14-февраль – Махабат майрамын жаштар кызуу майрамдап жүргөндө «Боз салкын» тасмасында Сагындын образын жараткан актёр Тынчтык Абылкасымов «Супер-Инфо» гезитинин кабарчысы, кесиптешибиз Гүлжамал Бөрүкулова менен баш кошту.
– Тынчтык, Гүлжамал, кантип табышып калдыңар?
Гүлжамал: – Башкы редакторубуз «Боз салкында» ойногон Тынчтык Абылкасымовдон интервью алгыла» деген тапшырма берген болчу. Мен Тынчтыктын телефон номерин таап байланышсам, «чыга албайм. Ага өз себептерим бар» деп койгон. Мага өтө катуу сүйлөгөндөй туюлду. Анан бир аздан соң «чоң кыз, катуу тийсе кечирип кой, бирок, чынында, азырынча чыга албайм» деп кайра чалыптыр. Кийин социалдык тармактардан сүйлөшүп жүрдүк, мени киного чакырды. Менин максатым – аны интервьюга көндүрүү эле. Киного да ошон үчүн баргам. Биринчи жолугушканда эле «сүйлөшкөн кызым болчу» деп сунуш киргизген. Ошентип мамилебиз башталып кетти.
Тынчтык: – Мага алгач Гүлжамал жумуш боюнча чалган. Сүйүүнүн аныктамасы жоктой эле, мен да Гүлжамалды кайсы нерсеси үчүн жактырып калганымды айта албайм. Сезим бул – көзгө көрүнгүс нерсе эмеспи, мына ошол сезимдер күчтүүлүк кылды, ошону даана билем.
Үрниса Кадыралиева,
«КЕЛИНИМЕ»
Саамайым аппак, сабылып түркөй сезимге,
Жүзүңдү эңсеп, көрсөм деп жүргөн кезимде
Колума куштай, үйүмө куттай жаркылдап
кирдиң бүгүн сен,
Ардагым деймин, апакең менмин,
Асылым кызым, жаркыным кызым дедирсең.
Өзүңдү күтүп өткөрүп мезгил арбыттым,
Гүлдөрүн жыттап, ызгаарын көрдүм ар кыштын.
Ынагы болгун, чырагы болгун маңдайга
бүткөн жалгыздын,
Курдашы болгун, сырдашы болгун,
Бактыма бүткөн, таалайга бүткөн жалгыздын.
Карылык жетип, адашсам жолдон, жарык бар,
Кош канат күүлөп, түгөйүң менен арыш кер,
Көшөгөң көгөрүп, өзүңдөн көбөйүп,
ыймандуу жубай болуп кел.
Ак жолтой болуп, чөйчөгүң толуп,
Ырыстуу келин, дөөлөттүү келин болуп кел.