Абдылда Иманкулов:«ЭЛ САЛКЫН КАБЫЛ АЛСА САХНАДАН КЕТЕЙИН ДЕГЕМ»

Куудул Абдылда Иманкулов былтыркы 50 жылдык мааракесине карата уюштурган жеке концертинде «эл мени салкын кабыл алса сахнадан кетем» деп жүргөн. Элдин купулуна толгон концерттен кийин быйыл да Кыргызстанды түрө кыдырып гастролго чыгууну пландап жатканын айтат.

– Жеке концертиңизди бергени жатыптырсыз, даярдыктар кандай болуп жатат?
– Рахмат. Айрымдар «былтыр эле 50гө чыкпадың беле, быйыл дагы элүүгө чыгып жатасыңбы?» дегенсип, быйыл дагы концерт берип жатканымдын себебин сурап жатышат. Юбилейлик концертимди бергенде келгендин баары эле ыраазы болуп кеткен жок. Себеби мени куттуктап келип сөз сүйлөп, ыр ырдагандарга убакыт көп кетип калган. Ошондуктан мен элге былтыркыдан карызмын. Даярдыктар болсо өз нугунда жүрүп жатат.

– Жаз айында төрөлүпсүз. Туулган күнүңүздү кайсы чөйрөдө, кимдер менен белгилейсиз?
– Бул датага анча маани берип, конок чакырбайбыз деле. Бирок өздүк майрамым 20-март болгондуктан, Нооруз майрамы менен удаалаш болуп, үйдө эрте эле дасторкон жайылат. 3-4 жакын досум чакырсам-чакырбасам да үйгө келип куттукташат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
kuba.kg
2014-02-25 00:57:45
чындыкты айткан куудул бетке бетке айтат
0
Kyrgyz_kyzy_Aiperi94
2014-02-25 14:16:26
Куйкум создуу кайталангыс инсан Бакиев жана ынгайсыз суроолор деген эки интермедиясы аябай жакты да ии баса бул байкебиз наам алдыбы?
0
edikad
2014-02-25 14:27:38
Мамлекет бербеген наамды эл мурун эле берген сизге, "эл артист" деген наам элден сизге...
0
Mir82
2014-02-25 17:07:09
Сахнадан кетем деп суук созду айтпанчы, токол алын анан коро жашарып шутка:D
0
nurik..asem
2014-02-25 19:40:27
Ийгилик сиз менен сыймыктанабыз эмгек синирген артист наамын уйго алып келип берсе да албайм деген соозунуз бар таарынбаныз сизди эл баалайт колдойт сахнадан эч качан кетпениз сиздин алдынызда ат салышып сизден аша тушкон куудул тороло элек
+1
Aku1977
2014-02-25 20:51:47
Жылда эле 50го чыга бериниз!!!Ийгилик!!!
0
ADELINA2014
2014-02-26 18:32:04
Озу адам катары жакшы дейм,бирок сахнада бийликке эле асыла беришет акыркы кундору булардын куйормандары жок болупбараткан. Таакыр конулум калган ушулардан. Бекеринен кетем деп жатат дейсинерби концерт жакшы болбой эл барбай калган учун кетет да. Газетагада чыгыптыр булар уят создорду да колдоно башташкан экен деп.
0
www.333
2014-02-27 14:59:36
ADELINA2014, бийликти сындап туура кылышат алардын айтканындай эле бийлик, элге ошентип жеткиришпесе эле. Коруучулору жок дейсиз Оштогу концертинде 3 кун эл батпай калдыго туну саат ондогу сеансында да
0
Nuriss
2014-02-26 18:32:09
Абдылда байке куудулдардын атаманы чынында ишинизге ийгилик !
0
elmira.kg
2014-02-27 18:14:39
талантынызга таазим бар болунуз.
0
tilek-x
2014-02-28 19:37:55
Кыргыздын чыныгы таланты Абдылда аке ийгилик сизге.
0
Akylai_aktan
2014-03-02 16:09:45
Абдылда Иманкуловдун Жалал-Абадта 2 кун тен концерти аншлаг менен отуп,3-куну суранып дааагы концерт болду.Ийгилик сизге!!!
0
asmat6
2014-03-02 19:25:06
Чыныгы талант бар Абдылда байкеде баарынан да Ганси деген интермедиясы абдан жагат "РОССИЯ БИР БООР ЭНЕМ а АМЕРИКА БИР БООР АТАМ" дегеничи
0
raimzhanov81
2014-03-03 01:29:43
сизге сахнадан кеткенге азыр эрте Абдылда аке.сиз жок болсонуз сахнанын горку да болбойт.сиз бар учун сахна.сахна болуп турат.кетем дей корбонуз.
0
saru
2014-03-03 17:31:04
Абдылда агай сиз кетпениз сазнадан,сиз кетсениз сизге жашынып жургон жан жоокорлорунуз кантишет анан.Муну айтканымдын себеби,сиз бар аралаш оз баркын жоготпой келет
0
tachkomur
2014-03-05 12:59:25
Абдылда Иманкулов-Токтогулдун торгойу ишинизге ийгилик!!!бар болунуз оорубаныз сиз менен бут кыргыз эли сыймыктанат.Бишкектеги концертинде билет калбай калып баасы мин сомго чыккан элдер токмоктон бери келишкен атайын.
0
№ 590, 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан