулум Кудурет окууга дилгирлиги жагынан мени тарткан. Кичүүбүз Нуртилекте көк беттигим, өжөрлүгүм бар».

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
kuba.kq8705
2014-02-24 12:52:59
sanjar baike oto jakwy adam bolchu birge treniorovka kylgan kundorda bolgon oshto turbazada
0
Survey
2014-02-24 13:43:11
кыздарга улгу болчу айым сыйлайм.
0
ralliya85
2014-02-24 15:00:45
Куйосу менен тушкон суроту такыр жок го,качан киргизет!!!
0
Gulmira94
2014-02-24 16:44:23
ыргал эже сизге ийгилик !!!!!!!!!
0
KadurMVD
2014-02-24 18:11:58
Ыргал абдан ажарлуусун
0
hakker
2014-02-25 15:25:42
Бактылуу бол,узак жаша.Аган жетпей кеткен ийгиликтерге сен жетиш.Чындык учун куйгон депутаттардан бол.Бийликке сатылба.
0
Taalaibek.
2014-02-25 16:19:57
Чачы узун деле эмес го.
0
4alma77
2014-02-26 08:01:06
Дайырбек Орунбеков деген хххххх журналистке эмне деп жооп берген,....ххххх ука деп.
0
lily27
2014-02-26 14:47:35
ralliya85 Ыргал айымды ГРСтин мурунку начальнигине тийди куйосунон ажырашып деп жатышпады беле, ошондутан куйосунун суротун киргизбесе керек да.
+1
lusi2013
2014-02-26 23:19:20
Жакшы уй булоодон
0
lusi2013
2014-02-26 23:20:17
атасынын созун эки кылбай узун чач менен журот азамат
0
Mederina11
2014-02-27 16:51:01
Ыргал эженин Апасы татына айым турбайбы)Бакыт каалайм!
0
bomba
2014-02-27 21:37:12
Ооо бул айымга чыдаган эркек накта эркек болуш керек
0
tilek-x
2014-02-28 18:56:34
Ийгилик каалайбыз.
0
nur28
2014-03-02 17:33:56
апасына окшош экен
0
№ 590, 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан